Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- Christ -- 09 (Christ's Return to Earth)
This page in: -- Arabic? -- Azeri -- Baoule -- Chinese -- English -- French -- Greek -- Indonesian -- Japanese -- KYRGYZ -- Russian -- Sundanese -- Turkish -- Ukrainian -- Uzbek

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 8: БӨЛҮМ МАШАЯК - Машаяк жөнүндө кандай ойдосуң
Өмүр менен тааншуу, Машаяктын кудурети жана сүйүүсү

9. МАШАЯКТЫН ЖЕРГЕ КАЙРЫЛЫП КЕЛИШИ ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕНИ БИЛЕСИҢ?


Машаяк Өзүнүн табияты боюнча – сүйүү. Ал бардык адамдарды, айрыкча, Анын сүйүүсүнүн рухунда жашап, Кудай аларды Машаяк аркылуу кандай кечирсе, ошол сыяктуу сүйгөн жана кечирген адамдарды сүйөт. Ал биз менен болууну эңсеп, биз Аны менен түбөлүк болушубузду каалайт. Ыйса Өзүнүн өлүмү жана тирилүүсү тууралуу кандай ачык айтса, кайра келиши жөнүндө да ошол мүнөздө эле айтат. Ар бир акылман адам Машаяктын улуу даңк менен келерин билип, Аны менен жолугушууга өзүн-өзү даярдайт. Ал кун төлөп куткаруусун кабыл алган адамдарды, таш жүрөк, текебер, Машаяктын кечиримине муктаж эмеспиз деген күнөөкөрлөрдөн бөлүп алат.

Кымбаттуу досум, акыркы сотко кабылбашың үчүн Машайакты кабыл ал, анткени Ал гана сени келе жаткан каардан сактап кала алат.

Бардык такыбаа ишенүүчүлөр Машаяктын келишин күтүшөт. Жүйүттөр менен Мусулмандар да Ал келерин билишет. Кээ бир адамдар Машаяк дүйнө жүзүндө кырк жыл бийлик жүргүзөт дегенге ишенишет. Кээ бирөөлөр Анын бийлиги жүз жылга уланат деп эсептешет. Башкалары болсо миң жыл бою бийлик жүргүзөөрүнө бекем ишенишет. Бирок Ыйык Жазуу Ыйсанын түбөлүк падышалардын Падышасы, кожоюндардын Кожоюну экендигин тастыктайт, Ал жок болуп кетпейт. Анын падышалыгы түбөлүк. Ал мындай дейт: «Мен акыйкатты жарыялаш үчүн төрөлдүм жана ошол максат менен дүйнөгө келдим. Ким акыйкат тарабында болсо, Менин үнүмдү угат»… (Жакан 18:37)

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:24 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)