Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 061 (Christ exists before Abraham)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
1. Алачык майрамындагы Ыйсаны сөздөрү (Жакан 7:1 – 8:59)

ж) Машайак Мусадан мурда бар болгон. (Жакан 8:48-59)


Жакан 8:48-50
48 Буга жүйүттөр: «Самариялыксың, Сенин ичиңде жин бар», - деп туура айткан экенбиз деп жооп беришти. 49 Ыйса аларга: «Менин ичимде жин жок, Мен атамды урматтайм, силер болсо Мени кордоп жатасыңар. 50 Дегинкиси, Мен Өзүмө даңк издебейм, бирок издей турган жана соттой турган Бирөө бар».

Ыйса жүйүттөрдүн айыбын ачып, алар чындыкты четке кагуу менен шайтандын бийлиги астында экендигин көрсөттү.

Бул ашкереден улам, жаман рух ачыкка чыкканга мажбур болду. Күнөөлөрүн сезип, өкүнүп тобо кылуунун ордуна, өздөрүн шайтан менен бирге экендерин далилдегендей, Ыйсанын Ыйык Рухтан төрөлгөндүгүн кабыл алышпастан, Аны мазакташты. Алар Ыйсаны аралаш элден чыккан самариялык дешти. Бул Самариядагы ойгонуу Иерусалим аймагына дагы тарап, ал тууралуу жүйүттөр нааразы болуп жүрүшкөн маал болчу.

Кээ бирлери Ыйсанын жүйүттүн тукумунан экендигин билишкендиктен, Аны чыныгы жүйүт деп талашышкан. Башкалары болсо, Ыйса көрсөткөн ажайыптарын Шайтандын күчү менен кылып жатат деп талашышкан. Кара күчтөргө кармалган адамдар өздөрүнүн чыныгы акыбалына түшүнүшкөн эмес, тескерисинче Кудайдын Ыйыгын кара күчкө байланган деп айыпташкан. Ошентип жалгандын атасы аларды акты кара, караны ак дедирип, акылдарынан адаштырды.

Ыйса мындай руху сокурларга: «Менде жин жок; Мен Ыйык Рухка толгонмун. Жамандыктын учкуну Мени дүйнөнүн бир дагы азгырыгына бура албайт. Мен чындыкка жана сүйүүгө толгом; Мен Атама даңк алып келүү үчүн, Өзүмдөн баш тарткам. Мына ушул Менин табынуум. Мен Кудайдын ысымын силерге жар салам, ишим менен Атамды урматтайм. Ооба, Мен Кудайдын чындыгын силерге ачып бердим, бирок Менин Атам – Кудай дегеним үчүн силер Мени жек көрөсүңөр. Кудайдын Руху силерде жашабашы үчүн, шайтандын руху силерден кеткиси келбейт. Силер Ыйык Кудайдын балдары болууну каалабайсыңар, ошондуктан силер Мени мазактап, өлтүрүүнү каалап жатасыңар. Мен түбөлүккө Атамдын ичинде болгондуктан, Өзүмө даңкты издебейм. Ал болсо Мени коргойт, Мен үчүн кам көрөт, урматтайт жана Мени даңктайт. Менин Атам силерди соттойт, анткени силер Мени кабыл алган жоксуңар. Рухтан Төрөлгөндү кабыл албаган адам Кудайдын сотуна туш болот. Куткаруучуну кабыл алдырбаш үчүн шайтандын руху аларды башкарып алган».

Жакан 8:51-53
51 «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Менин сөзүмдү аткарган адам эч убакта өлбөйт», - деди. 52 Ошондо жүйүттөр Ага мындай дешти: «Ичиңде жин бар экенине чындап көзүбүз жетти. Ыбрайым өлгөн, пайгамбарлар да өлүшкөн. Сен болсо: «Менин сөзүмдү аткарган адам эч качан өлбөйт», - дейсиң! 53 Сен, эмне, атабыз Ыбрайымдан да чоңсуңбу? Ал өлгөн, пайгамбарлар да өлүшкөн. Сен Өзүңдү ким деп эсептеп жатасың?»

Өзүнүн сөзүн угуп, кабыл алган жана ошол сөздөрдү жүрөгүндө сактаган адамдын жашоосунда ошол сөздүн күчтүү болорун айтып, Ыйса Жакшы Кабардын маңызын ачкан. Ушунун негизинде алар түбөлүк өмүргө ээ болушат, өлүмгө кабыл болушпайт. Өлүм алар үчүн Кудай Атага баруучу дарбаза гана болот, бул адамдардын кылган жакшылыктары үчүн эмес, бул Ыйсанын сөздөрү алардын ичинде жашагандыктан болду. Кудайдын Падышачылыгынын маанисин түшүнүп жатасыңбы? Ыйсанын сөздөрүн жүрөгүндө сактабагандар күнөөгө батат да, шайтандын капканына түшүшөт.

Жүйүттөр ачууларына чыдабай: «Сен Шайтансың! Сен алдап жатасың! Ишенимдеги аталарыбыздын баары өлүшсө дагы, Сенин сөзүңө ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ болот деп кантип айтып жатасың? Өлбөс жашоого ээ кылгыдай, Сен Жаратуучудан да кыйынсыңбы? Сен Ыбрайымдан да, Мусадан да, Дөөттөн да кыйын болуп кеттиңби? Сен өзүңдү Кудайга теңеп жатасың!»

