Waters of LifeBiblical Studies in Multiple Languages |
|
Home Bible Treasures Afrikaans |
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba
Previous Lesson -- Next Lesson ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
А - Ыйса кармалгандан баштап көргө коюлганга чейинки болуп өткөн окуялар (Жакан 18:1 - 19:42)
3. Ыйса Римдик башкаруучунун алдында (Жакан 18:28 – 19:16)
г) Пилат Ыйсанын кудайлык табиятынан улам Аны кастарлап жатты (Жакан 19:6-12)Жакан 19:8-11 Пилат Ыйсанын инсандыгы тууралуу толук түшүнө алган эмес. Ыйсанын адилдигин, тазалыгын жана сүйүүсүн дубан башкаруучусу көрбөй койо алган жок. Бирок качан ал Ыйса Өзүн Падыша гана эмес, бирок ошондой эле Кудайдын Уулу экенин да билген соң, Пилат коркуп кетти. Анткени римдиктер менен гректер бир күнү асмандан рухтар жана кудайлар түшүп, алар адам денесинде келип, элдердин арасында болот деп ишенишчү. Коркконунан алдастаган Пилат оюнда, «Ал адамдын денесиндеги кудай болуп жүрбөсүн?» - деп ойлоду. Ошондуктан ал: «Кайсы жерденсиң?» - деп сурады. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жазадан кутулууну Ыйса издеген жок, бирок Ал унчукпастан тура берди. Бул унчукпастык сунуш кылуунун белгиси болчу. Амалкөйлүк же, сыноо үчүн берилген суроого Кудай жооп бербейт. Ал Өзүн тааныган ишенгендерге ачып берет. Ал римдиктер менен гректердин кудайларынан айырмаланып турат. Ага окшош эч ким жок. Ыйсанын унчукпастыгына кыжыры келген Пилат: «Эмне, мени менен сүйлөшкүң келбейби? Менин Сени өлтүргөнгө да, койо бергенге да бийлигим бар. Сенин душмандарың Сенин айкаш жыгачка кадалышыңды талап кылып жатышат. Сени бир гана мен куткара алам, же бир гана мен айкаш жыгачка кердире алам» - дегендей кылды. Ыйса ага: «Албетте, сенде бийлик бар. Ал бийликти сага Менин Атам берген. Сен өзүң кыйын эмессиң. Жакында сенин убаракерчилигиң адилетсиз жаза чечимин чыгарууда билинет. Менин асмандагы Атам барынан кудуреттүү. Мен дагы кудуреттүүмүн. Анын эркисиз жерде бир дагы бийлик курулбайт. Тарыхты Кудай башкарат, жана ошол эле маалда, ал адамдардан кылган иштерине жооп берүүнү талап кылат. Сен башкаларга кылган иштериң үчүн жооп бересиң» - деп айткандай болду. Анан дагы Ыйса Пилатка: «Сен чоң күнөө кылдың, бирок ошого бир гана сен айыптуу эмессиң. Баарыңар тең күнөөгө белчеңерден баткансыңар. Сен Мени айкаш жыгачка кадагың келбей эле, бирок сен Кайападан корккондугуң үчүн, Мени айыптуу кылгың келип жатат». Башкы ыйык кызмат кылуучунун айыбы өтө чоң болчу, себеби ал Ыйсаны көрө албастыктан, жек көргөндүктөн айкаш жыгачка кадаткысы келген. Ал диний жогорку кызмат кылгандыктан, ал боорукердик менен кылмышкерге Кудай менен элдешүү жолун көрсөтүшү керек болчу. Бирок ал Ыйсаны өлтүргөнгө чейин жек көргөндүктөн, ал шайтандын куралы болуп калды.
д) Ыйсага карата Пилаттын адилетсиз чечими (Жакан 19:12-16)Жакан 19:12 Ыйса Пилаттын бийлигинин анык экенин айткан соң, Пилат Ыйсаны бошоткусу келди. Өзүнүн улуулугу менен Ыйса Пилаттын да бийлигине чек койгонго кудурети жетмек. Ыйса Пилатты коркуткан жок, бирок аны ашкереледи. Ал Пилаттын күнөөсү менен Кайапанын кылмышынын ортосундагы айырмачылыкты көрсөттү. Суракка алып жаткан адамдын үстүндө Ыйса Өзү Сот болуп, аны Кудайдын чындыгына карай жетектеди. Качан жүйүттүн ыйык кызмат кылуучулары Пилаттын жүрөгүндөгү өзгөрүүнү көрүшкөндө, алар кепти саясатка бурушту. Ыйсанын кудайлык табиятынын бекемдеши Рим соту үчүн пайдасыз болчу. Ошентип, эгерде Пилат Ыйсаны өлүмгө бербесе, анда ал Цезарга ишенимсиз дубан башкаруучу катары айыбын ача тургандарын айтып, коркутушту. «Цезардын достору» дегендин мааниси бул Императордун өз кишилери болчу. Бул наам анын алдында иштегендерге жана туугандарына гана берилчү. Пилаттын аялы да императордун