Waters of LifeBiblical Studies in Multiple Languages |
|
Home Bible Treasures Afrikaans |
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba
Previous Lesson -- Next Lesson ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
3. Ыйса жакшы Кайтаруучу (Жакан 10:1–39)
г) Биздин коопсуздугубуз Ата менен Уулга бириккенде болот (Жакан 10:22-30)Жакан 10:22-26 Ийбадаткананы ыйыктоо майрамы өзгөчө кубанычтуу майрам болчу. Бул майрам биздин заманга чейинки 515-жылы Вавилондон кайтып келгенден кийин, Ийбадаткананы оңдогондон тартып майрамдап келишкен. 165-жылы Ийбадаткананы Маккабес кайрадан куруп чыккан. Бул майрам Декабрь айынын башында өткөрүлчү. Иерусалим деңиз деңгээлинен 750 метр жогору жайгашкандыктан, бул жаан-чачындуу, суук мезгил эле . Майрам учурунда куугунтукта жүргөн Ыйса Ийбадатканага келип, Сулаймандын Үйү деп аталган жерде, майрамга чогулган элге Кудайдын Сөзүн айта баштады. Сулаймандын Үйү деп аталган чыгыш жактагы кире бериши тууралуу Элчилердин Иштеринин 3:11 жана 5:12-аяттарында айтыла кеткен. Ошол мезгилде Жүйүттөр Ыйсага кол салууга даяр турушкан. Алар Ыйсадан Машайак же Машайак эмес экендигин бүтүндөй эл алдында ачык айтуусун талап кылышты. Ыйсанын Өзү тууралуу күбөлөндүрүүсү элдер өзүлөрүнүн Машайагынан күткөн нерселерине салыштырмалуу жогору жана ар тараптуу болду. Алардын Машайактан каалап күтүп жаткан нерселери аларды чалынууга алып келди. Ошентсе дагы, Ыйсанын инсандыгын, бийлигин жана кереметтерин көргөн кээ бирлери Анын чыныгы Машайак экенине ишеништи. Ошентип жүйүттөр Ыйсаны Машайакчылардын элдик көтөрүлүшүн козгогусу келген бирөө катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышты. Жүйүттөр Ыйсандан падышалыкты расмий түрдө алууну талап кылып, Өз элин согушка аттанууга чакырат деп күтүп жатышкан. Өзүлөрүнүн үстүндөгү императордук бийликти жок кылуу үчүн, эл Аны жолдоп, согушка барууга даяр болчу. Бирок Ыйсанын максаты башкача болгон: бул - момундук, сүйүү, жана жүрөктүн өзгөрүшү эле. Ал самариялык аялга Ким экенин айтты, бирок жүйүттөргө Өзүнүн Машайак экенин айткан жок. Жүйүттөр Ыйсаны саясатчыл жана катаал болушун каалашты; Ыйса болсо боорукер, адамдардын рухун ойготуучу болчу. Адамдар көп учурда бийликти, эркиндикти жана урмат-сыйды эңсешет. Ыйса болсо өздөн баш тартууга, чыдамдуулукка жана жаңы жашоого чакырган. Ал Өзүнүн улуулугун көрсөтсө дагы, жүйүттөр муну түшүнбөй, Ыйсадан башка нерсени талап кылышты. Алардын ойлору туура келбей, жүрөктөрүндө ишеним өнгөн жок. Эл Ыйсанын Рухуна жүрөктөрүн ачышкан жок. Ыйса кереметтерди Өзүн даңкка татыктуу кыла турган Атасынын Ысымы үчүн кылды. Ата менен Уулдун табиятынын негизи бул алардын ортосундагы ажырагыс тыгыз байланыш экенин жүйүттөр уккулары келген жок. Алар бүгүнкү күнгө чейин зордук-зомбулукту, акчаны жана бийликти талап кылып келишет. Жакан 10:27-28 Ыйса Кудайдын момун Козусу; Ал жолдоочуларын койлору жана козулары деп атайт. Анын үйүрүнүн мүнөзү Ыйсанын мүнөзүнө окшош. Алардын биринчи мүнөзү - угуу. Ыйсанын үнү алардын жүрөктөрүнүн тереңине чейин жетип, жаңы адам кылуу үчүн, Ыйык Рух алардын акылдарын, жүрөктөрүн ачты. Кунт коюп угуу - Ага шакирт болуунун башаты. Ыйса Өз сөзүн кунт коюуп угуп жаткан адамды