Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 091 (Abiding in Christ)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Г - Гефсиманияга бара жаткандагы коштошуу (Жакан 15:1 - 16:33)

1. Ыйсадагы жашоо көп жемиш алып келет (Жакан 15:1–8)


Жакан 15:5
5 Мен Сабакмын, силер болсо бутактарсыңар. Ким Менин ичимде болсо, Мен анын ичинде болсом, ал көп жемиш берет. Анткени силер Менсиз эч нерсе кыла албайсыңар.

Ыйса бизди Өзүнүн жүрөгүнөн өсүп чыккан бутакка салыштыруу менен, Ал бизди кандай урматка ээ кылды! Биздин ичибизге Ал рухий өмүрдү жаратты. Чырпык биринчи жүзүм сабагынан өнүп чыгап, анан андан ары өсүп отуруп, жоон жана бекем бутакка айланат эмеспи. Ушул сыяктуу эле, ишенгендер Ыйсанын жардамы менен, Анын табиятындай табиятка жана мүнөзгө калыптанабыз. Бул биздеги ишенимден гана эмес, бирок ошондой эле, бул ырайымдын үстүнө берилген ырайымдан улам келет. Ыйсанын ичинде болуу бул биздин жоопкерчилик.

«АНЫН ИЧИНДЕ» деген өзгөчө сөз айкашы бул Жакшы Кабарда 175 жолу айтылган. Жаңы Келишимдеги ишенген адамга «Ыйса менен бир» деген наам берилген. Бул биримдик ушунчалык күчтүү. Биз өзүбүздү Ыйса менен бирге ширетилгендей түшүнсөк болот.

Биз ишенип калгандан кийин, биздеги инсандык жокко чыгарылбайт. Бул көз боёмочулук эмес экенин Ыйса түшүндүргөн. Ал сенин эркиңди чыңап, өмүрүңдү Руху менен толтурат. Машайак сени жеткилеңдүүлүккө үйрөтөт, жана башында сага арнаган максатына жараша, сенин мүнөзүңдү калыптайт. Анын күчү, сапаты ишенгендердин жүрөктөрүнө кирип орун алат. Анда, биздеги ишеним жана сүйүү кайда?

Кудайдын Уулунун адамзат менен болгон биримдигинин максаты эмнеде? Эмне үчүн Ыйса айкаш жыгачка кадалды? Эмне үчүн ишенгендердин жүрөктөрүнө Рух берилди? Теңир сенден эмнени талап кылат? Сага берилген рухий түшүм Кудайдан келет. Сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, боорукердик, жакшылык, назиктик, өзүн башкара билүүчүлүк жана түшүмдүүлүк булар Рухтун белектери.

Ушул нерселерге өз күчүбүз менен жете албасыбызды биз түшүнүшүбүз керек. Ишенген адамдарга өзгөчө артыкчылык берилген; бул Ыйсадан агып чыккан рухий жашоодо рахатка батып өмүр сүрүү. Бизге берилген рухий табият, кудайлык күч үчүн Ыйсага ыраазы болушубуз керек. Бул күчтөрдүн жана кызматтардын баары тең Кудайдын белектери. Ансыз биз эч нерсе кыла алмак эмеспиз.

Жакан 15:6
6 Ким Менин ичимде болбосо, ал бутак сыяктуу сыртка ыргытылат да куурап калат. Андай бутактарды чогултуп, отко ыргытышат, алар күйүп кетет.

Машайактын ичинде болуу бул сенин жоопкерчилигиң. Негизинен, Рухтагы жашоо жана Машайактын ичинде болуу бул биз үчүн белек. Бирок кимде-ким Машайак менен болгон биримдикти кабыл албаса, ал өзүн-өзү өлтүргөнгө барабар. Мындай жүрөгү катуу күнөөкөр адам Кудайдын каарынын отуна ыргытылат. Машайактан баш тарткандарды убагы келгенде периштелер чогултуп, аларды тышкы караңгылыкка таштайт. Ошондо алардын абийири аларды өмүр бою айыптайт. Алар Кудайдын боорукердигинен бир отоло куру жалак калышкандыгын ошондо түшүнүшөт. Буга чейин алар Кудайдын ырайымында, боорукердигинде жашап келгенин ошондо түшүнүшөт. Алардын Ыйсадан баш тартканы бул өздөрүнүн Куткаруучусун жек көргөндүгү. Алар түбөлүктүү өлүмдө күйүшөт.

