Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 090 (Abiding in Christ)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Г - Гефсиманияга бара жаткандагы коштошуу (Жакан 15:1 - 16:33)

1. Ыйсадагы жашоо көп жемиш алып келет (Жакан 15:1–8)


Жакан 15:1-2
1 «Мен чынгы жүзүм Сабагымын, Атам болсо – Жүзүмчү. 2 Мендеги жемиш бербеген ар бир бутакты Ал кесип таштайт. Ал эми жемиш берип жаткан ар бир бутакты дагы көбүрөөк жемиш берсин деп тазалайт».

Кечки тамактан кийин Ыйса шакирттери менен шаардан чыгып, Кидрон өрөөнү аркылуу өтүп, жүзүмзарларды аралап, Зайтун Тоосуна барды. Бара жатканда, Ыйса шакирттерине жүзүмдү мисалга келтирүү менен, ишенимдин маанисин жана алардын сүйүүсүнүн максаттарын түшүндүрдү.

Ыйса Кудайды бүт дүйнө жүзүнө жүзүм отургузган Жүзүмчү, башкача айтканда Багбан экенин айтты. Забур 80:8-16 жана Ышайа 5:1-7- аяттарында жазылгандай, ошол жүзүмдөрдүн бирөөсү Байыркы Келишимдеги эл болчу. Бул эл түшүм алып келбегендиктен, Кудай нааразы болгон. Ошондуктан Кудай жаңы көчөт отургузду. Бул жаңы Жүзүм Сабагы болуу менен, андан ары жаңы урпактарды алып келүү үчүн Рухтан төрөлгөн Өзүнүн Уулу болчу. Ыйса шакирттерине түшүндүргүсү келген негизги нерсе бул адамдагы Ыйык Рухтун негизинде жаралган рухий жашоодогу баалуу түшүмдөр эле. Ал адамдардын окутуусу жалган экенин жана адамдын ичинде башкаларды талкалап, жок кыла турган айбандын руху жашайрын билген. Ыйса окутуусунун башында эле Өзү гана Атасына жага турган жемишти алып келе тургандыгын, тынчтыкты орнотуучу жана Жыйынды куруучу экенин айткан.

Ыйса бул мисалында кимде-ким сүйүүнүн агымына жүрөгүн ачпаса, же рухий жемиш алып келбесе, жана жүзүмдүн сабагынан агып чыккан өмүрдүн агымын кабыл албаса, анда Кудай аны жүзүмдүн сабагынан пайдасыз бутак катары кесип саларын эскертти. Эгерде Кудай сенден эч кандай түшүм көрбөсө, Машайактын өлүмүн жана тирилүүсүнүн натыйжасын көрбөсө, анда Ал сени Уулунун сабагынан кесип таштайт.

Ыйык Рухтун ширеси аркылуу Ал жүзүмдүн сабагынан өсүп чыккан бутак катары сага өмүрдүн башатын жаратат. Бул шире сабакка келип, андан ары жемишке айланат. Келечекте дагы көбүрөөк түшүм алып келишиң үчүн, Багбан сендеги пайдасыз чырпыктарды бутап таштайт. Сен алып келген түшүм сага таандык эмес, бул сенин ичиңдеги Машайактыкы. Кийинки жылы көбүрөөк түшүм бериши үчүн, жүзүм жыл сайын күзүндө буталарын билчи белең? Ошол сыяктуу эле, сен күнөө үчүн өлүк болушуң үчүн, Кудай сендеги адамдык алсыздыктарды, тоң моюндукту бутап турат. Мына ушундан улам сендеги Машайактын жашоосу барган сайын жеткилеңдүүлүккө карай өсө берет. Сени өзүңдөн сактай турган Теңирдин ар кандай жолдору бар. Жашооңдогу ар кандай кырдаалдар, жаңылыштыктар жана оорулар сени момундукка үйрөнүшүң үчүн тарбиялайт. Өзүң үчүн гана жашаба, бирок Теңирде жаша; ошондо сен Анын күчү аркылуу жароокер адам болосуң.