Жакан 8:54-55
54 Ыйса мындай деп жооп берди: «Эгерде Мен Өзүмдү Өзүм даңктап жатсам, анда Менин даңкым эч нерсеге турбайт. Мени Атам даңктайт, силер Аны: «биздин Кудайыбыз» дейсиңер. 55 Силер Аны билбейсиңер, Мен болсо билем. Эгерде билбейм десем, анда силер сыяктуу жалганчы болмокмун. Бирок Мен Аны билем жана Анын сөздөрүн сактайм».

Токтоолук менен жооп берип, Ыйса Өзүнүн табиятын тереңирээк ачып берди. Ал, Машайак, Өзүнө даңк издебейт. Ал табиятында эле даңктын өзү. Кудай Уулуна урмат-сый тартуулаган. Атанын Уулдун ичинде болуусунун өзү эле Уулун даңкка бөлөп турат. Ооба, жүйүттөр кудуреттүү Кудай биздин Кудайыбыз дешкен, бирок Аны чындап билишкен эмес. Алардын атасы - «Кудайдын ысымына» жамынган Шайтан болчу. Алар кудайчыл көрүнүшкөнү менен, ичтеринде сүйүүнүн Руху жок болчу. Кудайды билген адам Кудай аны сүйгөндөй сүйөт. Ошондуктан, Кудайдын атын чакырып, бирок ошол жол менен жашабаса, анда алардын бүтүндөй түшүнүктөрү туура эмес болушу мүмкүн. Кудай – бул Ата, Уул жана Ыйык Рух. Башка диндер жар салган «кудайлар» - куру ойлор. Кудайдын чындыгы Уч Бирдикке негизделген. Ыйса жүйүттөрдү: «Силер Аны билбейсиңер, силердин жашооңор менен ойлоруңар жалгандыктын үстүнө курулган. Силер чындыкка сокурсуңар», - деп ашкерелеп, ошол эле убакта Ыйса түбөлүктүү Кудайды билээрин айтты. Эгер бул болбогондо, Анын Атасы тууралуу күбөлөндүрүүсү жалган болмок. Ошентип Ыйса жүйүттөргө Кудайдын чыныгы табиятын жар салды.

Жакан 8:56-59
56 «Атаңар Ыбрайым Менин күнүмдү көрөм деп кубанган жана көрүп кубанды». 57 Ошондо жүйүттөр Ага: «Өзүң элүү жашка чыга элексиң, анан Ыбрайымды көрдүңбү?» - дешти. 58 Ыйса аларга: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Мен Ыбрайымдан мурун эле бар болчумун», - деди. 59 Ошондо алар Ыйсаны уруш үчүн, жерден таш алышты. Бирок Ал жашырынып, ийбадатканадан чыгып кетти. Аларды аралап өтүп, кетип калды.

Ыйса жүйүттөргө Кудайдын чындыгын билишпегендигин, алардын динчилдигине күч берген Шайтан экендигин айткан соң, Өзүнүн түбөлүктүүлүгүн түшүндүрүп, аны кабыл алуу же албоо алардын эрки экендигин айтуу менен сөзүн аяктады. Ошондой эле, Ал ишенимдин атасы болгон Ыбрайымды мисалга келтирип, Өзүнүн кудайлык табиятын көрсөткүсү келди. Муну менен Ыйса Ыбрайымдын Кудай менен экендгин, Ыбрайым Машайактын денеде келгендигин көрүп, ага берилген убада аткарылгандыгын, анын тукуму аркылуу бардык элге бата келип жаткандыгын көрүп, Ыбрайым кубангандыгын айтты. Ошондо жүйүттөр таң калып Ага: «Сен жапжаш болуп туруп, эки миң жыл мурда жашаган Ыбрайымды көрдүм дегениң кандай? Сен акылыңдан адашкан немесиң го», - дешти.

Ыйса аларга жалооруй карап: «Ыбрайымдан мурда Мен бар болчумун», - деп жооп берди. Анан Ал: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн», - деп айтуу менен Атасы сыяктуу Ал дагы түбөлүктүү экендигин кошумчалады. Буга чейин Чөмүлдүрүүчү Жакан түбөлүктүү Машайакты жар салган болчу. Эл бул чындыкты түшүнө албады, алар кантип эле адам түбөлүккө жашаган Кудай боло алмак эле дешип, ишенишкен жок.

Алар Машайактын күбөлөндүрүүсүн Кудайга каршы мазактоо, Кудайга кол салуу дегендей мамиле кылышты. Абдан ачууланышкандыктан, жүйүттөр расмий чечимди күтпөй туруп, колдоруна таш алышып, Ыйсаны ташбаранга алгылары келишти. Бирок Ыйса ал жерден кеттип калды. Ыйса алардын арасынан кандайча кеткенин биз так билбейбиз. Ыйсанын убагы али келе элек болчу. Ал ийбадаткананын дарбазасы аркылуу чыгып кетти.

Сыйынуу: Теңирибиз Ыйса, биз Сага табынабыз; Сен түбөлүктүү, ишенимдүү, чын Кудайсың. Сен сүйүүгө толгон Кудайсың. Сен Өзүңө даңкты издебейсиң, бирок Атаны урматтайсың. Шайтандын жолуна түшпөшүбүз үчүн, бизди текебердиктен бошот. Асмандагы Атабыздын ысымын ыйык тутуп, Сендеги түбөлүк өмүрдү ишеним менен кабыл алганга бизге жардам бер.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн жүйүттөр Ыйсаны ташбаранга алгылары келишти?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 12:43 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)