Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 017 (The first six disciples)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
Б - МАШАЯК ШАКИРТТЕРИН ТОБО КЫЛУУ ЖЕРИНЕН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮНУН КУБАНЫЧЫНА АЛЫП БАРДЫ (Жакан 1:19 - 2:12)

3. Биринчи алты шакирт (Жакан 1:35-51)


Жакан 1:40-42
Жакандан угуп, Ыйсанын артынан ээрчиген эки адамдын бири Шымон Петирдин бир тууганы Андрей эле. Ал адегенде бир тууганы Шымонду таап, ага: «Биз Машаякты таптык», - деди. Андрей бир тууганы Шымонду Ыйсага алып келди. Ыйса аны карап, «Жунус уулу Шымон, сен Кейфа деп аталасың», - деди.

Петирдин бир тууганы Андрей Тиберия көлүнүн жээгиндеги Бейтсайидада балыкчы болгон. Ал Чөмүлдүрүүчүгө күнөөлөрүнөн кечирим алып, Машаяктын келишин күтүү үчүн келген. Андрей Чөмүлдүрүүчүнүн күбөлөндүрүүсүн угуп, Ыйсаны ээрчип жөнөдү. Кубанычын ичине ката албай, башкаларды эмес, бирок өз бир тууганын биринчи издеп жөнөдү. Андрей өз бир тууганын табары менен: «Биз убадаланган Машаяк Куткаруучуну, Теңирди, Кудайдын Козусун таптык!» - деп жакшы кабарды сүйүнчүлөдү. Уккандан кийин, балким Петир шектенсе керек. Ошондо ага бир тууганы ишендире айтты. Акыры Петир аны менен бирге Ыйсаны көздөй шашылып жөнөдү.

Качан Петир үйгө киргенде, Ыйса аны атынан чакырды. Ыйса анын ойлорун билген, ага «Таш» деген жаңы ысым берди. Ыйса Петир жөнүндө баарын, анын өткөнүн, учурун жана келечегин билчү. Ал Петирдин туруксуздукка оңой ооп кетерин да билген. Ыйса Өзүнө ачык жүрөктөрдү билет. Петир баарын түшүндү жана ошол замат Ыйсанын көз карашына тартылды. Ыйса болсо чыдамдуулук менен бул чыдамы жок балыкчыны бекем ташка өзгөрттү. Петир Ыйсада жыйындын негизи болуп калды. Чындыгында жол салган шакирт бул Андрей болчу.

Берки шакирт дагы өз бир тууганын Ыйсага алып келди. Жакан бир тууганы Жакыпты Ыйсага ээрчитип барган. Бирок бул Жакшы Кабардын авторунун жөнөкөйлүгүнөн улам, ал экөөнүн тең ысымдары жазылган эмес. Чындыгында убакыттын жүрүшү боюнча, эң биринчи эки шакирт булар Андрей жана Жакан болгон.

Кириш сөз катары болгон бул эки аяттын сулуулугу – күн чыгып, жаңы доор башталганга болгон окшоштугунда. Бул эки ишенген адам өзүмчүл болбостон, экөө тең бир туугандарын Ыйсага алып барышты. Алар көчөгө чыгып, Жакшы Кабарды жарыялашпай, бирок өз бир туугандарын Машаякка алып барууну ойлошту. Алар эч нерсеге ишенбегендерди, саясатчыларды көндүргүсү келген жок, тескерисинче, Кудайга суусаган, жүрөктөрү ыйлап жаткан, тобо кылууга даяр адамдарды издейт.

Ошентип биз ырайымдын Жакшы Кабарын кантип таратууну б.а. умтулуунун ашыгуусунан эмес, бирок Ыйса менен байланышуудан улам булак болуп келген кубаныч аркылуу таратабыз. Биринчи шакирттер теологиялык мектептерди негиздешкен эмес, өздөрүнүн автобиграфияларын жазышкан эмес, алар тажрыйбаларын сөздөрү менен күбөлөндүрүшкөн. Алар Ыйсаны өз көздөрү менен көрүшкөн, өз кулактары менен угушкан, Анын колуна өз колдору менен тийишкен жана Ага ишенишкен. Мындай жакшы мамилелешүү алардын күчүнүн булагы болгон. Жакандын Жакшы Кабарынан Ыйса менен тааныштыңбы? Чыдамкайлык жана ишенимдүүлүк менен досторуңду Ыйсага ээрчитип бардыңбы?

Сыйынуу: Теңир Ыйса, биздин жүрөктөрүбүзгө берген кубанычтарың үчүн ыраазыбыз. Башкаларды Сага алып келүү үчүн, бизди Өзүңдү таттуу мамилеңе бөлө. Сүйүү менен Жакшы Кабар таратканга бизди шыктандыр. Коркоктук, уялчаактык үчүн биз кечирим сурайбыз. Сенин Ысымыңды кайраттуулук менен күбөлөндүрүшүбүз үчүн бизге күч бер.

СУРООЛОР:

  1. Биринчи шакирттер Ыйсанын ысымын кантип таратышкан?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:46 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)