Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 069 (The Son of God in the Father and the Father in him)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
3. Ыйса жакшы Кайтаруучу (Жакан 10:1–39)

д) Кудай Уулу Атанын ичинде жана Ата Уулдун ичинде (Жакан 10:31-36)


Жакан 10:31-36
31 Ошондо Аны таш бараңга алуу үчүн, жүйүттөр бул жолу да жерден таш алышты. 32 Ыйса аларга: «Мен силердин көз алдыңарда Атамдын атынан жакшы иштерди кылдым. Алардын кайсынысы үчүн Мени таш бараңга алгыңар келип жатат?» - деди. 33 Жүйүттөр Ага: «Жакшы иштериң үчүн эмес, Кудайга акарат келтиргендигиң үчүн, адам болуп туруп, Өзүңдү Кудай кылып жаткандыгын үчүн таш бараңга алганы жатабыз», - деп жооп беришти. 34 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Мыйзамыңарда: Мен силерге: «Силер Кудайларсыңар», - дедим», - деп жазылган эмеспи? 35 Кудайдын Сөзү кимдерге берилсе, ошолорду Ал кудайлар деп атап жатса (Ыйык Жазуу Өз күчүн жоготпойт), 36 Атам тарабынан дайындалып, бул дүйнөгө жиберилген Мен: «Кудайдын Уулумун», - дегеним үчүн, «Кудайга акарат келтирип жатасың», - дейсиңерби?

Ыйсанын: «Мен жана Атам бирбиз» - деген сөзүнө жүйүттөр абдан кыжырданышты. Ыйсанын Өзү тууралуу күбөлөндүрүүсүн Кудайды мазактоо катары кабыл алышып, Ыйсаны мыйзамдын талабы боюнча таш бараңга алууну каалашты. Эгерде мындайларды таш бараңга алышпаса, анда Эгемдин каары бүтүндөй элдин үстүнө түшмөк. Алар сот короого чуркап барышып, ал жактан таш алып келишти.

Ыйса болсо токтоолук менен: «Мен силерге эмне жамандык кылдым? Силерге кызмат кылдым, ооруларды айыктырдым, жиндерди кубаладым жана сокур адамдын көзүн ачтым. Пес оорулууну айыктырдым, жакырларга Жакшы Кабар тараттым. Ушул кылган иштеримдин кайсынысы үчүн силер Мени өлтүргүңөр бар? Өзүңөргө жакшылык тилеген адамды өлтүрөсүңөрбү? Мен кызматым үчүн урмат-сый, акча сурабайм. Мен момундук менен Атамдын иштерин көрсөттүм. Мен силерге кызмат кылуу үчүн келдим», - деп жооп кайтарды.

Ошондо жүйүттөр: «Биз Сени кылган иштериң үчүн эмес, бирок Кудайды мазактап, Ага акарат келтиргениң үчүн таш бараңга алгыбыз келет. Сен биздей эле жөнөкөй адам болуп туруп, Өзүңдү Кудайдай жогору көтөрдүң. Кантип Өзүңдү Ыйык Кудайга теңеп жатасың? Сенде жин бар. Сени азыр жок кылыш керек», - деп кыйкырышты.

Ыйса кайраттулук менен аларга: «Кудайдын Мыйзамында: «Силер кудайларсыңар. Бардыгыңар бардыгынан жогору турган Кудайдын уулдарысыңар» (Забур 81:6), - деп тандалган элине айтылганын окуган жок белеңер? Күнөөдөн күнөөгө батып, өзүңөрдү талкалап жатасыңар. Баарыңар тең күнөөгө батып, жамандыктын сазында жашап жатасыңар. Ошентсе дагы, Кудай Өзүнүн аты үчүн аларды «кудайлар жана уулдар» деп атаган. Ал силерди жок кылгысы келбейт. Тескерисинче түбөлүктүү жашоо менен жашашыңарды каалайт. Кудайга кайрылгыла жана Андай ыйык болгула», - деп чакырды.

«Эмнеге Мени таш бараңга алгыңар келип жатат? Кудай силерди Өзү «кудайлар жана балдарым» деп чакырат. Мен силерге окшоп күнөө кылган жокмун. Мен сөзүм менен дагы, ишим менен дагы ыйыкмын; Кудайын чыныгы Уулу катары түбөлүк жашаганга Менин укугум бар. Мыйзамыңарда эмне деп жазылган, ошону окугула, ошондо Мен тууралуу билесиңер. Бирок, чынын айтсам, силер Ыйык Жазууга да ишенбейсиңер, Менин кудайлык табиятыма да ишенбейсиңер».

«Мен Өз атымдан келген жокмун. Мени Ыйык Атам жиберди. Мен Анын Уулумун. Анын ыйыктыгы Менде да жашайт. Демек Мен Кудайдан келген Кудаймын, жарыктан чыккан жарыкмын, Атам менен Менин табиятым бир».

