Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 009 (The fullness of God in Christ)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
А - Кудайдын Сөзүнүн Ыйса аркылуу келиши (Жакан 1:1-18)

3. Денеде келген Ыйсадагы Кудайдын толуктугу (Жакан 1:14-18)


Жакан 1:15-16
Жакан Ал жөнүндө бийик үн менен мындай деп күбөлөндүрдү: «Менден кийин Келе Жаткан менин алдыма чыкты, анткени Ал менден мурун эле бар болчу», - деп мен ушул Адам жөнүндө айткам». Андагы толуктуктан бардыгыбыз ырайым үстүнө ырайым кабыл алдык.

Чөмүлдүрүүчү Жакан өзүнөн кийин келе турган Машаяк андан мурда эле бар болгондугун башкаларга катуу үн менен жарыялаган. Муну менен чөмүлдүрүүчү Жакан Машаяктын түбөлүктүү экендигин белгилеген. Ал Машаяктын ааламдан, убакыттан жана өлүмдөн да бийик экендигин, түбөлүктүү жана эч жамандыгы жок Кудай деген чындыкты күбөлөндүргөн. Чөлдөн чөмүлдүрүүчү Жакан адамдын күнөөсүнүн тарткылыгын көрүп капаланган. Ал адамдарга күнөөсү үчүн кантип кечирим алуу керектигин үйрөткөн. Качан ал Ыйсаны көргөндө, Машаяк түбөлүктүү адам болуп төрөлгөнү үчүн, Ал чындыкка толуп тургандыгын, өлүмдүн Аны жеңгенге күчү келбестигин түшүнүп, жүрөгү зор кубанычка толгон. Кудайдын адамга айланышынан жана төрөлүшүнөн улам пайда болгон кубанычтын булагы бул Кудайдын түбөлүк өмүрү адамдын денесинде келгендигинде болуп жатат. Мына ушул убакыттан тартып, өмүр өлүмдү жеңди, анткени өлүмгө алып баруучу күнөө Ыйсада талкаланды.

Ушул ырайымдын маңызын түшүнгөн Жакан чөмүлдүрүүчү Машаяктагы Кудайдын толуктугун жогору көтөрүп, даңктаган. «Анда Кудайдын табиятынын толуктугу жашайт жана силер толугу менен Анын ичиндесиңер», - деп Пабыл айтат. «Андагы толуктуктан бардыгыбыз ырайым үстүнө ырайым кабыл алдык» -деп айтуу менен Жакан дагы ушул чындыкты бекемдеген.

Машаяктагы толуктук деген эмне жана биз андан эмнени алдык? Эгерде 16-аяттагы Машаяктын Инсандыгы тууралуу Жакандын түшүндүрмөсү эсиңде болсо, сен Анын Инсандыгынын улуулугун билесиң жана Анын ырайымы биздин ар бир күндөгү жашообузда деңиздей кенен жол менен келерин түшүнөсүң.

Сөз адамдын оозунан чыккан сыяктуу эле, Кудай Сөзү болгон Машаяк Атадан чыгат. Ал Кудайдын, Анын эркинин, маңызынын жана ырахатынын эң тереңиндеги жүрөгү. Жакшы Кабардын Сөзү бизге жетип, акылыбызга жетип, биздин эркибизди өзгөрткөндөй эле, Машаяк да жүрөктөрүбүзгө келип, Өзүнүн жакшы табиятынын негизинде бизди өзгөртөт. Бул эмне улуу ырайым эмеспи?

Машаяк - Кудайдын өмүрү: Окумуштуу үй кура алат, көпүрө сала алат жана бомба чыгара алат, бирок ал өмүрдү жасай албайт. Ата-энеге Кудай берген өмүрдү тукумуна өткөрүп берүү иши тапшырылган. Бул эмне ырайым эмеспи? Качан жердеги жашоо бүткөндө, ишенгендерге Машаяк түбөлүк өмүрдү сыйлык кылып берет. Бардык машаякчылар Кудай менен бирге өмүр сүрүшөт жана эч убакта өлүмгө дуушар болушпайт. Бул ырайым эмеспи?

Машаяк - бул дүйнөнүн жарыгы. Ал караңгынын жеңүүчүсү жана караңгы түндө жарыкты жаратуучу. Ал караңгыда жүргөн дүйнөгө үмүт берет, алсыздыктан сыздап жаткан дүйнөгө күч берет. Ал өзүнүн жарык нуру менен бул дүйнөнүн караңгылыгын жууп тазалаганга мүмкүнчүлүгү бар. Качан адамдар Ага ишенишкенде, Ал саясатка жана ишканаларга, үй-бүлөлөргө жана жыйындарга чындыкты жана жан дилден өзүн арноону берет. Бул ырайым үстүнө ырайым эмеспи?

