Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- The Lord is my Shepherd -- 011 (Jesus established His victory in the resurrection from the dead)
This page in: -- Armenian -- English -- German -- Indonesian -- KYRGYZ -- Uzbek -- Yiddish

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 7: Забурлар 23 - Теңирим менин кайтаруучум
23 Забур боюнча ой жүгүртүү жана Забурдагы койчу (кайтаруучу) Ыйса жонүндө айтылат
3. Мен Жакшы Кайтаруучумун

Ыйса тирилүүсү менен өлүмдү жеңди


Башкы карышкыр менен болгон күрөштө курман болгон жакшы Кайтаруучу адам гана болбостон, Кайтаруучу да болгон; Ал Кудай Уулу да, Адам Уулу да болгон. Ошондуктан Ал түбөлүккө жашайт. Өзү күнөөсүз болсо дагы, Ал биздин ордубузга азап чеккен. Ага өлүм бийлик кыла алган жок.

ЖАКАН 10,17-18
Ошондуктан Ал буга чейин: «Мен Өз жанымды беремин, ошон үчүн Атам Мени жакшы көрөт. Мен Өз жанымды кайра алуу үчүн беремин. Менден аны эч ким тартып албайт, Мен аны Өзүм берем. Аны берүүгө жана кайра алууга бийлигим бар. Бул осуятты Мен Атамдан алгам»,
- деп айтып кеткендей, өлүп, кайра тирилди.

Ыйсанын тирилүүсү бизге түбөлүк өмүрдүн аракет жолун көрсөтөт. Ыйса канчалык кыйынчылыктарды унчукпай басып өттү. Эч ким Анын тирилүүсүнө тоскоол болуп, Аны жок кыла алган жок. Ал адегенде эле Өзүнүн көңүлү чөккөн шакирттерине барып, туш-тарапка чачылып кеткен койлорун чогултту. Ал тирилгенден кийин дагы, Өзү үчүн жашаган жок. Ал эмне болгонун түшүнбөй калган шакирттеринин көңүлүн көтөрүп, Өзүнүн азап тартуусун жана өлүмүнүн зарылдыгын түшүнгөнгө жардам берди. Чечүүчү убакытка даярдоо үчүн, койлорун күчтүү тамак менен азыктандырды. Жаңы кылымдын темасын түшүнүүлөрү үчүн, аларга түбөлүк өмүрдү ачып берди. Ыйсанын шайтанды жана өлүмдү жеңүүсү чоң нерсе болду, бирок Анын Атасына көтөрүлүп кетүүсү андан да улуу даңктын башталышы болду. Асманга көтөрүлүп бара жатканда, Өзүнүн койлорун жетим калтырбастыгын, аларга Ыйык Рухту жиберерин айтып: «Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом», - деп убада берди.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:41 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)