Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 062 (Healing on the Sabbath)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
2. Тубаса сокур адамдын айыгуусу (Жакан 9:1-41)

а) Ишемби күнү айыктыруу (Жакан 9:1-12)


Жакан 9:1-5
Ыйса кетип бара жатып, тубаса сокур адамды көрдү. Шакирттери Андан: «Устат, бул кишинин сокур болуп төрөлүшүнө кимдин күнөөсү себеп болду: өзүнүкүбү же ата-энесиникиби?» - деп сурашты. Ыйса мындай деп жооп берди: «Өзүнүкү да, ата-энесиники да себеп болгон жок. Анын жашоосунда Кудайдын кудурети көрсөтүлүшү үчүн ушундай болду. Күндүз Мени Жибергендин иштерин кылышым керек. Түн келет, ошондо эч ким эч нерсе кыла албай калат. Мен бул дүйнөдө болуп турганда, дүйнөнүн жарыгымын».

Ыйса жүйүттөрдөн кетип бара жатканда, көчөдөн кайгырып отурган бир адамды көрдү. Анын сүйүүсү кечирим алып келет. Анын сүйүүсү - чынгы бата. Ыйсанын шакирттери да бул сокур адамды көрүштү, бирок ал үчүн анча кабатырланышкан жок. Тескерисинче алар бул адамдын сокур болуп калганына ким күнөөлүү болгондугу тууралуу ойлонуп жатышты. Мурда адамдардын көбү ооруну күнөөнүн, же дагы бир нерсенин айынан болгон Кудайдын жазасы деп түшүнүшчү. Ыйса оорунун себебин атаган жок; анын оорусуна ата-энеси да, ал адам өзү дагы себепкер эмес экендигин, анын оорусу Кудайдын кудуретин көрсөтүүгө даярдалганын айтты. Ыйса шакирттерине бул оорунун себебин аныктоого жол бербеди. Анын ордуна Ал башкалардын ойлонуусуна түрткү берип, Кудайдын максаты болгон куткарылууну жана айыгууну көрсөттү.

Ыйса: «Мен буга карата бир нерсе кылышым керек», - деди. Ыйсанын сокур адамга карата сүйүүсү артты. Ал айыптап, ал адамдын шагын сындырууну эч каалабады. Тескерисинче, Ал боору ооруп, сокур адамды айыктырууну эңседи. Бул аркылуу Ыйса өзүнүн башкалар үчүн кун төлөөгө даяр турган сүйүүсүн, ишенимин жана максатын көрсөттү. Ал адамдарды ыйык жашоого үйрөтө турган дүйнөнүн Куткаруучусу эле.

Ыйса: «Мен ишти Өзүмдүн атымдан же Өзүмдүн күчүмдөн кылбайм; Мен Атамдын атынан Анын эрки менен Атамдын ишин аткарганы келгем », - деген. Анын кылып жаткан иши Кудайдыкы экенин айтты.

Ыйса убакыт чукулдап, өлүм жакындап калганын билген. Ошого карабастан, Ал убактысын сокур адамды айыктыруу үчүн берди. Ыйса сокур адамды өмүрдүн жарыгы менен жарыктандыргысы келген дүйнөнүн жарыгы. Ошол мезгилде Ыйса дагы, башка ыйыктар дагы эч нерсе кыла албаган каттаал мезгил жакындап калган. Качан жарык болуп турганда, Жакшы Кабар таратууга мүмкүнчүлүк болуп турганда Ыйсаны күбөлөндүрөлү. Караңгылык басып жатканда, бул дүйнөдө Ыйсадан башка үмүт жок.

Жакан 9:6-7
6 Ушул сөздү айткандан кийин Ал жерге түкүрүп, топурактан ылай жасады да, аны сокур адамдын көзүнө сүйкөп, мындай деди: 7 «Силоом (бул сөз «Жиберилген» деп которулат) көлмөсүнө барып жуун!» Ал барып жуунганда, көзү ачылды».

