Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 109 (The choice; The flogging of Jesus; Pilate awed by Christ)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
А - Ыйса кармалгандан баштап көргө коюлганга чейинки болуп өткөн окуялар (Жакан 18:1 - 19:42)
3. Ыйса Римдик башкаруучунун алдында (Жакан 18:28 – 19:16)

б) Ыйсабы же Бараббабы? (Жакан 18:39-40)


Жакан 18:39-40
39 «Силердин салтыңар боюнча Пасах майрамы сайын бир туткунду бошотуп берчү эмес белем. Каалайсыңарбы, мен силерге жүйүт Падышасын бошотуп берейин?» 40 Ошондо алар: «Аны эмес, Бараббаны!» - деп кыйкырышты. Барабба болсо кылмышкер эле.

Пилат Ыйсанын чындыкты айтып жатканын жана Ал эч кандай коркунуч алып келбестигин түшүндү. Ал сыртта күтүп жаткан жүйүттөргө чыгып, Ыйсанын айыпсыз экенин эл алдында күбөлөндүрдү. Ыйса диний мыйзамдын да, жарандык мыйзамдын да негизинде күнөөсүз экендиги тууралуу төрт жакшы кабардын баары далилдейт. Пилат губернатор катары Ыйсага эч күнөө койо алган жок. Ошентип жарандык бийликтин өкүлү Ыйсаны айыпсыз деп тапты.

Пилат бул таң калтырган адамдан тезирээк кутулууну, жана ошол эле маалда, жүйүттөргө жагууга аракет кылды. Ал жүйүттөрдүн салтына ылайык, Пасах майрамына карата бир туткунду бошотуп берүүнү сунуш кылды. Ыйсаны шылдыңга калган Жүйүттөрдүн Падышасы деп атоо менен, Пилат башкы ыйык кызмат кылуучуну тынчыткысы келди. Пилаттын ою боюнча, Ыйсаны койо берген күндө да, Ыйса кадыр-баркынан кеткен неме болуп калмак, анткени Ал Өз элин Римдин кулчулугунан бошото алган жок. Бирок башкы ыйык кызмат кылуучу жана ал жерде тургандар «Жүйүттөрдүн Падышасы» деген наамды угушканда, ого бетер кыжырлары кайнады. Алар баатырды, бийликтүү жана катаал адамды күтүп жатышкан болчу. Ошентип алар кылмышкер Бараббаны тандап алышты; күнөөнүн адамын Кудайдын Ыйыгына алмаштырышты.

Ыйсага Кеңешме гана каршы чыкпастан, бирок ошондой эле жалпы эл дагы Аны жек көрүп турду. Сен кимдин катарында болор элең, чындык, момундук жана куралсыздын катарындабы же ырайымды жана чындыкты четке таштап, кылмышка, жалгандыкка негизделген мыйзамчылдардын катарына турасыңбы?


в) Ыйсанын жалаа жабуучуларынын алдында жазаланышы (Жакан 19:1-5)


Жакан 19:1-3
1 Ушундан кийин Пилат Ыйсаны камчы менен сабаттырды. 2 Аскерлер тикенектен таажы өрүп, Ыйсанын башына таажы кийгизишти да, үстүнө кочкул кызыл түстөгү чапан жабышты. 3 Анан алар: «Салам, жүйүт Падышасы!» - деп Аны жаакка чапкылашты.

Ыйсаны эркиндикке койо берип, Ага жалган жалаа жапкандарды кармоо Пилаттын жоопкерчилигинде болчу. Бирок Пилат анткендин ордуна, чындыкты бурмалап, өз артын качырды. Ошентип ал Ыйсаны жазалоого берди. Мындай жаза өтө катаал жана адам чыдагыс болчу. Шапалактардын учуна сөөктөр бекитилген болчу, жана качан чапканда бул сөөктөр денени тилип кетчү. Колдоруна түшкөн Ыйсаны аскерлер жулкулдатышып, устунга байлап, жонундагы кийимин чечип таштап, шапалак менен Ыйсанын денесин биринин артынан бирин тартып жатышты. Анын териси эттери менен кошо денесинен жулунуп жатты. Сөз менен сүрөттөгүс оору...Мындай жаза маалында көптөрү чыдай албай өлүп калышчу. Айыпсыз Теңирибиз денеси менен да, жаны менен да азап жеди.