Ыйса - ааламдын Жаратуучусу. Анда Кудайдын күчүнүн толуктугу жашайт. Анын кылган кереметтери Анын бийлигин көрсөтөт. Анын өлүп тирилүүсү өлүмдүн үстүндөгү Анын өмүрүнүн күчүн далилдеди. Ал Өзүнүн денесиндеги табийгый тартылуу күчкө үстөмдүк кылып, суунун бети менен басты, Ал кенедей нанды сындырып, беш миң адамды тойгузду. Ал ошондой эле сенин башыңдагы чачыңдын санын да билет. Сен Анын кам көргүч ырайымы үчүн ыраазычылык билдиргиң келеби?

Кудайдын толуктугу тууралуу көбүрөөк билүүнү каалайсыңбы? Ал бул дүйнөнүн Кожоюну. Бардык байлыктар, сенин жашооңдун ар бир мүнөтү, ал тургай сен өзүң дагы Ага тийиштүүсүң. Ал сени жараткан жана сени сактап жүрөт. Машаяк бардыгынын Кожоюну. Ал Өзүнүн даңкталышы үчүн Өзүнүн баталарын сага ишенип тапшырды. Сенин ар бир дене мүчөлөрүң, ойлоруң жана сенин үй-бүлөң Теңириңдин сага берген белеги. Ушул ырайымы үчүн Ага ыраазычылык айткың келеби?

Кудайдын адамга айлануусундагы жана Анын төрөлүүсүндөгү ажайыптуу нерсе бул кудайлык табияттын толуктугунун Наристенин денесинде келиши болуп жатат. Бул окуя болгонго чейин 700 жыл мурда дал ушул керемет жөнүндө Ыйык Рухтун шыктандыруусу аркылуу пайгамбарчылык айтылган. Анда мындай деп айтылат: «Анткени бизге Наристе төрөлдү, бизге Уул берилди. Бийлик кылуу Анын ийнинде, Ага: Кереметүү, Кеңешчи, Күчтүү Кудай, Түбөлүктүн Атасы, Тынчтыктын Төрөсү деген ат коюлат». Кудай Машаяк аркылуу мурда дүйнөнүн жаралышынын башында адамга берилген Өзүнүн ыйык бейнесин кайра калыбына келтирип жаткандыгын адамдын акылы жай түшүнөт эмеспи. Ыйса акылдуулугу менен даңкталат. Ал - жарыктандырган Кеңешчи жана кудуреттүү түбөлүктүү Кудай. Кудайдын бардык табияты жана белектери акырдагы Наристеге берилген. Кудайдын бизге Ыйса аркылуу келүүсү укмуштуудай ырайым экендигин түшүндүң беле? Эми биз: «Кудай биз менен!» - деп айта алабыз.

Машаяк Өзүнүн боорукердигин жашырган эмес. Эгер ошондой болсо, Ал асманда эле кала бермек. Ал биздин дүйнөгө келди, биздикиндей денеде келди. Бизге асманга жол ачып, бизди Атасы менен элдештирүү үчүн, бизди Өзүнүн толуктугу менен толтуруу үчүн биздин эң төмөнкү келбетибиз менен келди. Кудайдын максаты – жыйында Өзүнүн толуктугунун катышуусу экендигин Пабыл күбөлөндүргөн. Эфестиктерге жазылган каттагы 1:23; 4:10 жана Колостуктарга жазылган каттагы 2:10-аяттарды оку, ошондо сен Кудайдын даңкынын агымына келип түшөсүң жана Ал сени өз Теңириңдин ырайымын көкөлөтүп даңкатоого алып келет. Өз күнөөлөрүңдүн айынан байкуш тейден кала бербе, андан көрө жүрөгүңдү Машаяктын толуктугуна ач. Акырдагы Наристеге кел, ошондо көп түрдүү бата сени коштойт. Ал сени тегерегиңдегилер үчүн батанын булагы кылат.

Сыйынуу: Теңир Ыйса Машаяк, Сен Кудайдын Уулусуң. Сүйүү, бийлик жана чындык бир гана Сенде. Биз Сенин алдыңа келип табынабыз жана шаттанабыз, себеби Сен бизден алыстабай, биздин арабызда жашадың. Сен бизди сүйөсүң. Сен Адам болуп келип, бизди сатып алдың жана ырайым үстүнө ырайымды убадаладың.

СУРООЛОР:

  1. Машаяктын толуктугу деген эмне?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:40 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)