Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- John - 073 (The raising of Lazarus)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
4. Лазардын тирилиши (Жакан 10:40 – 11:54)

в) Лазардын тирилиши (Жакан 11:34-44)


Жакан 11:34-35
34 «Аны кайсы жерге койдуңар?» - деп сурады Ыйса. «Теңир, келип Өзүң көр», - деп жооп беришти алар. 35 Ыйса көзүнө жаш алды.

Ыйса сөз менен жооп кайтарган жок. Качан адам кайгыга батып турганда ашыкча сөз сүйлөө эч пайда бербейт. Ушндай мезгилде сөзгө караганда иш маанилүү болот эмеспи. Ошондуктан Ыйса алардан мүрзөгө алып барууларын сурады. Алар: «Теңир, барып Өзүң көр», - дешти. Бул сөздөр Ыйса башында эле шакирттерин кызматка чакырганда айткан сөздөр эле. Аларды Ыйса өмүрдү көрсөтүү үчүн чакырды; алар болсо Ыйсаны өлүмдү көрсөтүү үчүн чакырышты. Ыйса алардын бир нерсени үйрөнүүгө өтө жай, кайдыгер жана ишенбестигин көрүп кайгырды. Ал тургай Анын чыныгы жолдоочулары дагы ишенимде бекем боло алышкан жок. Дене алсыз, жандын ишеними аз. Ыйык Рух аларга али бериле элек болчу. Рухий өлүм үстөмдүк кылып жаткандыктан, Кудайдын Уулу адамзаттын байкуш болуп турган акыбалына жүрөгү сыздады.

Ыйса кайгыргандар менен кайгырган, кубангандар менен кубанган чыныгы адам болгон. Ошол кезде Анын руху кайгырып жатты. Ал жолдоочуларынын жүрөктөрүндөгү өлүмдөн болгон коркунучту жана тирүү Кудайга болгон сүйүүсүнүн алсыздыгын көрүп капаланды. Бүгүнкү күндө Ыйса жыйындын жана биздин акыбалыбызды көрүп, күнөөдөн, рухий өлүмдөн бошоно албагандарды көрүп жаны кейийт.

Жакан 11:36-38
36 Ошондо жүйүттөр: «Карагылачы, Лазарды Ал кандай жакшы көрчү!» - дешти. 37 Кээ бирөөлөр болсо: «Бул сокурдун көзүн ачпады беле, анан ушуну өлүмдөн алып кала алган жокпу?» - дешти. 38 Ыйса ичинен кайгырып, мүрзөгө басып келди. Ал оозу таш менен жабылган мүрзөлүк үңкүр эле.

Жүйүттөр Ыйсанын ыйлаганын көрүшүп, Анын канчалык Лазарды сүйөрүн айтышты. Сүйүү бул логика же интеллект гана эмес, сүйүү бул башка жандардын сезимдери менен болгон гармония. Машайактын сүйүүсү биздин акылыбыз жеткенден да улуу, жана ал өлүмдү жеңип чыгат. Ал Лазардын мүрзөгө бекитилгенин көрүп, анын үстүндө өлүм жеңгенин көрдү. Бирок Ыйсанын сүйүүсү ташты жарып өтүп, маркумдун сөөгү Аны уккандай кылып койду.

Ошол жерде турган кээ бир адамдар Ыйсанын бийлигине шек келтирип жатышты. Ишенимдин, сүйүүнүн жетишсиздиги, үмүттүн жок болушу Кудайдын каарын козгойт. Ыйса бизди караңгылыктан куткарып, Анын сүйүүсүнө тартылып, ишеним менен жашап, Анын берген үмүтү менен тынчтанышыбыз үчүн, Ал бизди кыска ойлорубуздан арылтып, адамдык өлчөмгө кайра түшпөй, Анын күчүнө таянышыбызды максат кылды. Ал дүйнөнүн күнөөсүнөн арылууну каалагандарды тирилткиси келет. Эми кандай дейсиң? Ыйса сенин ишенбестигиңди көрүп капа болушун каалайсыңбы, же сендеги чыныгы сүйүүнү көрүп кубанышын каалайсыңбы?

Сыйынуу: Теңир, Сага ишенбей, сүйүүнүн жолу менен жашабай, бекерге короткон жашоом үчүн мени кечир. Ишенимимдин алсыздыгы үчүн, өзүмчүлдүгүм үчүн кечир. Үмүттүн жашоосу менен жашоом үчүн жана ар дайым Сага жол бошотуп берүү аркылуу Сени урматтоого мага жардам бер.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчү Ыйса кайгыга батып, ыйлады?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 12:55 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)