Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 084 (The new commandment)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Б – Кечки тамактан кийинки болгон окуя (Жакан 13:1-38)

3. Жыйынга берилген жаңы осуят (Жакан 13:33-35)


Жакан 13:33
33 Балдарым, Эми Мен силер менен бир аз убакыт гана болом. Мени издейсиңер. Жүйүттөргө айткан сөзүмдү азыр силерге да айтам: «Мен бара турган жерге силер бара албайсыңар».

Ата Рухта даңкталгандан кийин, Ыйса бизге ишенимдин негиздери тууралуу түшүндүргөн. Ал денеси менен биз менен бирге боло албайт, Ал асманда болот. Машайактын тирилүүсү дүйнө үчүн өтө маанилүү. Тирүү Ыйсаны билбеген же ишенбеген адам сокур жана жолдон адашкан, ал эми Аны көргөн адам тирүү, ал түбөлүк өмүргө ээ болот.

Ыйса шакирттерина алар бара албай турган жерге бара турганын айтты. Муну менен ал Кеңешмени же, мүрзөнү айткан жок. Ал асманга көтөрүлүп кетүүсү жөнүндө айткан болчу. Атасы: «Сенин душманыңды бут алдыңа жыкканга чейин Менин оң жагымда отур», - деп айткан. Ыйса шакирттеринен дароо эле кеткен жок, Ал өлүмү, тирилүүсү, асманга көтөрүлүп кетүүсү тууралуу алдын ала эскертип, асманга бир дагы адам өз иштери аркылуу бара албастыгын айтты. Бул тууралуу Ыйса жүйүттөргө да айткан болчу, бирок алар муну түшүнүшкөн эмес. Шакирттери чыккынчылык сааты тууралуу эми түшүнүп калыштыбы? Ыйса жолдоочуларын азаптуу келечекке туш кылдырбай, бирок Атасы жана Уулуна түбөлүктүү табынууга ээ болгудай кылып ишти аткарды. Шакирттер Ыйсанын ишенимдүү экенине, аларды эч качан таштабасына ишеништиби? Алар өздөрүнүн күчтөн тайыбашына көздөрү жеттиби?

Жакан 13:34-35
34 «Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө! Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө! 35 Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет».

Рух аларда али жок болгондуктан, шакирттери айтылган сөздөрдү толук түшүнө албай жаткандарын Ыйса билген. «Кудай – сүйүү, сүйүүдө жашаган адам Кудайдын ичинде жашайт жана Кудай анын ичинде жашайт» деп айтылгандай, ишенимдин жана сүйүүнүн агымдары шакирттерде али жок болгондуктан, алар сокур сыяктуу болуп жатышты. Ыйык Үч Бирдик – сүйүү. Ыйык Үч Бирдиктин Инсандыгынын ортосундагы сүйүү барына чыдай турган биримдикти жарата алгандыктан, Ыйык Үч бирдикти кыймылга келтирүүчү принцип адамзатка да түшүүсүн жана ушул ыйыктыктын булагы шакирттеринде да болуусун Ыйса каалаган эле.

Ошентип Ыйса Жыйындын ичиндеги бир туугандарды бири-бирин сүйүүгө чакырды. Ал Байыркы Келишимдеги тыю салуучу он осуятты жокко чыгарган жок, тескерисинче, ушул улуу осуяттын баарын камтыган бир осуятты берди. Сүйүү бул мыйзамдын аткарылышы. Муса аркылуу келген тыю салуунун мыйзамдарынын негизинде Ыйса бизди жакшы иш кылууга ойготот. Сүйүү Жыйындын жашоосунун маңызы. Эгерде жыйында сүйүү жок болсо, анда ал өлүк жыйын.

Сүйүү Машайкатын инсандыгынын сыры. Ал койлоруна өзгөчө боор салгандыктан, адашкан койлорун артынан түшүп издеп таап, аларга өзгөчө ырайымын тартуулайт. Ыйса шакирттерине чыдамдуулук менен назик мамиле кылган. Ал Падышачылыгы үчүн сүйүүнү жана осуятты орнотту. Сүйө билген адам Ыйсанын мээриминде, боорукерлигинде болот, ал эми жек көргөн адам шайтандыкы. Сүйүү боорукер, ал мактанбайт. Элчилер жакшы кабарда жазгандай, сүйүү чыдамдуу, бардыгына, атүгүл душманына да жакшылык тилейт. Кудайдын сүйүүсү эч качан жаңылбайт; Анын сүйүүсү өтө жеткилеңдүү.

Жыйында сүйүү үчүн курмандыкка берилгенден башка белги жок. Качан гана биз өзүбүздү кызмат кылууга тарбиялаганда гана, Ыйсанын шакирттери боло алабыз. Ыйса көрсөткөн иш жүзүндөгү сүйүүнүн жолу менен жашоону үйрөнөбүз. Анын кечириминде жашайбыз жана башкаларды кубаныч менен кечиребиз. Эгерде жамааттагы бир дагы адам улуулукка умтулбай, бирок Машайактын Руху баарыбызды бир кылып койгонуна кубанып жашасак, анда асмандын күчү жерге келип, биздин тирүү Теңирибиз Ыйык Рухка толгон жыйынды орнотот.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн бир гана сүйүү Машайакчылардын жалгыз белгиси?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 01:10 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)