Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 008 (The fullness of God in Christ)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
А - Кудайдын Сөзүнүн Ыйса аркылуу келиши (Жакан 1:1-18)

3. Денеде келген Ыйсадагы Кудайдын толуктугу (Жакан 1:14-18)


Жакан 1:14
Сөз адам болуп, биз менен жашап турду. Биз Анын даңкын, Атанын жалгыз Уулунун даңкын көрдүк. Ал ырайым менен акыйкатка толо эле.

Ыйса Машаяк деген ким? Ал - чын Кудай жана чын Адам. Жакан бул улуу сырды жакшы кабарынын өзөгү катары көргөзүп жатат. Кудай Сөзүнүн денеде келгенин айтуу менен, ал жакшы кабарынын негизин көрсөткөн. 14-аят - кийинки бардык кабарлардын ачкычы. Эгерде сен ушул рухий берметти толук мааниси менен кабыл алган болсоң, анда кийинки бөлүмдөрдү түшүнүүгө терең көрөгөчтүк аласың.

Машаяктын денеде келиши биздин рухий жаңылануубуздан таптакыр башкача. Бизде баарыбызда дене бар жана баарыбыз тең ата-энеден төрөлгөнбүз. Убагы келгенде, Жакшы Кабардын Сөздөрү келип, бизде түбөлүк өмүрдү жаратты. Ал эми Машаяк болсо, дүйнөдөгү атасынан төрөлгөн эмес. Кудайдын Сөзү периште аркылуу Мариямга келип, Ал ага мындай деди: «Сенин үстүңө Ыйык Рух түшөт. Сага бардыгынан Жогоркунун күчүнүн көлөкөсү түшөт. Ошондуктан төрөлө турган Ыйыкка Кудайдын Уулу деген ысым берилет». Качан Мариям кыз ушундай кереметтүү кабарды ишеним менен кабыл алагандан кийин, адамдын каны менен Ыйык Рух кошулганда, анын жатынында уникалдуу түйүлдүк пайда болгонун билди. Кудай-Адам мына ушундайча пайда болгон.

Бул чындыкка биздин акылыбыз жетпейт. Биология илими бул сырдуу төрөлүүнү түшүндүрүп бере албайт. Буга адамдын акылы жетпейт. Машаяк бир эле мезгилде Адам дагы, Кудай дагы болгон.

Ушул кереметүү төрөлүүгө Машаяктын денедеги келишине эң жакшы түшүндүрмө бере алат. Доор баштала электе эле, Атадан чыккан Кудайдын түбөлүктүү Уулу биздин денелик табиятыбызда күнөөсүз жашады. Андагы Ыйык Рух күнөөгө болгон бардык тарткылыктарды жеңип өттү.

Кудайдын Уулу өлө турган, тил албас, жамандык жасаган адамзат менен аралашып жашады. Бирок Ал түбөлүктүү, Ал Өзүнүн кудайлык табиятынын негизинде өлүмгө дуушар болууга мүмкүн эмес. Ал Өзүнүн улуулугуна караганда, бизди сүйдү жана Өз даңкын таштап, жөнөкөй жашады. Ал биздин кейпибизге окшош болду жана биздин абалыбызды абдан жакшы түшүндү. Ал бардык кыйынчылыктарда толук тил алчаак болууну үйрөндү. Мына ушундай жол менен Ал чыныгы боорукер болду. Ал жамандык гана жасаганды билген бизден баш тарткан жок. Бизди Кудайга жакын алып келүү үчүн, Машаяк адам болуп, бизге жакын келди.

