Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- The Lord is my Shepherd -- 010 (Jesus revealed to us the Father)
This page in: -- Armenian -- English -- German -- Indonesian -- KYRGYZ -- Uzbek -- Yiddish

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 7: Забурлар 23 - Теңирим менин кайтаруучум
23 Забур боюнча ой жүгүртүү жана Забурдагы койчу (кайтаруучу) Ыйса жонүндө айтылат
3. Мен Жакшы Кайтаруучумун

Ыйса бизге Атасын ачып берди


Ыйса Өзү жөнүндө айтып жатканда, кайдан келгендигин жана кайда барарын айтат. Ал жалгыз эмес болчу. Асмандагы Атасы Аны жерге ыйык жана күнөөсүз адам болуп жашашы үчүн жиберген эле.

Жакшы кабарчы Жакан: «Сөз адам болуп, биз мене жашап турду. Биз Анын даңкын, Атанын жалгыз Уулунун даңкын көрдүк. Ал ырайымдуулук менен акыйкатка толо эле», - деп күбөлөндүрөт (Жкн.1,14).

Ыйса да белгилүү адамдан төрөлгөн чыныгы адам болгон. Ошондуктан Ал «Мариямдын Уулу» деп аталат. Ошол эле учурда Ал «Кудайдан Кудай, Жарыктан Жарык, чынгы Кудайдан чыныгы Кудай» болуп төрөлгөн, жаратылган эмес. Атасы менен бир бейнеде болгон. Ошондуктан Ал Кудайдын Уулу деп аталат.

Ал Кудайдан дене аркылуу Мариямдын боюна бүткөн жок. Мындай жалган нерсени ойлоп чыгаруунун кереги жок! Ыйса Кудайдын Рухунан бүткөн. Мариям Кудайдын сөзүн ишеним менен кабыл алган.

Ыйса жашоосунун биринчи мүнөтүнөн баштап күнөө кылбай жашаган. Кудай ыйык болгон сыяктуу Ал дагы ыйык болгон.

Машайактын улуулугу Анын бардыгын билгендиги жана сүйүүсү аркылуу ачылган. Ыйса Кудайдын бардык сапаттарын түшүнгөн. Ал Өзүн кабыл албаган бузулган адамдарды да Өзүнүкүндөй кабыл алат. Ал куткаруу жана күнөөдөн айыктыруу менен бирге Кудай «Ата» экендигин түшүндүрүүнү каалайт.

Ал күнөөкөрдү басынтпайт, тескерисинче, алардын Кудайга кайрылганына, аларда ишенимдүү Кудайдын сүйүүсү жашагандыгына ишенет. Ал алардын ишенимин арттырып, таанып билүүсүн тереңдетип, кудуреттүү Кудайды «Биздин Атабыз» деп айтканга кайрат берет. Бул жаңы ачылыш Аны сүйгөндөр үчүн билим эле бойдон калбастан, аларды өзгөртүп, боорукер мүнөзгө айландырып, сүйүүлөрүн иш жүзүндө көрсөткөнгө жөндөмдүү кылат. Ыйса баарын билүүчү экендигин жана шакирттерин сүйгөндүгүн төмөнкү сөздөр менен билгизет:

ЖАКАН 10,14-15
«Атам Мени, Мен Атамды билгендей эле, койлорум да Мени билет».

Ыйса шакирттерин ыйык сүйүүсү менен караган. Ал аларды ырайымсыз полициядай болуп аңдыган эмес жана катаал соттой болуп соттогон эмес. Аларда жаңы кудайлык табият жашарына толук ишендирген. Аны ээрчигендер Анын эркин билишет. Ыйса аларды Өзүнүн Сөзү менен жетектейт.

Ошону менен катар Кудай Өзүнүн Уулу менен жакшы байланышта болгон. Атасы Уулунун жооштугун жана момундугун билген, жөнөкөйлүгүнө жана кызматына толук ишенген. Ал Анын Өзүнүкүн издебегендигин, ырайымдуу экендигин, ошондой эле, Анын чындык экенин, улуулугун жана ыйыктыгын билген. Атасы Уулун дайыма сүйгөн. Уулу Атасынын сүйүүсүн тил алчаактык менен актаган. Атасы менен уулунун ортосундагы сүйүү жеткилең байланышты жана үч бирдиктин сырын көрсөтүп турат. Бул кудайлык сапаттарды шакирттери өздөрүнө алып жүрбөгөндүгүн билген. Бирок Атасы шакирттерине Өзүнүн Рухун берерин жана Ал Рух аларды Өзүнө окшоштурарын айткан. Атасы менен Уулунун ортосундагы болгон мамиле – Машайак менен биздин ортобуздагы боло турган мамиленин үлгүсү.

