Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 063 (The Jews interrogate the healed man)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
2. Тубаса сокур адамдын айыгуусу (Жакан 9:1-41)

б) Жүйүттөрдүн айыккан адамды суракка алышы (Жакан 9:13–34)


Жакан 9:13-15
13 Ошондо алар мурун сокур болгон бул кишини фарисейлердин алдына алып барышты. 14 Ыйса ылай жасап, анын көзүн ачкан күн ишемби күн болчу.15 Фарисейлер да ал кишиден көзүнүн кантип көрүп калганын сурашты. «Ал көзүмө ылай сүйкөдү, анан мен жуундум, азыр көзүм көрүп жатат», - деп жооп берди ал.

Жүйүттөрдүн жашоосу мыйзамдын түрмөсүндө болчу; Алар адамдын айыгуусуна сүйүнгөндүн ордуна, ишемби күндүн сактабагандыгы тууралуу кыжырданышты. Айыгуу Кудайдан болгонун же шайтандын күчү менен болгонун билүү үчүн, эл айыккан кишини фарисейлерге алып келди. Ошентип сурак башталды; алар Ыйсаны дагы талкуулашты. Жаш жигит кантип айыккандыгын айтып берди. Ыйсанын душмандары анын айыккандагы кубанычын бузуп жаткандарга кыскача гана жооп берип койду.

Жакан 9:16-17
16 Ошондо фарисейлердин кээ бирөөлөрү: «Ал адам Кудайдан эмес. Анткени ишемби күнүн сактабайт экен», - дешсе, кээ бирөөлөрү: «Күнөөкөр адам ушундай кереметтерди жасай алмак беле?» -дешти. Ошентип алардын арасында талаш чыгып кетти. 17 Анан алар сокур адамдан: «Ал сенин көзүңдү ачпадыбы, Ал тууралуу сен эмне дейсиң?» - деп сурашты. Ошондо ал: «Ал - Пайгамдар», - деп жооп берди.

Жигиттин күбөлөндүрүүсүн угушкан соң, мыйзамчыл жүйүттөрдүн ортосунда талаш чыкты. Кээ бирлери Ыйсаны ишемби күндү сактабаса, анда Ал Кудайдан эмес дешти. Ошентип алар Ыйсаны мыйзамдын негизинде күнөөкөр деп табышты.

Башкалар болсо сокур адамдын айыккандыгын, кечирилгендигин көрүштү. Алар бул айыгуунун мааниси терең, анткени бул айыгуу Кудайдын кечириминен келгендигин айтышты. Ошондуктан алар Ыйсанын күнөөкөр болушу мүмкүн эмес экенине ишеништи, себеби Ал күнөөнү кечирди жана кайгынын тамырын кести.

Ошентип эки тарап кепке келише албады. Эки тарап тең, бүгүнкү күндөрдөгү Ыйсаны үстүртөн карап, маңызсыз нерсе катары талкуулаган адамдардай сокур эле. Анан алар Ыйса ага дагы бир нерсе айттыбы, же Ал жөнүндө өзү эмне деп ойлоорун билүү максатта жигитке кайрадан суроо беришти. Мындай суроону Ыйса тууралуу билген адамга, жогорудан төрөлгөн адамга берсе жакшы болмок. Анткени алар Кудайдын каарынан кантип кутулуп, эркин болуп калгандыгын билишет. Эгерде биз рухий жактан кайра төрөлбөсөк, анда биз Кудайды көрө албайбыз.

Ошондо айыккан адам: «Ыйса чынында эле ким болду экен?» - деп ойлоно баштады. Ал Ыйсаны өз элинин тарыхындагы Кудайдын адамдарына салыштыра баштады. Тарыхтын ошол мезгилинде көптөгөн ажайыптар болгон, бирок сокур адамдын көрүп калышы эч убакта болгон эмес. Ыйсанын керемети аркылуу ойлонгонду билген ар бир адам Анын өзгөчө Куткаруучу экендигине ынанмак. Ошентип жигит Ыйсаны келечекти көрө алган жана Кудайдын күчү менен азыркы учурду да чече алган Пайгамбар деди.

Жакан 9:18-23
18 Бирок жүйүттөр көзү ачылган кишинин мурда сокур экенине, азыр көрүп калгандыгына ата-энесин чакыртып келмейинче ишенишкен жок. 19 Алардан: «Сокур болуп төрөлгөн балаңар ушулбу? Азыр ал кандайча көрүп калды?» - деп сурашты. 20 Ата-энеси аларга: «Бул биздин балабыз, анын сокур болуп төрөлгөнү чын. 21 Бирок азыр анын көзү кандайча көрүп калгандыгын билбейбиз, көзүн ким ачканын да билбейбиз. Бала эмес го, өзүнөн сурагыла, өзү айтып берсин», - деп жооп берди.

Жүйүттөр Байыркы Осуяттагы кереметтерди Кудайдын Ыйса аркылуу кылган кереметтери менен салыштыргылары келген жок. Алар Ыйсанын пайгамбар экенине да, Кудайдын жибергени экенине да ишенишпеди, себеби, эгерде алар ишенишсе, анда алардын айтканы туура эмес деп табылып, жазага тартылышмак.

Алар тиги киши менен болгон кереметти жалган, ал адам сокур эмес болчу дешип, чоң ката кетиришти. Алар Ыйсанын колу аркылуу болгон кереметтин болушу мүмкүн эмес экендигин каалашты. Сокур болуп төрөлгөн адамдын көрүп калышы алар үчүн мүмкүн эмес болгон, анткени жүйүттөр анын оорусу тукумдан келген күнөөнүн натыйжасы деп ишенишкен.

Баланын ата-энеси баласынын бийликтегилер менен көйгөй болуп жатканын угушту жана аларды фарисейлердин алдына алып барышты. Ата-энеси фарисейлерден корккондуктан, абайлап сүйлөшүп, уулунун айтканына ишене беришкен жок. Өздөрүнө оор болбош үчүн, алар баласын таштап кетишкен. Ошентип бул бала көчөдө калган эле. Ал өз жанын өзү багыш керек болчу. Кеңешмеден куулуп чыгарылуу өлүмгө тете болгон; бул коомдон бөлүнгөн пес оорулуу адамга тете болчу. Куугунтукка алынгандар адамдык укуктардан ажыратылып, алтургай үйлөнгөнгө да тыюу салынган. Жүйүттөрдүн Ыйсаны жек көрүүсү күч алгандыктан, алар Ыйсаны ээрчигендерди да жок кылууну каалашты.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Сени даңктайбыз, себеби Сен денеде келген Кудайдын бийлигисиң. Сыноо маалында өз коопсуздугубузду ойлобой, Сени издегенге жардам бер. Сенден баш тартпастан, кайраттуу болуп, тил алчаактык менен өзүбүздөн баш тартканга күч бер.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн жүйүттөр сокур болуп төрөлгөн адамдын айыгуусун жокко чыгарышты?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 12:44 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)