Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- Christ -- 02 (Christ's Miraculous Birth)
This page in: -- Arabic? -- Azeri -- Baoule -- Chinese -- English -- French -- Greek -- Indonesian -- Japanese -- KYRGYZ -- Russian -- Sundanese -- Turkish -- Ukrainian -- Uzbek

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 8: БӨЛҮМ МАШАЯК - Машаяк жөнүндө кандай ойдосуң
Өмүр менен тааншуу, Машаяктын кудурети жана сүйүүсү

2. МАШАЯКТЫН КЕРЕМЕТТҮҮ ТҮРДӨ ТӨРӨЛҮШҮ ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ БИЛЕСИҢ?


Эч ким жана эч качан Машаяктай болуп төрөлбөйт, себеби ал Мариямдын уулу. Ысмайыл Ибрайымдын баласы деп аталган, Жакан Захариянын баласы, ал эми Мухаммед Абдаллахтын баласы. Ушул сыяктуу эле бардык адамдар өз аттарын аталарынан мураска алышат. Анда эмне үчүн Машаяк гана Мариямдын Уулу болуп апасынын атынан аталып калган? Анткени анын атасын башкалардын аталары менен салыштырып болбойт. Ал кыздан төрөлгөн. Анын төрөлүшү Кудайдын бийлигинен жана түбөлүк максатынан көз каранды болгон.

Анын төрөлүшүнө жети жүз жыл калганда, Ышайа пайгамбар Анын төрөлүшү кандай болоору жөнүндө пайгамбарчылык кылган: «Кыз кош бойлуу болуп, Уул төрөйт, Ага Эмануел деген ат коюшат. (Мунун мааниси: Кудай биз менен.) (Ышайа 7:14). Кудай Өзүнүн убадасын аткарат, себеби Ал ишенимдүү жана адилет, Ага мүмкүн болбогон эч нерсе жок.

Машаяк Кудайдын Сөзү экенин билчү белең? Кудайдын деми менен жазылган Жакшы Кабар жарыялаган сөздөрдү окуп чык: «Адегенде Сөз болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон… Сөз адам болуп, арабызда өмүр сүрдү» (Жакан 1:1,14) Өзүнүн Ыйык Сөздөрү аркылуу иш алып барган Кудайдын бардык жаратуучу күчү Машаякта – Сөздө бириктирилген. Эгер сен Анын төрөлүшүндөгү болгон окуяларга көнүл бөлсөң таң каласың, себеби бир да адам Мариямдын Уулундай болуп төрөлгөн эмес жана эч ким Ага тең келбейт. Анын төрөлүшүнүн өзү эле уникалдуу (өзгөчө) окуя.

Кудай Адамды топурактан жаратканы эсиңдеби? Баарыбыз Адам атанын балдарыбыз. Пайгамбарлар да ошол эле топурактан жаратылган. Төмөндөгү баарыбыз жердиктербиз. Ал эми Машаяк болсо жогорудан, себеби Ал асмандан келген. Ал таза, кынтыксыз, кардан да аппак. Бирок биз баарыбыз күнөөлүүбүз, бузулганбыз жана күнөөкөрбүз, себеби биз дүйнөлүктөрбүз, Кудайдын Рухунан төрөлгөн эмеспиз.

Ыйык Жазуудан: «Машаяк бул дүйнөгө күнөөкөрлөрдү куткаруу үчүн келди!» - деген таң калыштуу сөздөрдү окуйбуз. Машаяктын ордун эч ким ээлей албайт, себеби биз топурактан жаралганбыз, ал эми Ал болсо, түздөн-түз Кудайдан жаралган.

Ал бизден, түйшүктөнгөн элден баш тартпастан бул жийиркеничтүү дүйнөнү куткарууну жана рухий өлүктөрдү тазалоону тандады.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:16 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)