Мурда Ыйса кереметтерин сөз айтуу менен гана кылчу, бирок бул жолкусун Ал жерге түкүрүп, топурактан ылай жасап, аны сокур адамдын көздөрүнө сүйкөдү. Муну менен, Ыйса Өз денесинин бөлүгү ага берилгендигин сокур адамга сездиргиси келди. Ыйса сокур адамдын кайгысын терең түшүнгөндүктөн, анын айыгуусу өзгөчө жакшы жол менен келди. Негедир сокур адамдын көздөрү ошол замат ачылган жок. Ал бир өрөөндүн аягына чейин барып, «Жиберилген» деген мааниге ээ болгон Силоом көлмөсүнө жуунушу керек болчу. Мына ушул сыяктуу эле адам төрөлгөндөн тартып эле күнөөнүн айынан рухий көздөрү сокур болгондуктан, Ыйса тартуулаган айыгууга жана куткарылууга муктаж.

Сокур адам Ыйсанын ага болгон сүйүүсүн жана убадасын кабыл алды. Ал Ыйсанын айтканын ошол замат аткарды. Ал жолдо бара жатканда, Ыйсанын ага берген буйругун түшүнө албаса дагы, кете берди. Көлмөгө барып бетин жууган соң, көздөрү көрө баштады. Ал ошол замат жарыкты, элдерди, сууну, өзүнүн колдорун жана көк асманды көрө баштады. Ал мунун баарын ажайып менен көрө баштады. Кубанычы койнуна батпай, ал жалынып-жалбарып Кудайды даңктап жатты.

Жакан 9:8-12
8 Коңшулары жана анын мурун сокур экенин көргөндөр: «Бул киши ушу жерде кайыр сурап отурган киши эмеспи?» - деп жатышты. 9 Бирөөлөрү: «Ошол» дешсе, бирөөлөрү: «Жок. Бул ошого окшош экен», - дешти. Өзү болсо: «Ошол менмин», - деди. 10 Ошондо алар андан: «Көздөрүң кантип ачылды?» - деп сурашты. 11 Ал мындай деп жооп берди: «Ыйса деген киши ылай жасап, көзүмө сүйкөп: «Силоом көлмөсүнө барып жуун!» - деди. Мен барып жуундум, ошондо көздөрүм ачылды». 12 Алар андан: «Ал кайда?» - деп сурашты. «Билбейм», - деп жооп берди ал.

Бул керемет жашыруун бойдон калган жок, себеби анын айыкканын башкалар да көрүшүп, абдан таң калышты. Кээ бирлери бул ошол калчылдап түз баса албаган, башкалардын жардамы менен баскан сокур адам экендигине ишенишкен жок. Ал адам болсо ошол сокур адам өзү экендигин айтып жатты.

Элдер анын кантип айыккандыгын майда-чүйдөсүнө чейин сурашып, айыктыруучунун өзү жөнүндө эмес, бирок кантип айыккандыгы жөнүндө сурашты. Көзү көрө баштаган адам аны айыктырган Ыйса экендигин айтты. Ал Ыйса жөнүндө көп билчү эмес. Ал Ыйсанын Кудай экенин билбегендиктен, Аны колу менен көзүнө баткак сүйкөгөн «киши» катары гана кабыл алды. Анан ал киши ага көзүн жууганга буйрук берип, ал ошону аткаргандыгын айтты.

Ошондо, Кеңешменин сөз ташыган адамдары андан: «Ыйса кайда?» - деп сурашты. Жаш жигит аларга: «Мен билбейм; мен мурда сокур болчумун, азыр болсо көрө баштадым. Ал менден акча сураган жок, менден ыраазычылык сөз да күткөн жок. Мен көлмөгө барып жуунар замат көрө баштадым. Мен анын ким экенин жана кайда экенин билбейм», - деди.

Сыйынуу: Теңир, биз Сага ыраазыбыз; Сен сокур адамдан кыя өтүп кеткен жоксуң, аны жокко чыгарып салган жоксуң. Сен анын көздөрүн ачуу аркылуу, күнөөдө төрөлгөндөргө ажайыбыңды көрсөттүң. Сенин жарыгыңды көрүп, Сенин ысымыңдын алдында күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып, тобо кылышыбыз үчүн, ыйык Рухуң менен биздин көздөрүбүздү тазарта аарчы.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн Ыйса сокур болуп төрөлгөн адамды айыктырды?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 12:43 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)