билет; Ал ошол адамды сүйөт, анын сырларын жана келечекте бул адам кандай кулк-мүнөзгө ээ боло турганын да билет. Чыныгы Машайакчы максатсыз, кайдыгер жашоо менен жашабайт. Алар таанымал жана ысымдары асмандагы өмүр китебине жазылган. Алардын ар бири өз алдынча керемет жана Кудайдын жаңы адамдары. Ыйса Жакшы Кайтаруучу; койлору Анын үнүн таанышат, Аны чоң кубаныч менен ээрчишет. Алар башка нерселерди Койчусунун эркинен жогору коюшпайт, жүрөктөрүндө ыплас нерселерге орун жок; алар момун мүнөздүү. Ыйса алардын жүрөктөрүн өзгөрткөндүгү үчүн, алардын мүнөздөрү Ыйсаныкына окшош. Өлүмдү жана күнөөнү жеңүү үчүн Ыйса аларга сүйүү менен бийлик берген. Алар өлүшпөйт, түбөлүккө жашашат, себеби алар белек катры берилген Ыйсанын өмүрүн кабыл алышкан. Алар соттон, түбөлүк өлүмдөн кутулушкан; алар Машайактын каны менен акталышкандар. Ыйсанын каны менен сатылып алынган бир дагы адам өлүмгө туш болбойт. Адамзатты куткаруу үчүн Ыйса Асмандагы тактысын таштап, жерге келип адамдарга өмүр берүү үчүн, Өз өмүрүн берди. Адамзатты сатып алуунун баасы канчалык кымбат болгонуна карабай, аларды Өз өмүрү менен сатып алды. Сен өз Теңириңдин колунда өзүңдүн коопсуз экениңди билесиңби? Машайактын күчүн, кудуретин тандадың беле? Сен кааласаң, күнөөкөр дүйнөдө келгин катары жашасаң болот, же Машайак аркылуу Кудайдын баласы катары, Ыйык Рухка толуп жашасаң да болот. Теңирибиздин калканы биздин иштерибизге караганда бекем. Анын күчүнүн зордугуна биздин түшүнүгүбүз да, билимибиз да жетпейт. Биз Жеңиштин Кудайынын жанындабыз. Жакан 10:29-30 Кээ бир ишенгендер Ыйса бизди өлүмдөн, Шайтандан жана Кудайдын каарынан куткарат деген чындыкка күнөм санап жашашат. Бул биздин түшүнүгүбүздөн алда канча бийик. Ошондуктан Ыйса шакирттерин Атасына жана Анын кудуреттүүлүгүнө багыттаган. Ыйсаны ээрчиген ар бир адамды Кудай Өзү тандаган. Кудайдын эркисиз жана Анын тандоосусуз эч ким Ыйсаны ээрчий албайт. Ыйсаны жолдогондор үчүн Кудай Ата Өзү жоопкерчиликтүү. Ата баарынан улуу жана кудуреттүү. Ыйса өзүнө жаккан ишти кылган жок, Ал Атасына баш ийди. Ушундай Өзүнөн баш тартуунун эң жогорку деңгээли жана толук кудайлык касиет Ыйсада бар болчу. Кээ бирлер Ыйсаны Атасынан төмөн коюшат. Бирок Жазууда Ыйык Рух бизге кимде ким өзүн көтөрсө, басынтылат, ал эми ким өзүн өзү басынтса, ал жогору көтөрүлөт деп айтылган эмеспи. Ошондуктан Ыйса бардык даңкты Атасына арнагандыктан, «Мен жана Атам бирбиз», - деп айтканга укугу бар. Бул тике айтылган сөз биз Кудайга эле ишенебиз деген адамдардын ойлоруна чоң сокку болду. Мындай адамдар биз үч кудайларга ишенбейбиз, биз бир эле Кудайга ишенебиз дешкен. Машайак менен Атасынын ортосундагы ушундай жеткилеңдүү биримдикке каршы чыккандар текебер жана алар улуулукка момундук менен жетүүгө мүмкүн экендигин түшүнүшпөйт. Сыйынуу: Теңир Ыйса, Сен Жакшы Кайтаруучусуң. Койлоруң үчүн Өз өмүрүңдү кыйдың. Биз өлбөшүбүз үчүн Сен бизге түбөлүк өмүрдү белек кылып бердиң. Биз Сага ыраазыбыз; Сен бизди өлүмдөн, Шайтандан, күнөөдөн жана Кудайдын каарынан сакта. Бизди эч ким Сенин колуңдан тартып албасын. Сендеги Атаны билишибиз үчүн, өзүбүздөн баш тартууга жана алсыздыктарыбызда Сенин күчүң көрүнүшү үчүн, бизди Өзүңдөй момун болууга үйрөт. СУРООЛОР:
|