Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 010 (The fullness of God in Christ)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
А - Кудайдын Сөзүнүн Ыйса аркылуу келиши (Жакан 1:1-18)

3. Денеде келген Ыйсадагы Кудайдын толуктугу (Жакан 1:14-18)


Жакан 1:17-18
Анткени мыйзам Муса аркылуу берилди, ал эми ырайым менен чындык Ыйса Машаяк аркылуу пайда болду. Кудайды эч ким эч качан көргөн эмес. Аны бизге Атанын ичиндеги жалгыз Уул көрсөттү.

Байыркы Келишим менен Жаңы Келишимдин ортосунда айрымачылык Мыйзамдын негизиндеги адилдик менен Ырайымдын негизиндеги адилдиктин түрдүүлүгү менен айырмаланат. Кудай Мусага Он Осуятты, кан курмандыгын талап кылган мыйзамдарды жана жашоонун ирээтке келтире турган мыйзамдары берген. Ушул мыйзамдарды сактаган адам жашоого татыктуу болгон. Ал эми ушул мыйзамдардын бирөөсүн гана аткара албаган адам өлүмгө татыктуу болчу. Мына ушундай жол менен мыйзам адамзатты өлүмгө тарткан, анткени бул дүйнөдө мыйзамды толук аткара алган бир дагы адам болгон эмес. Өтө кыйын динчил адамдар да эрежелер менен Мыйзамды сактоонун мүмкүн эмес болгон тапшырмасынын алдында тобо кылууга мажбур болушат. Мындай адамдар өздөрүн жакшы адам катары эсептешет, себеби жашоолору Кудайга жагат деп ойлошот. Бул аларды өзүмчүлдүккө жана мыйзамчылдыкка алып барган. Алар сүйүүнү унутушуп, өзүмчүл иштеринин адилдиги менен маашырланышат. Албетте, мыйзам дагы ыйык нерсе, себеби ал Кудайдын ыйыктыгын чагылдырат. Бирок Мыйзамдын алдында ар бир адам күнөөкөр экендиги далилденди. Ушундайча мыйзам адамды бактысыздыкка жана өлүмгө алып барат.

Мына ушинтип өлүм жыттанып турган маалда, Жакан Жакшы Кабарында биринчи жолу Машаяктын Куткаруучу экенин, Ал бактысыздыктан, Кудайдын каарынан куткара тургандыгын айтып жатат. Назареттик Ыйса Ыйык Рухтун толуктугу менен майланган, убадаланган Мессия. Ал - падышалардын Падышасы, Кудайдын Сөзү жана Ыйык Кызмат кылуучу. Ал үмүттүн жана куткарылуунун бардык мүмкүнчүлүктөрүнүн жыйындысы.

Машаяк бизге жаңы мыйзамдын жыйындысы менен келген жок, тескерисинче Ал бизди мыйзамдын каргышынан сатып алуу үчүн келди. Ал Өзүнүн улуу сүйүүсү менен мыйзамдын талаптарын биз үчүн биздин ордубузга аткарды. Ал күнөөнү жана бул дүйнөгө берилген сотту Өзүнүн ийнине көтөрүү аркылуу, бизди Кудай менен элдештирди. Эми мындан ары күнөөлөрүбүздүн айынан Кудай биздин душманыбыз эмес, себеби Ыйса Машаяк аркылуу Кудай менен тынчтыкка келдик. Адам Ыйса асмандагы Атасына көтөрүлүп барып, бизге Ыйык Рухун жиберди. Ал биздин терең сезимдерибизди таза, чын жана чынчыл ойлор менен толтуруу аркылуу жүрөктөрүбүзгө сүйүүнүн мыйзамын басты. Мындан ары биз мыйзам алдында жашабайбыз. Биздин ичибизде Ыйса жашайт. Ушул жол аркылуу Кудай бизге сүйүүнүн каалоосун аткарганга күч берет.

Машаяктын келиши менен ырайым маалы башталды жана биз ошол ырайым алдындабыз. Кудай бизден ишти жана өз күчүбүз менен адилдикти бере турган курмандыктарды талап кылган жери жок. Ал бизге Кудайлык адилдикти белек кылып бере турган Уулун жиберди. Ага ишенген ар бир адам толугу менен адилдикке ээ болот. Ошондуктан биз Аны сүйөбүз, ыраазычылык айтабыз жана бизди ыйыктагандыгы үчүн, Ага өзүбүздү тирүү курмандык катары арнайбыз.