Жакан 15:3-4
3 Силер Менин сөзүм аркылуу тазартылдыңар. 4 Менин ичимде болгула, ошондо Мен силердин ичиңерде болом. Сабактан ажыраган бутак жемиш бере албайт. Ошол сыяктуу эле силер да Менин ичимде болбосоңор, жемиш бере албайсыңар.

Ыйса сени сооротот. Табийгый бузуктугубуз жана күнөөлөрүбүз үчүн Кудай бизди кыйып салбайт. Ага ишенсек, Ал бизди бардык күнөөдөн тазартарын айткан. Сен: «Келечекте күнөөлөрүбүздөн өз ырым-жырымдар, же табынуу аркылуу куткарылабыз», - деп айтпа. Баарыбызды тазалоочу бул Кудай; бардык күнөөлөрүбүздү биротоло кечирип, айкаш жыгачта бизди ыйыкка жеткирген бул Ыйсанын Өзү эмеспи. Жакшы Кабарда тазалануунун күчү бар. Ошондуктан тазалануу бул биздин күчүбүздөн, азап чегүүдөн, же такыбаалыгыбыздан эмес, бирок бир гана Кудайдын сөзү аркылуу болот. Башталышта Жаратуучу Кудай Сөзү аркылуу дүйнөнү жараткандай эле, эгерде жүрөктөрүбүздү Анын Сөздөрүнө ачсак, анда Машайак да бизди ыйык кылат. Чөмүлүү, Теңирдин кечки тамагы бизди күнөөдөн арылтпайт, Ыйсанын Сөзү жана Анын сөзү тууралуу терең ой жүгүртүү бизди тазартат. Ыйык Жазууну күн сайын окуй жүр. Эгерде сен рухий тамактанбасаң, анда алсырап жыгыласың.

Өсүп, түшүм беришибиз үчүн, Ыйса бизге шарт койгон. Бул «Менин ичимде болгула» деген шарт. Ушул сөз 15-бөлүмдө он жолу кайталанып айтылган. Биз Анын ичинде болуу Анын биздин ичибизде болушу деген шарт бир канча маанини берет; биз Анын ичинде болуу менен ыйыктыкка толобуз; Анын бийлиги жана күчү биз аркылуу агат. Баардык нерсенин башаты Ыйсада болгондуктан, биз Анын ичинде болушубуз керек. Эгерде биз Андан бөлүнсөк, анда Анын биздеги сүйүүсүнүн агымы токтоп калат. Эгерде бутак сынып калса, анда ал куурайт. Куураган, өлүк жыйын кандай көрксүз. Ишенгендердин бирден-бир маанилүү сыйынуусу бул Анын ичинде болуу тууралуу сыйынуу. Ошондо, өсүп жемиш алып келүүбүз үчүн жана ар дайым Анын ичинде болуубуз үчүн,Теңир биздин ичибизде тынымсыз иштейт. Анын ичинде болуу бул бизден эмес, бул Ыйык Рухтан келген ырайым. Эч ким өз күчү менен Машайактын ичинде жашай албайт, ошондуктан биз ушундай белек үчүн Ага ыраазы болуп, ошондой эле биз сыяктуу башкалар да Анын ичинде жашашы үчүн сыйынуубуз абзел.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Сен жердеги өсүп чыккан Кудайдын жүзүм Сабагысың. Сен бардык жакшылыктын башатысың. Биздин жүрөктөрүбүз жамандыктын булагы. Жакшы Кабарың аркылуу бизди тазалаганыңа ыраазыбыз. Ыйык Рухтун күчү ар дайым сүйүүнүн жеңишин алып келип турушу үчүн, бизди Өзүңдүн ысымыңда сакта. Сенсиз биздин колубуздан эч нерсе келбейт. Өзүбүз үчүн жашабай, бирок Сенин ичиңде болушубуз үчүн бизди, балдарыңды, бекемде.

СУРООЛОР:

  1. Кандайча Ыйса жүзүм Сабагы болот?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:30 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)