Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 083 (The traitor exposed and disconcerted)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Б – Кечки тамактан кийинки болгон окуя (Жакан 13:1-38)

2. Чыккынчынын бетинин ачылышы (Жакан 13:18-32)


Жакан 13:21-22
21 Бул сөздөрдү айткандан кийин, Ыйса кайгырып мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, араңардан бирөө Мага чыккынчылык кылат». 22 Шакирттери Ыйсанын ким жөнүндө айтып жатканын түшүнүшпөй, бири-бирин карашты.

Ыйса шакирттерине бири-бирине сүйүү менен кызмат кылууну айткан. Ал адамдзаттын үлгүсүн жана момундукту шакирттерине көрсөтүп, Аны Теңир экендигин жана Ал бардык окуялардын, атүгүл өлүм саатынын да башкаруучусу экендигин, Анын жарыгы караңгылыктын ортосунда жаркырап тургандыгын Ыйса шакирттерине алдын ала айтты. Ошондой эле, Ыйса Жүйүттүн чыккынчылыгы тууралуу билдирип, анын ушундай чыккынчылыгына Жүйүттүн өзүнүн жеке планы аркылуу эмес, бирок мурда эле асмандан аныкталып койгондугун, бул ошол аркылуу болуусуна жол берилерин айтты.

Ыйса шакирттерине алардын ичинен бирөөсү Аны Жүйүттөрдүн Кеңешинин колуна салып берээрин айтты. Шаңдуу кеченин маалындагы мындай жарыя алар үчүн баштан ылдый суу куйгандай болду. Ыйса боло турган нерселер тууралуу көп айтпады, себеби Анын жаны жай таппай, кейип жаткан эле. Өзгөчө Аны Атасы калтырып кетерин ойлогондо, жүрөгү солкулдап жатты. Ыйса Жүйүттү сүйүп, тандап алган; тандалып алынган достун Кудайдын Уулун сатып жибериши мүмкүн эместей көрүнөт. Бирок Ыйык Китепте, Забур 40:10-аятында: «...Менин нанымды жеген адам Мага согончогун көтөрдү», - деп жазылган.

Шакирттери бирин-бири карашып: «Сен болуп жүрбө?» - дешип, бири-биринен шек санай башташты. Кантип эле биз чыккынчылык кылмак элек дешип, жүрөктөрүндө коркуп жатышты. Балким алар ойлорунда качан Ыйсаны куугунтуктап баштаганда, Андан кетип калууну ойлоп жатышкандыр. Алардын ойлору Ыйсанын алдында ачык экенин билишкенде жана чоң сыноого туруштук бере албастыгын түшүнүшкөндө, балким Андан уялышкандыр.

Жакан 13:23-30
23 Шакирттеринин бири Ыйсанын төшүнө башын коюп отурган. Ыйса аны жакшы көрөр эле. 24 Шымон Петир ага ким жөнүндө айтып жатканын сурачы дегендей белги берди. 25 Ыйсанын төшүнө башын коюп отурган ал: «Теңир, ал ким» - деп сурады. 26 «Бир үзүм нанды табактагы ашка малгандан кийин, кимге берсем, ал - ошол», - деп жооп берди Ыйса. Анан Ал бир үзүм нанды табактагы ашка малды да, Шымондун уулу Жүйүт Искариотко сунду. 27 нанды алары менен, Жүйүттүн ичине шайтан кирди. Ошондо Ыйса Жүйүткө: «Кылайын дегениңди тезирээк кыл!», - деди. 28 Дасторкондо отургандардын эч кимиси Ыйсанын ага эмне үчүн ушинтип айтканын түшүнүшкөн жок. 29 Акча салынуучу куту Жүйүттө болгондуктан, кээ бирөөлөрү: «Ыйса ага: «Майрамга карата бизге керектүү нерселерди сатып кел» же «Жакырларга бир нерсе бер», - деп жатат го», - деп ойлошту. 30 Жүйүт нанды алары менен, сыртка чыгып кетти. Тышта болсо түн эле.

Чыккынчылыктын артынан боло турган ушундай азаптын ортосунда биз сүйүүнүн күбөлөндүрүүсүн уктук. Жакан Ыйсанын төшүнө башын жөлөп отурган эле. Жакан өзүнүн ысымын Жакшы Кабарында бир да жолу эскертпесе дагы, анын Ыйсагы болгон өзгөчө жакындыгын, сүйүүсүнүн белгисин көрсөткөн. Ыйсанын сүйүүсүнө ээ болгондон артык ал үчүн мындан өткөн урмат жок эле. Мында ушул себептен, ал Кудайдын Уулун даңтап, Анын урматы үчүн өзүнүн ысымын эскертүүнү татыксыз деп тапкан.

Петир Ыйсадан чыккынчы ким экенин билүү үчүн батынып сурай албады, бирок ал чыдабай, Жаканга чыккынчы ким экенин билчи дегендей белги берди. Жакан Ыйсаны карап: «Ал ким?» - деп сурады.