Ыйса жүйүттөрдү алардын Ыйык Жазуусунун негизинде жеңип чыкты жана алардын талашы эмнеде экендигин көрсөттү. Али да болсо, жүйүттөрдүн көздөрү жек көрүүгө толуп турду. Бирок качан Ыйса алардын Китебинин негизинде, Байыркы Келишимде Өзүнүн Кудайдын Уулу экендиги тууралуу айтылганын ырастаганда, алар балким бул чын болуп жүрбөсүн деген ойдо таш менен урууга даяр турган колдорун ылдый түшүрүштү.

Жакан 10:37-39
37 Эгерде Мен Атамдын иштерин кылбай жатсам, анда Мага ишенбей эле койгула. 38 Эгерде кылып жатсам, Мага ишенбесеңер да, кылып жаткан иштериме ишенгиле. Ошондо Атанын Менин ичимде, Мен Атанын ичинде экенимди билип, ишенип каласыңар. 39 Ошондо алар Ыйсаны кайрадан кармап алмакчы болушту, бирок Ал карматкан жок.

«Мунун мааниси, Мен Кудайдын ырайым иштерин кылып жатканыма ишенүүңөр керек. Эгерде Мен Атамдын сүйүүсүн көрсөтпөсөм, анда улуулукка ээ болмок эмесмин. Анын сүйүүсү Менде болгондуктан, Менде Анын иштерин аткарганга бийлик бар жана чындап келгенде, мунун баары Атамдын иштери».

«Силердин адамдык акылыңар адамдын денесиндеги кудайлык касиетти түшүнө албай жаткандыр. Ошентсе дагы, Менин кылып жаткан иштеримди таразалап көргүлө; ким сөзү менен өлгөндөрдү тирилтип, сокурлардын көзүн ача алат? Ким бороон-чапкынды токтотуп, ачка болгон беш миң адамды беш нан, эки балык менен тойгуза алат? Кудайдын Өзү Менин ичимде экенин билүү үчүн, Ыйык Рух көздөрүңөрдүн ачышын каалайсыңарбы? Анын үнүн уккуңар келеби? Качан силер Ыйык Рухка толгонуңарда гана, кудайлык касиеттин толуктугу Менин денемде экендигин түшүнүп, Мен тууралуу билимдин маңызына толуп жашайсыңар».

Ушул жерде, элдин алдында, Ыйса Өзүн жүзүм сабагынан чыккан бутак тамырдан тамак алган сыяктуу эле, Ал Атасынын ичинде жашарын, жана Ал Атасынан өсүп чыгып, Анын ичинде жашагандыгы тууралуу улуу чындыкты жарыялады. Экөө бирдей ажырагыс, жеткилеңдүү гармонияда жана биримдикте жашайт. Ушундан улам, биз, Атасын бизге ачып көрсөтүү үчүн, жана Ага урмат-сый көрсөтүү үчүн, Уулу Атасынын ичинде катылган деп айтсак болот. Ушундан улам баарыбызга белгилүү болгон сыйынууну, б.а. «Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун», - деп Аны даңктар элек.

Ыйсанын кудайлык табиятын сыйынуу жана кастарлоо менен терең изилдегиси келген адам үчүн, Ыйсанын бул күбөлөндүрүүсү Ыйык Үч Бирдиктин жеткилең биримдиги тууралуу үстүртөн айтылган түшүнүктөргө каршы күчтүү аныктама. Бул бири-биринен бөлүнгөн үч башка кудай эмес. Бирок бул Ыйык Үч Бирдиктин жеткилең биримдиги, ошондуктан биз Бир Кудайды улуу кубаныч менен күбөлөндүрөбүз.

Качан жүйүттөр Ыйсанын Атасы менен болгон биримдиги тууралуу айтканын кайрадан угушканда, алар Ыйсаны таш бараңга алуудан коркушту. Бирок алар Ыйсанын көз карашын билүү үчүн Аны кармап, Жогорку Кеңешмеге алып барууну каалашты. Бирок Ыйса алардын арасынан кетип калды. Бир дагы бирөө Кудайдын балдарына жамандык кыла албайт, себеби Кудай Өзү аларды коргойт. Ыйса: «Силерди Атамдын колунан эч ким тартып ала албайт», - деп айткан.

Сыйынуу: Ата жана Кудайдын Козусу, биз Сенин сүйүүңдөн биримдиктин жеткилеңдүүлүгүн көрөбүз. Сенин Адамдык денедеги кудайлык касиетиңди биздин акылыбыз түшүнө албайт. Сүйүүңдү жана куткаруу ишиңди түшүнүшүбүз үчүн Ыйык Рух биздин акылыбызды ачты. Сен бизди Өз балдарың кылып алдың. Ойлорубузда, сөздөрүбүздө жана иштерибизде Сени ыйык тутканга жардам бер. Өзүң ыйык болгондой, бизди да ыйыкта.

СУРООЛОР:

  1. Ыйса Өзүнүн Кудай экендигин кантип жарыялады?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 12:50 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)