Машаяктын денеси Байыркы Келишимде Кудайдын эли менен кезиге турган жер – ыйык чатырга окшош. Кудай Машаяктын ичинде болду жана Өзү тууралуу адамдарга адамдын денеси менен айтты. Машаякта Кудайдын бардык табияты болгон. Грек текстинде Жакан Машаякты «биздин арабыздагы чатыр» деп атаган. Башкача айтканда, Ал жерде, биздин арабызда дайыма жашоо үчүн бекем сепил курган эмес, бирок көчмөндөр кыска убакытка чатырда жашаган сыяктуу, биздин арабызда жашап кетти. Ал Өз чатырын ылдый жерге алып келди жана аны башка жерге көчүрдү. Машаяк кайра асманга кеткенге чейин, кыска убакытка биздин арабызда жашады. Элчилер Машаяктын даңкын көргөндөрү тууралуу чогу күбөлөндүрүшкөн. Алардын кубанычтары коюндарына батпай, шаттануу менен күбөлөндүрүшкөн. Алар Кудайдын Уулунун жерге денеде келип, адамдардын арасында болгондугун өз көздөрү менен көрүшкөн. Шакирттердеги ишеним Ыйсанын сүйүүсүн, чыдамкайлыгын, момундугун, тил алчаактыгын жана кудайлык табиятын түшүнүүгө алардын көздөрүн ачты. Ыйсанын тазалыгынан алар Кудайдын Өзүн көрүштү. Байыркы Келишимдеги «Анын даңкы» деген сөз айкашын бардык кудайлык табияттын жыйынтыгы деп түшүнсө болот. Элчи Жакан өзүнүн күбөлөндүрүүсүндө Ыйсадагы бүт ушул кудайлык табиятты эрдик менен ачып берген. Ал Ыйсанын сулуулугун жана бийиктигин сезген сыяктуу эле, Анын жашырылган улуулугун да сезген.

Ыйык Рухтун шыктандыруусу аркылуу Жакан Кудайды Ата жана Ыйсаны Уул деп атаган. Бул сөздөрдөн айланып өтүү эч мүмкүн эмес. Ыйык Рухтун шыктандыруусу биздеги ыйык жана кудуреттүү жаратуучу Кудайды – Ата, жана Уулу Атасы сыяктуу ыйык, даңктуу, түбөлүктүү жана сүйүүгө толгон экендигин көрсөткөн Кудайдын ысымын жашырган жабууну ачат. Кудай кудуреттүү күчү менен талкалап, өч алуучу каардуу Сот эмес. Ал боорукер, назик жана чыдамкай Кудай. Анын Уулу дагы ушундай. Атанын жана Уулдун өзөгүнө жетүү менен, биз Жаңы Келишимди толук түшүнөбүз. Уулун көргөн Атасын да көрөт. Бул аян башка диндердеги Кудайдын табиятын өзгөртүп, биздин көздөрүбүздү сүйүүнүн дооруна ачты.

Сен Кудайды билгиң келеби? Анда Машаяктын жашоосун изилде. Ыйсадан шакирттери эмнени көрүштү? Алардын күбөлөндүрүүлөрүнүн жыйынтыгы эмне? Алар ырайым менен чындык коштолгон Кудайдын сүйүүсүн көрүштү. Сыйынып бүткөн соң, ушул сөздөр тууралуу ой жүгүрт. Ошондо Машаяктагы Кудайдын даңкынын толуктугу эмне экендигин сезесиң. Татыксыз болсок дагы, Ал бизге айыктыруучу Руху менен келет. Биз баарыбыз тең айыптуубуз, бизде эч жакшы нерсе жок. Канчалык тескери бурулсак дагы, Анын бизге келиши Анын ырайымын көрсөтүп турат. Ал бизди бир туугандарым деп атагандан уялган жок. Ал бизди тазалады, ыйыктады, жаңылантты жана бизди Өзүнүн Рухуна толтурду. Булар эмне «ырайымдын үстүнө ырайымдын» куткаруу иштери эмеспи? Ал тургай Ал бизге жаңы укук берди, Машаяк бизди ырайымынын негизинде Кудайдын балдары болууга укук берди. Ырайымдын кабары жалган эмес, ал фантазия да, жомок да эмес, ал – жаңы укук. Кудайдын денеде келиши Кудайдын бизди Өзүнүн куткаруусунда жеткилеңдүүлүккө үйрөтүп жаткан Кудайдын иштерин айгинелеп жатат. Биздин ишенимибиздин негизи бул - ырайым.

Сыйынуу: Акырдагы Наристе, Бейт-Лехемдеги койчулар жана акылмандар сыяктуу биз да Сага табынабыз. Бизди бир тууганым деп уялбай атаган, бизге денеде келген Кудайсың. Сенин жарыгың караңгыда жаркырады. Менин жүрөгүм Сенин түбөлүктүү акырың болушу үчүн, менин кир жүрөгүмдү тазарт. Бардык башка ишенгендер менен Сени көкөлөтүп даңктайм, себеби Сенин даңкың момун денеде келди. Биздин тегерегибиздеги бактысыз эл өздөрүнүн жаңы укуктарын кабыл алсын жана ошондой эле Сени таанып калышсын деп өтүнүү менен сыйынабыз.

СУРООЛОР:

  1. Машаяктын денеде келишинин мааниси эмнеде?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:38 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)