Анысы аз келгенсип, аскерлер денеси кансырап, алсыраган Ыйсаны шылдыңдап да жатышты. Бул аскерлер жүйүттөрдүн баскынчыларынан корккондуктан, түн ичинде сыртка чыккандан коркушчу. Эми болсо, Жүйүттөрдүн падышасы деп аталган Ыйсаны мазактап, өч алганга аларга жакшы мүмкүнчүлүк табылды. Дүрбөлөңчүл жүйүттөргө болгон жек көрүү менен каар Ыйсанын жонуна түштү. Аскерлердин бирөөсү чуркап барып, тикенек жулуп келип, андан таажы өрө калып, Ыйсанын башына кийгизди. Таажыдагы тикенектер Ыйсанын чекесине матырылып кирип, чекесинен кан сызылып агып жатты. Башкалары болсо аскер башчыга таандык болгон чапанын алып келе калып, Ыйсанын жонуна жапты. Ыйсанын денеси кызыл канга оролду. Анан дагы аскерлер Аны тепкилеп, аёосуз ургулап жатышты. Кээ бирөөлөрү болсо, Ыйсаны тактыга даярдаган сымал таазим кылып, Аны шылдыңдап жатышты. Падышанын бул аскерлери Европанын ар кайсы мамлекетинен болгондуктан, Кудайдын Козусун мазактоого дүйнөнүн башка элдери да ортоктош болгон дегенди түшүндүрүп жатат.

Жакан 19:4-5
4 Пилат кайра сыртка чыгып: «Аны силердин алдыңарга алып чыгам. Бирок билип койгула, мен Андан эч кандай күнөө тапкан жокмун», - деди. 5 Ошондо башына тикенек таажы, үстүнө кочкул кызыл чапан кийген Ыйса сыртка чыкты. Пилат аларга: «Мын, Ал Адам!», - деди.

Пилат Ыйсанын ишин карап чыгып, Анын эч айыпсыз экенин билди. Ал жүйүттөрдүн алдына үчүнчү жолу чыгып: «Мен Андан эч кандай айып тапкан жокмун», - деди. Акыры жалгандыктын бетин ачып, чындыкты ачыкка чыгаруу үчүн Пилат аларды бетме-бет көздөштүрдү.

Дем алуусу оорлоп, денеси канжалаган, башына тикенек таажы кийген Ыйсаны Пилат элдин алдына алып чыкты. Ыйсанын жонунда канга чыланган кочкул кызыл чапан жабылган эле.

Дүйнөнүн күнөөсүн Өз мойнуна көтөргөн Кудайдын Козусунун акыбалын элестетип жатасыңбы. Мына ушундай мазактоо Ыйсадагы эч нерсеге тең келгис сүйүүсүн күчөтүп жатты. Ыйса Түндүктөн жана Түштүктөн келгендердин алдында, аны мазактап, басынтып, тикенек таажы кийгизгендердин алдында турду. Дүйнө жүзүндөгү асыл таштардан жасалган бүт таажылар күнөөдөн сатып алган Ыйсанын канга чыланган тикенек таажысынын баасына тең келгис эле.

Пилат өзү зөөкүр адам болсо дагы, мына ушул акыбалды көрүп, жүрөгүнө таасир алды. Ыйсанын жүзүндө жек көрүүнүн изи да жок болчу, оозуна каргыш сөз да алган эмес эле. Ал ичинен Атасына сыйынып, душмандарына батасын берип, мазактап жаткандардын күнөөсүн Өз жонуна көтөрдү. Ошондо дубан башкаруучусу: «Мына, Ал Адам!», - деген таң каларлык сөздөрдү айтты. Анткени ал ушул адамдын улуулугун жана кадырын сезди. Ал Машайак тууралуу: «Бул Кудайдын бейнесин алып жүргөн өзгөчө адам», - деп айткандай болду. Өлүм коркунучу болуп жатканда дагы Ыйсанын мээрими жанып турду; Анын алсыздыгында жана талкаланган денесинде ыйыктыгы жаркырап жатты. Ыйса Өзүнүн туура эмес кылган иштери үчүн эмес, бирок сенин жана бүт адамзаттын кылган күнөөсү үчүн азапка түштү.


