Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- Christ -- 07 (Christ's Victory Over Death)
This page in: -- Arabic? -- Azeri -- Baoule -- Chinese -- English -- French -- Greek -- Indonesian -- Japanese -- KYRGYZ -- Russian -- Sundanese -- Turkish -- Ukrainian -- Uzbek

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 8: БӨЛҮМ МАШАЯК - Машаяк жөнүндө кандай ойдосуң
Өмүр менен тааншуу, Машаяктын кудурети жана сүйүүсү

7. МАШАЯКТЫН ӨЛҮМДҮ ЖЕҢГЕНИН ТҮШҮНӨСҮҢБҮ?


Машаяк чын эле өлүп, асканын боорунда чегилип жасалган көргө коюлган. Анын душмандары шакирттери анын сөөгүн түндө уурдап кетпесин деп, мүрзөнүн оозун чоң таш менен бекитишип, ага ошол убактагы улуу элдин мөөрүн басышкан. Көрдүн оозуна куралдуу сакчыларды да коюп коюшкан.

Бирок үчүнчү күнү, Машаяк кайра тирилип, көрдүн ичинен чыгып кеткен. Анан Анын шакирттери көрдүн ичи бош экендигин көрүшкөн. Алар Машайакты тирүү көрүшкөндө, Аны арбак деп ойлогондуктан, таң калышып, коркуп титирешкен. Бирок Машаяк аларга мээримдүү сөздөр менен кайрылып, колдору менен буттарындагы мыктардан калган тактарды көргөзгөн. Алардын маңдайына отуруп тамак жеген, аларды чынында эле тирилгендигине жана денеси кадимки эле дене экендигине ынандырыш үчүн денесине колдорун тийгиздирген.

Кудайдын бардык пайгамбарлары жана элчилери өлүшкөн. Алардын калдыктары дагы деле көрлөрүндө бузулуп чирип жатат. Ал эми Машаяк тирүү, Ал өлүмдү жеңди.

Машаяктын өлүп кайра тирилишинин маанисин түшүндүңбү? Бул улуу иш аркылуу кудуреттүү Кудай айкаш жыгачка кадалганды сүйөрүн жана Анын бул дүйнө үчүн айкаш жыгачтагы курмандыгын кабыл алгандыгын далилдеди.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:20 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)