Ыйса Өзүнүн шакирттериндеги жана бүт адамзаттагы күнөө Ыйык Рухтун келерине тоскоол болорун билген. Ошентип, Ал дүйнөнүн күнөөсүн Өзүнө алды. Ал дүйнөнүн бүт таштандысын Өзүнө жүктөп алды.

Ыйса Өзүнүн өмүрүн койлору үчүн бергендиктен, Атасы Аны сүйөрүн айткан. Өзүнүн айкаш жыгачтагы өлүмү аркылуу Атасынын эркин аткарып, бузулган дүйнөнү өзүнүн Жаратуучусу менен элдештирди. Ошондон баштап күнөөгө байланган адам Кудайдын Козусунун каны аркылуу гана сатылып алынып, эркиндикке чыга алат. Ыйса Өзүнүн койлорун бул дүйнөдөн бөлүп, Өзүн ээрчитүү үчүн эркиндикке чыгарат.

Койлору тирүү болуу үчүн Куткаруучу курман болду. Анын айкаш жыгачтагы өлүмү бизге түбөлүк өмүрдү алып келди. Тозок бизди айыптабаш үчүн, Ыйса Өзүнүн шакирттерин адил кылды. Ыйса биздин ордубузга биздин күнөөлөрүбүз үчүн айыбыбызды алып кетти. Бизди адилетсиздиктен сатып алды. Кудай адил болгондуктан, биз Ыйса аркылуу адил болобуз. Ишеним аркылуу Кудайдын Уулунун ыйыктыгы бизге эсептелет. Ыйса Машайак түбөлүк куткарылууну алып келди жана Кудайдын жашоосун ачыктан-ачык көрсөттү.

Ыйсанын өлүшү Кудайдын эрки болчу. Адамзатты Кудай менен элдештирүү айкаш жыгач аркылуу гана ишке ашмак. Өзүн өзү адил кылып, өзүн өзү куткаргысы келген адам өзүн өзү алдайт. Ыйсадан башка эч бир адам ыйык эмес. Бир гана Ал биздин куткаруучубуз. Жакшы Кайтаруучуну тааныган, Ыйсанын өзү үчүн эмне кылганын түшүнгөн адам бактылуу. Анын сүйүүсүнүн тереңдигин түшүнүп, аны кабыл алган адам Атасына жана Уулуна чөгөлөп сыйынып, өмүрүн тапшырат.

Эмне деп сыйынууну билбей жаткан адам биз менен чогу төмөнкүдөй сыйынса болот:

СЫЙЫНУУ: «Ыйса Кудай, мен өзүмдүн күнөөлөрүмдүн айынан өлүмгө жана түбөлүк каргышка татыктуумун. Бирок Сенин Уулуң Ыйса Машайак бизге келип, Сен мени да сүйгөн Атам экендигиңди айтты. Сенин ачуу чөйчөгүңдөн ичпешим үчүн, менин ордума Өзүңдүн Уулуңду курман кылдың. Менин Куткаруучум менин күнөөлөрүмдү алды. Ал менин айыбымды көтөрүп, мен өлүш керек болгон өлүм менен өлдү. Ыйсанын айкаш жыгачтагы өлүмү аркылуу мен үчүн жана бардык адамдар үчүн куткаруу ишин аткардың, мага куткарылууну белек кылып бердиң. Мени күнөөдөн айыктырууңду суранам. Сен Өзүңө келген ар бир адамды айыктырууну каалайсың. Куткарылууну кабыл алганга, бекем карманганга жана эч качан колумдан чыгарбаганга жардам бер. Ыйса Теңир, мен Сени урматтайм жана сүйөм, Сен аркылуу Атаңды да сүйөм, анткени Сен мени күнөөлөрүмө карабай сүйөсүң.

Сен мени шайтандын бийлигинен бошотуп, Өзүңдүн коопсуздугуңа алып келдиң. Сенин курмандыгыңа ыраазычылык келтирип, Сенин артыңдан дайыма ээрчигенге жардам бер. Сенин ырайымыңа татыктуу болуу үчүн, менин бузулган жашоомду колуңа алып, кайра-кайра тазала. Оомийин».

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:41 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)