Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- Christ -- 03 (Christ's Innocence)
This page in: -- Arabic? -- Azeri -- Baoule -- Chinese -- English -- French -- Greek -- Indonesian -- Japanese -- KYRGYZ -- Russian -- Sundanese -- Turkish -- Ukrainian -- Uzbek

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 8: БӨЛҮМ МАШАЯК - Машаяк жөнүндө кандай ойдосуң
Өмүр менен тааншуу, Машаяктын кудурети жана сүйүүсү

3. Машаяктын күнөөсүз экендиги жөнүндө эмнени билесиң?


Машаяк Кудайдын Рухунан төрөлгөн. Төрөлгөндөн баштап эле Ал күнөөсүз жана таза болгон. Ал бир да жолу күнөө кетирген эмес, эч качан жаңылган да эмес. Ал бизге окшоп Кудайдан эч качан кечирим сураган эмес. Биз өз күнөөлөрүбүздү моюнубузга алышыбыз керек, антпесек биз Кудайды жана өзүбүздү алдаган болобуз. Дөөт пайгамбар көз жашын төгүп кечирим сураган, Кудайдын досу деп эсептелген Ыбрайым да ошенткен. Эгер сен Ыйык Жазуудан же Курандан Ыйсанын кечирим сураганын издесең, бир да сап, бир да аят таппайсың.

Машаяк күнөөсүз болгондуктан, тазаланууга же акталууга муктаж болгон эмес. Ал Өзүнүн душмандарына ачык эле мындай деген: «Күнөө кылдың» деп кимиңер Мени ашкерелей аласыңар?» (Жакан 8:46) Бирок эч ким Анын Өзүнөн, Анын сөздөрүнөн же кылган иштеринен күнөө таба алган жок. Ал Рим башкаруучусунун алдында акыркы жолу соттолуп жатканда, соттоочу мыйзам боюнча үч жолу: «Мен андан эч кандай айып таппай турам», – деп айтууга мажбур болгон. (Жакан 18:38 жана 19:4,6)

Ал тургай, жин оорусуна чалдыккан адамдын ичиндеги жаман рухтардын бири да Ыйса жакындап келе жатканда үрөйү учуп мындай деп кыйкырган: «Биз менен эмне ишиң бар, назареттик Ыйса! Түбүбүзгө жеткени келдиңби, ыя! Бил-е-е-м, ким экениңди, Сен Кудайдын Ыйыгысың!» (Марк 1:24) Ошентип, бүгүнкү күндө бул дүйнөдө Машаяктын таза, жеткилең жана ыйык экендиги айдан ачык. Эч ким Андай эмес – анткени Андан башкасынын баары күнөө кетиришкен.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:17 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)