Ыйса чыккынчынын атын атабастан, назик, басыңкы үн менен жооп берди. Ыйса сатып кеткен адамдын атын ачык айткысы келген жок. Ошол маалда Жүйүттүн жүрөгү жибий турган болчу. Ыйса токочтон бир үзүм үзүп алып, аяктагы тамакка малып, Жүйүткө сунду. Муну менен Ал шакиртин түбөлүк өмүргө жетелеп жатканын айткысы келди. Бирок Жүйүт чыккынчылыкка берилип алгандыктан, тамакка малынган токоч ага эч таасир бербестен, тескерисинче анын жүрөгүн таштай катуу кылды. Анын жүрөгү ырайымга жабык болгондуктан, шайтан ага кирди. Кандай коркунучтуу! Өзүнүн улуу кудурети менен Ыйса жүрөгү катуулардын жүрөктөрүн ого бетер катууланышына жол берет. Качан Ыйса ага токоч сунуп жатканда, шайтан Жүйүттүн оюнда ойноп жаткан. Ал нанды алгандан кийин, шайтан ага кирди. Ыйсанын чыккынчыга болгон соту Аны Кудайдын коргоосунан бошотуп, Шайтандын колуна салып берди.

Жүйүт нанды алып жатканда, анын жүзү ачылды. Анан Ыйсанын падыша катары: «Кылайын дегениңди кечеңдетпей тезирээк кыл, бирок ушуну менен жамандык биротоло жок болуп, мындан жакшы нерсе келип чыксын!», - деген буйругу аны таңыркатты.

Шакирттер Ыйсанын Жүйүттү шаштырган буйругун түшүнүшкөн жок. Мурда Ыйса тамак сатып алуу жоопкерчилигин ага тапшырчу. Ыйсанын жарыгынан караңгыга кетип бара жаткандагы Жүйүттүн жүзүндөгү коркунучтун сүрөтүн Жакан эч убакта унутпас.

Жакан 13:31-32
31 Жүйүт чыгып кеткенден кийин, Ыйса мындай деди: «Азыр Адам Уулу даңкталды. Ал аркылуу Кудай да даңкталды. 32 Эгерде Кудай Ал аркылуу даңкталса, анда Кудай да Аны даңктайт, Аны жакын арада даңктайт».

 Бул чыккынчылык аркылуу Ыйса кандайча даңкталып жатат? Кандайча жамандыктан жакшы нерсе келип чыгат?

Качан тандап алган шакирти сатып кеткенде, Ыйсанын жаны кейиди. Ыйсанын чыккынчы кайтып келери бекен деп сүйүүсү менен жалооруй караганы али да эсинде. Бирок тиги чыккынчы Ыйсаны колго түшүрүү үчүн, аскерлерге курал карматып даярдап турган Жүйүттөрдүн Кеңешмесине карай шашып жөнөдү.

Ыйса Жүйүттү чыккынчылыгын аткарууга жиберүү менен, саясий Куткаруучу болууга азгырган шайтандын күчтүү азгырыгын жеңип чыкты. Ал адамзатты алсыздык, момундук менен сатып алып, курмандык сүйүүсү Анын даңкынын маңызы экендигин жарыялоо үчүн, Кудайдын Козусу катары курман болууну тандады.

Ыйса өлүмү аркылуу Өз даңкын издеген жок, Ал Атасынын даңкын издеди. Атасы Аны адашкан дүйнөнү куткаруу үчүн жиберди. Уулу болсо адамзаттагы Кудайдын алгачкы даңкын кайра жаңыртууну каалады. Бул жаңыланууда Ыйса Атасын ачып берди, бизди Кудайдын Аталык мээримине бөлөдү. Кудай менен жаратылыштын ортосун бөлүп турган күнөөнүн дубалын жок кылуу үчүн окутуу жетишсиз болчу. Ошол бизди Кудайдан бөлүп турган дубалды талкалоо үчүн, адилдиктин талабы канагаттандырылыш үчүн Ыйсанын курмандыгы керек болду. Кудайдын ысымынын даңкталуусуна Машайактын өлүмү ачкыч болду. Бул курмандык болбогондо, Атабыз тууралуу билмек эмеспиз, Анын балдары боло алмак эмеспиз, жаңы жашоого кирмек эмеспиз. Качан гана Машайак Өзүнөн баш тартканда, Анын өлүмү Атасына даңк алып келмек жана ошондой эле Ал бардык улуу белектердин булагы болсун үчүн, Атасы Уулун да даңкка бөлөмөк. Ыйса колго түшүрүлүп, айкаш жыгачка кадалганга чейин эле, Өзүнүн тирилүүсүн, асманга көтөрүлүп кетүүсүн жана тактыда отурганын алдын ала эле билген. Бирок эми ошол даңкына кириш үчүн, Машайак алгач курман болушу керек болгон.

Машайактын азап чегүүсүнө, өлүмүнө ишенбеген, же буларды алсыздыктын белгиси катары кабыл алган адам Кудайдын айкаш жыгачтагы чагылдырылган сүйүүсүн жана мүрзөнү жарып чыккан Уулдун ыйыктыгын түшүнгөн эмес. Ага ишенген ар бир адам акталышы үчүн, Ыйса бүт адамзат үчүн өлүп, Кудайдын курмандык чалуучу жайында Анын даңкын көрсөттү.

Сыйынуу: Ата, Уул жана Ыйык Рух, бизге берген куткарылууң үчүн, Өзүңдү биз үчүн басынтып, азап тартканың үчүн, өлүмүң жана тирилүүң үчүн терең ыраазыбыз. Биз Машайактын каны аркылуу сатылып алынганыбызга ишенебиз. Рухтун күчү аркылуу биз Сени даңазалайбыз. Сен баарыбызды күнөөдөн жана жашоодогу ар кандай коркунучтардан куткардың. Сен бизге белек кылган өмүр түбөлүктүү. Уулуң жакында даңкы менен кайтып келерине биз ишенебиз. Оомийин.

СУРООЛОР:

  1. Качан Жүйүт кеткенден кийин, Ыйса көрсөткөн даңктын мааниси эмнеде?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 01:08 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)