Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 077 (Jesus enters Jerusalem)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
А – Ыйык Жумага даярдануу (Жакан 11:55 - 12:50)

2. Ыйсанын Иерусалимге келиши (Жакан 12:9–19)


Жакан 12:9-11
9 Жүйүттөрдүн көбү Ыйсанын Бетанияда экенин угушуп, Ыйсаны гана эмес, Ал тирилткен Лазарды да көрүү үчүн, Бетанияга келишти. 10 Башкы ыйык кызмат кылуучулар болсо Лазарды да өлтүрүү жөнүндө чечим чыгарышты. 11 Анткени аны көрүү үчүн келген жүйүттөрдүн көбү Ыйсага ишенип калышкан эле.

Ыйса Лазардыкында экенин угушканда, борбор шаар дүрбөлөңгө түштү. Тирилүү кереметин көрүү үчүн, көптөгөн эл Иерусалимден Зайтун тоосундагы Бетанияга шашылып жөнөштү.

Саддукейлердин тирилүүгө да, рухтарга да ишенбегендигине карабай, башкы ыйык кызмат кылуучулар саддукейлерге оошту. Алардын Ыйсага болгон жек көрүүсү абдан күч алгандыктан, тирилүү чындыгын гана четке какпастан, керемет көрсөткөндүн өзүн өлтүргүлөрү келип, экөөнү тең жок кылып, өлүмдөн кийинки тирилүүгө болгон үмүттү жокко чыгаргылары келишти. Ошондой эле, алар Лазардын тирилүүсүнөн улам, Ыйсанын чыныгы Машайак экенине ишенгендердин кыймылын талкалоону каалашты.

Жакан 12:12-13
12 Кийинки күнү майрамга келген элдин көпчүлүгү Ыйсанын Иерусалимге келерин угушканда, 13 дарактардын бутактарын алып: «Дөөттүн Уулуна даңк! Теңирдин атынан келе Жатканга, Ысрайыл элинин Падышасына даңк!» - деп Аны кыйкырып тосуп чыгышты.

Ыйса тууралуу баары тең айтып жатышты. Ал тууралуу: «Эмне кылат болду экен? Качып кетеби же шаарды Өзүнө каратып алабы?» - дешип, ичтеринен тынчсызданып жатышты. Бетанияда бир түн болгондон кийин, кийинки күнү эртең менен Ыйса шакирттери менен Иерусалимди карай бара жатканын эл көрүп: «Жаңы Падыша келди, Улуу Кудай келди!» - дешип, андан аркы кереметтерди жана жеңиштин иштерин көрүү үчүн шаарга барышты. Кээ бирлери пальманын бутактарын сындырып алышып, жолго төшөп, Ыйсаны тосуп чыгышты. Башкалары болсо, падышанын келишин даңктап, ыр ырдап жатышты. Алар катуу үн менен: «Биз Сени даңктайбыз, даңазалайбыз! Сен кудуреттүүсүң! Сен Кудайдын бийлигине толгонсуң, Теңирдин атынан келе жатасың. Алып келген баталарың үчүн Сени даңктайбыз! Бизди бардык айыптардан куткар, бизге жардам бер! Сен Куткаруучусуң, баатырсың, жетекчисиң. Сен биздин Теңирибизсиң!» - деп кыйкырып жатышты

Жакан 12:14-16
14 Ыйса бир кодикти таап минип алган эле. Бул жөнүндө Ыйык Жазууда: 15 «Коркпо Сион кызы! Сенин Падышаң кодик менен келе жатат!» - деп жазылган. 16 Шакирттери муну адегенде түшүнүшкөн эмес. Бирок Ыйса даңкталгандан кийин, алар бул сөздөрдүн Ал жөнүндө жазылгандыгын, Ага ошондой кылынгандыгын эстешти.

Ыйса үн катпады, себеби жол боюнда түртүшүп, шаңдуу үндөр менен кыйкырып жаткан элдин кыйкырыгынан Анын үнү угулбай калмак. Ошондо Ыйса алардын кубанычына Захария 9:9-аятында: «Кубанып, шаттыкка бөлөн, Сион кызы, салтанат кур, Иерусалим кызы, сага өзүңдүн адилеттүү куткара турган момун Падышаң келет. Ал ургаачы эшекке, кодикке минип келет» - деп жазылгандай, кодикти минип келүү менен жооп берди.