Машаяк бизди жетим калтырган жок, Ал биз менен калды жана жөндөмдүүлүктөрүнөн бизге да берди. Күнөөлөрүбүздүн кечирилишине жана Кудайдын Рухуна ээ болушубузга татыксыз болчубуз. Андан келген бир дагы белекке, жөндөмдүүлүккө биз татыксызбыз. Андан бизге келген бардык нерсе - бул ырайым. Чындыгында биз каргыш менен өлүмдөн башка эч нерсеге татыктуу эмес болчубуз. Бирок ишеним аркылуу Машаяктын каны менен биз ырайымын төккөн Кудайдын балдары болуп калдык. Күнөөнүн кулдары менен Ырайымдын балдарынын ортосундагы айырмачылыкты түшүнүп жатасыңбы? Ырайым Кудайдын жүрөгүндөгү жөнөкөй эле эмоциялык сезим эмес. Бул соттук укуктарга негизделген сүйүү. Кудай кимди кааласа, ошону эле кечирип койбойт, себеби күнөөкөрлөрдүн күнөөсү Анын өлүмүн талап кылды. Ошондуктан Машаяктын биздин ордубузга айкаш жыгачка керилиши бардыгын адил кылды. Эми биздин укугубуз болуп калган ырайым жана Кудайдын боорукердиги солкулдагыс чындык болуп калды. Машаяктын ырайымы биздин Кудай менен бирге жашообузга негиз болуп саналат.

Иштеринде эркин, бирок адилдикке байланган бул кандай Кудай деп сурагың келип жаткандыр. Биз буга мындай жооп берер элек: көптөгөн диндер Кудайды түшүндүрө албай кыйналышат. Бул диндер жерге коюлган, бирок асманга жетпеген тепкичке окшош. Ал эми Машаяк асмандан түшкөн, жерге орногон Кудайдын тепкичи. Ал аркылуу Кудай менен болгон жолугушуу бизди үмүтсүз калтырбайт.

Түбөлүктүү Кудайды эч ким эч качан көргөн эмес. Себеби биздин күнөөлөрүбүз бизди Ыйык Кудайдан бөлүп турган. Кудай жөнүндөгү бардык аныктамалар бул курулай, түшүнүксүз божомолдоолор. Бирок Машаяк - Кудайдын Уулу, Ал түбөлүктүү Кудай менен чогу, Үч Бирдик Кудайдын бир бөлүгү. Ошондуктан Уулу Атасынын ким экендигин билет. Буга чейинки бардык ачылыштар туура эмес. Машаяк Кудайдын жеткилең Сөзү жана бардык чындыктын жыйынтыгы.

Машаяктын кабарынын өзөгү эмне?

Ал: «Асмандагы жаратуучу биздин Атабыз»,- деген сыйынууну үйрөтүү аркылуу бизге Кудайга кайрылууну үйрөткөн. Кудайга ушундай сыйынуу менен кайрылуу аркылуу, Ал Кудайдын негизги табияты бул Анын Аталыгында деген чындыкты жар салган. Кудай диктатор эмес, басып алуучу, талкалоочу эмес. Ал кайдыгер жана көңүл кош эмес. Ата уулуна кам көргөндөй, Ал да биз үчүн кам көрөт. Баласы баткакка түшүп калса, аны баткактан сууруп чыгарып, тазалайт жана аны айыптуу дүйнөдө жоготуп жибербейт. Кудай биздин Атабыз экендигин билгенден баштап, биз коркунучтан жана күнөөдөн арылдык. Атабызга кайрылып келгенден баштап таза болдук. Биз Кудай менен түбөлүктүү жашайбыз. Биздин дүйнөгө Атанын ысымынан кирип келген ишенимдин төңкөрүшү бул Машаяк алып келген жаңы машаяктык ой-жүгүртүү. Машаяктын Сөздөрүнүн жана иштеринин маңызын ушул Аталык ысым түзөт.

Ыйса денеде келгенге чейин Ал Атасы менен болгон. Анын назик бейнеси Машаяк менен Кудайдын ортосундагы сүйүүнүн мамилесин жар салып турат. Өлүп кайра тирилгенден кийин, Уулу Атасына кайтып барды. Ал Кудайдын оң жагына отурду. Ал - Атасынын жүрөгү, башкача айтканда Ал Атасы менен ажырагыс биримдикте, Ал Анын ичинде. Демек Машаяктын Кудай жөнүндө айткандарынын баары чын. Кудайдын кандай экенин Машаяктан көрсөк болот. Уулу кандай болсо, Атасы да ошондой, Атасы кандай болсо, Уулу да ошондой.

Сыйынуу: Асмандагы жаратуучу Атабыз, бизге сүйүктүү Уулуңду жибергениң үчүн ыраазыбыз. Биз Сени даңктайбыз. Бизди мыйзамдын караңгылыгынан бошотуп, эркиндикке чыгаргандыгың үчүн жана бизге Өзүңдүн адилеттигиңди сепкендигиң үчүн Сага таазим кылабыз. Бизге берген ар бир белегиң үчүн, Сени Ата деп чакырганга укук бергендигиң үчүн рахмат! Биз Сени даңктайбыз!

СУРООЛОР:

  1. Машаяк бул дүйнөгө кандай ой жүгүртүүнү алып келди?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:41 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)