Жакан15:7
7 Эгерде Менин ичимде болсоңор, Менин сөздөрүм силердин ичиңерде болсо, эмне кааласаңар да сурагыла, силерге берилет.

Машайактын ичинде болгон адам Аны менен терең мамиледе болот. Бул көп жылдар бою бирге жашап, бири-биринин ойлорун жана максаттарын билген эки жубайга окшош. Ошол сыяктуу эле Машайакты сүйгөн адам Анын эркин билет жана Теңири менен терең, таттуу мамиледе жашайт. Ыйык Китепти күн сайык казып окуу бизди жашылыкка толтуруп, Атабыз каалаган нерсеге бизди умтултат, себеби биз Анын сөздөрүнө толгонбуз.

Ошондо, биз өзүмчүл каалоолорубуз үчүн сыйынууну токтотуп, Кудайдын Падышалыгы кеңейсин үчүн, Кудайдын сөздөрүнө кулак төшөп уга баштайбыз, рухий салгылашта жоопкерчиликтүү арачы боло алабыз. Ошондо жүрөгүбүз даңкка жана ыраазычылыкка толуп, болуп жаткан бардык түйшүктү, муктаж адамдарды жана азап тартып жаткандарды Ыйык Кудайга аманат кылабыз. Ыйса бул дүйнөдө ишин биздин ишенимден чыккан сыйынуубуздун негизинде кылат. Ал куткаруу ишин аткаруу үчүн биздин да катышуубузга мүмкүнчүлүк берген. Сен сыйынасыңбы? Эмне деп сыйынасың? Сыйынганыңда Рух менен сыйынасыңбы? Кудайдын эркинин максаттары ар кандай. Биринчиси, бул биздеги ыйыктык; экинчиси болсо Кудай ар бир адамды куткарып, чындыкка ээ болууларын каалайт. Биздин момун жашообузда Кудайдын ысымы ыйыкталат. Мол түшүм алып келүү менен, асмандагы Атаңды, Уулу Машайакты даңктооң үчүн, сени жетектеши үчүн, жүрөгүңө Рухтун сыйынуусун төгүп берсин деп Теңирден суран.

Жакан 15:8
8 «Эгерде силер көп жемиш берсеңер, Атам дайкталат, Менин шакирттерим болосуңар».

Ыйса сенин мол түшүм алып келүүңдү каалайт. Ал сенин жашооңдогу арзыбаган ыйыктыкка, же бир нече адамды куткарууга алып келгениңе, кайсы бир нерселер үчүн айткан ыраазычылыгыңа гана ыраазы болуп кала бербейт. Жок! Ар бир адам куткарылышы үчүн, Ал сенин ыйыкталышыңды, Атабыз жеткилең болгондой, сенин да жеткилең болушуңду каалайт.

Сыйынуу: Оо, кагылайын Ыйса Теңир, биз сени сүйөбүз. Анткени Сен бизди Өз балдарың кылып алуудан уялган жоксуң. Өзүнө чакырган ар бир жан өзгөрүлсө экен деп өтүнөбүз. Ошол адамдардын аттарын Сенин алдыңда жарыялайбыз.Сен аларды да айкаш жыгачта куткаргансың. Ыйык Рухуңдун аларга келип түшүшү менен, алардын куткарылгандыгы анык экенин көрсөттүң. Атабыздын ысымы даңкталсын. Сенсиз биз эч нерсе кыла албайбыз.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн биз Ыйсанын ичиндебиз жана Ал биздин ичибизде?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:31 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)