«Тилекке каршы, адамдардын баары эле адилеттүү эмес. Алардын көбү түз жолдон баш тарткан адилетсиздер. Коркпо, сен жазага татыктуу болсоң да, Мен сени жок кылбайм, бирок Мен сендеги жамандыкты жеңип чыгам. Мен сенин күнөөңдү Өз денемде көтөрөм. Мен Жеңүүчүмүн, бирок Мен алсыз, жеңилген курмандык сыяктуу болом. Ушинтип Мен сени Кудайдын каарынан куткарам; Мен рухий согушту жеңип чыгам».

«Силер кылыч менен жеңишке жеткен баатыр падышаны каалайсыңар, бирок Мен болсо эч жамандыгы жок, жоош жана момун козу сыяктуу келдим. Мен Өз эркимди Атама арнадым. Силер төңкөрүлүштү, жеңишти каалайсыңар, бирок Мен силерге элдешүүнү, куткарылууну жана Кудай менен болгон тынчтыкты сунуш кылам. Мен минип бара жаткан кодикти карагылачы. Мен ат же төө минген жерим жок, Мен эшек минип келдим. Менден байлыкты, урмат-даңкты күтпөгүлө, анткени Мен түбөлүк өмүр үчүн күрөшүүгө келгем. Силер үчүн асман эшигин ачып, тобо кылган күнөөкөрдү Кудай менен элдештирем».

Жакан 12:17-19
17 Ыйсанын жанында жүргөн эл Анын Лазарды мүрзөдөн чакырып, тирилткенин күбөлөндүрүп жатты. 18 Ошондуктан Ыйсанын бул кереметти кылганын уккан эл Аны алдынан тосуп чыкты. 19 Фарисейлер болсо: «Көрдүңөрбү, эч нерсе кыла албай калдыңар! Бүт дүйнө Анын артынан ээрчип кетти!» - деп өз ара сүйлөшүп жатышты.

Ыйсаны Бетаниядан бери коштоп келе жаткан эл Кидрон өрөөнүнөн Ыйсаны тосуп алуу үчүн шаардан келе жаткандарга жолугушту. Ыйсаны коштоп келе жаткандар: «Аны тосуп чыкканыңарга жол болсун, анткени Ыйса өлгөндү тирилтип, Машайак экенин далилдеди». Беш миң адамды беш токоч менен тойгузган Ыйсаны ээрчүү үчүн Лазардын тирилүүсү буга негиз болду. Ыйсаны эл ээрчиди, себеби Ал өлгөн адамды тирилтти. Эки учурда тең, адамдардын Ыйсага болгон сүйүүсү адилеттик жана тобо кылуунун негизинде эмес, бирок жердик нерселерге байланыштуу болду. Кубанып жаткан элдин арасында фарисейлер менен эл башчылары Ыйсага кыжырлары кайнап, Анын шаарга тезирээк киришин күтүп жатышты. Алардын ойлору ишке ашпай, титреп турушту. Ыйсаны жашыруун жол менен аларга алып келүү планы талкаланды. Ал шаарга жеңиш менен салтанаттуу түрдө кирип келе жатты.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, мен өзгөрүлүп, Сенин мүнөзүң менде болушу үчүн, жүрөгүм менен акылымды ачып, Ыйык Рухуңа жол берем. Менин күнөөлөрүмдү кечир, анткени Сен менин жүрөгүмө киргидей, мен Сага татыксызмын. Бирок Сен күнөөлөрүмө карабай мага келесиң. Сен мени сүйөсүң, куткарасың, анткени Сен мени Кудай менен элдештирип, мени Өз Падышачылыгыңдын тынчтыгына алып кирдиң. Кубангандар менен кошо мен дагы «Кудайга даңк! Теңирдин атынан келе жатканга даңк!» - деп ураан чакырам. Сен менин Падышамсың, мен болсо өзүмдү Сага арнайм. Оомийин.

СУРООЛОР:

  1. Ыйсанын Иерусалимге кириши эмнени түшүндүрөт?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 01:01 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)