Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- Christ -- 08 (Christ's Ascension to Heaven)
This page in: -- Arabic? -- Azeri -- Baoule -- Chinese -- English -- French -- Greek -- Indonesian -- Japanese -- KYRGYZ -- Russian -- Sundanese -- Turkish -- Ukrainian -- Uzbek

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 8: БӨЛҮМ МАШАЯК - Машаяк жөнүндө кандай ойдосуң
Өмүр менен тааншуу, Машаяктын кудурети жана сүйүүсү

8. Машаяктын асманга көтөрүлүшү жөнүндө кандай ойдосуң?


Машаяк Кудайдын оң жагында отуруу үчүн асманга көтөрүлүп кеткенин билчү белең? Ал Кудайдын эң жакын шериктеши, эч ким Ага тең келбейт. Ал асмандан адам кейпин кийип түшкөндөй эле, күнөөнү, өлүмдү жана шайтанды Өзүнүн өлүмү аркылуу жеңип, кайра асманга көтөрүлүп кетти.

Кудайдын алдына Анын атынан келгендердин баары үчүн Ал ишенимдүү жана күчтүү арачы. Анын арачылыгына ишенгендердин баарынын жүрөктөрүнө Ыйык Рух толот. Алардын акыл-ойлору жаңыланып, аларга такыбаа жашоо тартууланат, бул алардын таза жүрүм-турумунан көрүнөт. Эгер сен тирүү Машаяк менен болууну, Анын кун төлөө иштерин көрүүнү кааласаң, жүрөгүңдү Анын Рухунун күчүнө кенен ач. Ошондо сен Аны ишеним менен көрөсүң, сенин жашооң Анын планына жана эркине ылайыкташып, жуурулуп кирет.

Ким Машаяктан баш тартса, бул дүйнөнүн күнөөсү үчүн Ыйсаны кун төлөөчү катары берген Кудайдын Өзүнөн баш тарткан болот. Кудай Машаяктын Өзүн көздөй көтөрүлүшү жөнүндөгү Дөөт пайгамбарга ачып берген пайгамбарчылыгын аткарды: «Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыкканга чейин, Менин оң жагыма отур» (Забур 109:1) Машайакта жарыяланган Кудайдын сүйүүсүнөн баш тарткандардын баары өздөрүн өздөрү айыпташат. Анткени, Кудайдын ырайымынан баш тарткандардын баары, билип туруп Кудайдын жалгыз куткарылуу жолун четке каккандыгы үчүн, Кудайдын каарына калууга татыктуу.

Машаяк кайра тирилгенге чейин, өлүм адамзаттын эң чоң душманы болуп келген. Ал эми Ыйса аны жеңип кайрадан адамдарга тирүү көрүндү. Ал түбөлүктүүлүктө эч качан өлбөйт. Ким Ага кошулса Анын жамандыкты жеңе турган өмүрүнүн күчүнө ортоктош болот. Машаяктын кайра тирилүүсүндөгү батаны түшүнүп, аны кабыл алдыңбы?... Дароо кабыл ал!

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on July 11, 2023, at 05:36 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)