г) Пилат Ыйсанын кудайлык табиятынан улам Аны кастарлап жатты (Жакан 19:6-12)


Жакан 19:6-7
6 Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен алардын кызматчылары Ыйсаны көрүшкөндө: «Аны айкаш жыгачка када! Айкаш жыгачка када!» - деп кыйкырышты. Пилат аларга: «Алып кеткиле да, өзүңөр кадагыла! Мен Андан эч кандай күнөө тапкан жокмун!» - деди. 7 Жүйүт башчылары ага мындай деп жооп беришти: «Бизде мыйзам бар, ошол мыйзам боюнча Ал өлүүгө тийиш. Анткени Ал Өзүн Кудайдын Уулумун деп айтып жатат».

Кыйноо убактысы узакка созулгандыктан, көптөгөн эл дубан башкаруучусунун дарбазасынын жанына жыйылып жатты. Жүйүт башчылары айткандарынан кайтпай, тескерисинче чогулуп сүйлөшүп алышып, Ыйсаны өлүм жазасына тартууну чечишип, ачуу кыйкырык менен Ыйсанын өлүмүн талап кылып кыйкырып жатышты. Ал эми Ыйсага боор тарткандар корккондорунан үрөйлөрү учуп, Кудай Ыйсаны таштап кетти деп ойлоп жатышты. Ыйса кереметтүү жол менен Өзүн куткарган жок. Эл ого бетер күчөп, Ыйсанын айкаш жыгачка керүүсүн талап кылды. Мына ушул учурда Пилатка өтө катаал чечим чыгарышка туура келди. Ошентип алар Ыйсаны четке кагып, шылдыңдоонун чокусуна жетишти.

Ошол мезгилдерде Пилат улам болуп жаткан коогалаңдардан жадап жаткан, бирок ошентсе дагы ал кимдир бирөөнү мыйзамсыз түрдө өлүм жазасына тартууну каалаган жок. Ошондуктан ал жүйүттөргө: «Алып кеткиле да, өзүңөр кадагыла! Мен Андан эч кандай күнөө тапкан жокмун», - деди. Ыйсанын эч айыпсыз экени ушуну менен үч жолу айтылды. Муну менен ал айыпсыз адамды сабаганга эч укугу жок экенин билип, өзүн өзү соттоду.

Римдин мыйзамынын негизинде адамды өлтүрүүгө тыю салынган. Пилаттын айткан сөзүн укпай, жүйүттөр өз каалоолорун талап кылса, анда Пилат Ыйсаны алардын колуна бермек. Жүйүттөрдүн мыйзамында адамды айкаш жыгачка асуу жок болчу, бирок ташбараңга алуу укугу берилген эле. Ыйса «Кудайды мазактады», ошондуктан ташбараңга алууга татыктуу.

Эгерде Машайактын Кудайдын Уулу экендиги чын болсо, жүйүттөр Ага табынышмак. Айкаш жыгач Анын Кудай эмес экендигин «аныктамак». Ошентип алар Анын каны менен эмес, Кудайдын алдын ала белгилеген планына туура келген айкаш жыгачтагы керилүү менен эмес, бирок анын өлүмү аркылуу гана акталышмак.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Биз жей турган камчыны сен жедиң, биз үчүн ооруну, кыйноону көтөрдүң. Чыдамдуулугуң үчүн, сүйүүң үчүн, улуулугуң үчүн рахмат. Сен биздин Падышабызсың. Сага баш ийгенге жардам берчи; Душмандарыбызга бата бергенге, жек көргөндөргө боорукер болгонго бизди үйрөтчү. Биздеги айыпты Сенин каның тазалап кеткени үчүн Сени даңазалайбыз. Кудайдын Уулу – биз Сендикпиз. Бизди Өз ыйыктыгыңа бекемде, боорукердикте жашаганга, биз үчүн тарткан азабыңды барктай билгенге жардам бер.

СУРООЛОР:

  1. Денеси аёосуз жанчылган, жонуна кызыл чапан жабылган, башына тикенек таажы кийгизилген Ыйсаны карап туруп, эмнени билдик?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:55 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)