туугандарынан болушу мүмкүн. Тиберий Цезарь табиятында эле ишенбес болгондуктан, ал эч кимге ишенген эмес. Ал өз бийлигинин өкүлдөрүнө да ишенген эмес. Ал дайыма көтөрүлүштү күтүп жашаган. Эгерде кимдир бирөө Цезардын досторуна айып коюп, ошол койгон айыбын далилдеп берсе, айыптуу адам сөзсүз куугунтукка учураган. Жүйүт башчылары Римге Пилат тууралуу «Жүйүттөрдүн Падышасын» эркиндикке чыгарып жиберди деп өздөрүнүн көтөрүлүшчүл болуп жатканына карабай, бул Пилат Цезардын бийлигине каршы душман топтоп жаткандай көрсөтүшмөк. Натыйжада Пилаттын бийлиги бошоңдомок. Чындык Ыйса тарапта болуп жатса дагы, Пилат Ыйса үчүн бийлигинен кол жуугусу келген жок. Бул коркутуу анын чындыкка карата туруктуулугун талкалап, Ыйсаны расмий түрдө айыптоого түрттү. Ал Ыйсанын каны менен тазалануудан баш тартты. Сырттан караганда, ал адил сот кылгандай көрүндү, бирок жүрөгүнүн түпкүрүндө ал өтө адилетсиз сот жүргүзгөндүгүн билген. Жакан 19:13-16 а Жүйүттөрдүн Машайакка болгон үмүттөрүн шылдыңдап, Римге болгон кайдыгерлигин ашкерелеп: «Өзүн Падышамын деп атаган Ыйсаны айыптадыңар! Алгыла ошол алсыз падышаңарды. Силер да Ага окшогон эч нерсеге арзыбаган немелерсиңер!» - дегендей болду. Жүйүттөр мындай шылдыңды түшүнүп, Ыйсага болгон нааразычылыктары жек көрүүгө айланды. Алар чогу: «Аны айкаш жыгачка алып бар! Ал айыптуу! Айкаш жыгачка кадалсын!» - деп кыйкырышты. Бир тууганым, бул кыйкырып жаткандар мыйзамдын негизинде динчил болуп, ошондон улам сокур болуп калышкан. Алар денеде келген сүйүүнү, ырайымды, Ыйсадагы ишке ашкан Кудайдын ыйыктыгын таанышкан жок. Тескерисинче алар Аны жек көрүштү, Андан кутулууну каалашты. Динчилдик да, кызганчаактык да адамды Кудайгы тарта албайт; бир гана Ыйсада ачылган сүйүү биздин көздөрүбүздү Анын ырайымына жана курмандыгына ача алат. Каардуу жүйүттөрдү Пилат шылдыңдап, Ыйсаны кайрадан «Падыша» деп атоо менен, элдин баары Ыйсаны өлтүрүүгө чечим кылып жатканын ачыкка чыгаргысы келди. Пилат өзүнүн айыптап жаткан айыбына шылтоо таабууга аракет кылды, бирок ажаан кыйкырык салып жаткан эл Ыйсаны айкаш жыгачка кадоо оюнан баш тарткан жок. Элдин үнү Кудайдын үнү эмес, анткени алар жеке максаттарын, дүйнөлүк каалоолорун издеп, жаңылышат, ал эми шайтан болсо ошол алсыздыктарды пайдаланып кетет. Пилаттын кайра-кайра шылдыңдаганына жүйүттөр абдан кыжырданышты. Алар күтүлбөгөн жерден «Биздин Цезардан башка падышабыз жок», - деп чыгышты. Мунун өзү эле эки жүздүүлүк эмеспи. Ыйык кызмат кылуучулардын тобу Машайактык кыймылдан коркушкан жана ошондой эле, алар Пилатты падышанын кошоматчысы деп жек көрүшкөн. Бирок ошол эле маалда, өздөрүнүн жериндеги Грек маданиятынын, мыйзамдарынын жана тартиптеринин жактоочусу болгон Цезарды артык көрүштү. Муну менен алар Байыркы Келишимдеги пайгамбарчылыктарды жана Машайакты күтүп келген үмүттөрүн сатып кетишти. Жалгандыктын Атасы аларды азгырып кетти. Мына ушунун баарына карабастан, бир гана Ыйса жүрөгүндө Атасынын үнүн угуп, чындыкка бекем турду. Акыры жүрүп отуруп, өзүмчүлдүккө, зөөкүрлүккө жана жалгандыкка берилген Пилат өтө катаал өкүм чыгарды. Ал эми Кудайдын Уулу момундукту сактап, дубан башкаруучусунун колуна салып берген Атасынын жетегине таянып турду. Мына ушундай адилетсиз өкүм аркылуу, Ыйса Кудай менен Адамзаттын ортосуна элдешүү алып келди. Ушул маалда шайтандын дүйнөсү жеңишке ээ болдук деп сайрандап жатышкан, бирок тозоктун күчтөрүнүн амалкөй жолдоруна карабай, Кудайдын максаты ишке ашты. Сыйынуу: Теңир Ыйса, биз Сага табынабыз; Дүйнөнүн күнөөсүн алып таштаган Кудайдын Козусу Сенсиң. Бизге боорукер, чынчыл жана адил жүрөк бере көр. Башкаларды өзүбүздүн керт башыбыз үчүн пайдаланбаганга, жана шайтандын жалганчылыгынан көрө өлүмдү тандаганга бизге жардам көрсөт. СУРООЛОР:
|