Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 007 (The Baptist prepares the way of Christ)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
А - Кудайдын Сөзүнүн Ыйса аркылуу келиши (Жакан 1:1-18)

2. Чөмүлдүрүүчү Жакан Машаякка жол даярдайт (Жакан 1:6-13)


Жакан 1:11-13
Ал Өз элине келди, бирок Өз эли Аны кабыл алган жок. Ал эми Аны кабыл алып, Ага ишенгендерге Кудайдын балдары болуу бийлиги берилди. Алар кандан эмес, дененин каалоосу менен эмес, эркектин каалоосу менен эмес, Кудайдан төрөлүштү.

Байыркы Келишимдин элдери Кудайга тийиштүү болчу, себеби Теңир аларды ыйыктагандан кийин, Өзүн келишим аркылуу бул күнөөкөрлөргө байлаган. Бул элди Ал жүздөгөн жылдар боюу жетектеп келген. Теңир алардын жүрөктөрүн мыйзамдын сокосу менен жумшартып, Жакшы Кабардын себилишине даярдап келген. Мына ушундай жол менен Ыбрайымдын тукумдары Машаяктын келишине даярдалып келинген эле. Анын келиши - Байыркы Келишимдин максаты жана маңызы болгон.

Бирок Машаяктын келишин кубаныч менен тосуп алууга тандалган эл Теңир Ыйсадан баш тартып, Анын жарыгын кабыл албагандары таң калыштуу. Алар мыйзамдын караңгылыгында, сотко карай шашылып барууну артык көрүштү. Ошентип, алар ырайымдан айрылышты. Алар Машаяктын куткаруусуна караганда өздөрүнүн иштерин сүйүштү. Бул эл тобо кылуунун ордуна өздөрүнүн жүрөктөрүн чындыктын рухуна катуулантышты.

Жалгыз гана Байыркы Келишимдин элдери Кудайдын эли болгон жок, бирок Кудуреттүү Кудай ташты, планеталарды ал тургай адамзатты да жараткандыктан, бүтүндөй адамзат Анын эли болуп саналат. Мына ошол себептен Байыркы Келишимдин элдери сыяктуу эле, бүт дүйнө бирдей жоопкерчиликке ээ. Биздин Жаратуучубуз жана Кожоюнубуз ачылып берген ар бир адамдын жүрөгүнө жана үйүнө киргиси келет. Сен Кудайга тийиштүүсүң. Сен өзүңдү Теңирдин башкаруусуна бердиң беле? Бүгүнкү күндө элдердин көпчүлүгү Машаяктын жарыгына ачылууга даяр эмес. Теңирдин нуру жашоолорундагы караңгылыкты жеңүүсүн каалашпайт. Азыркы учурда адамдар мына ушундай жол менен Кудайдын Уулунан көбүрөк баш тартып жатышат.

Ошентсе дагы, Ыбрайымдын урпактары болобу, же жалпы адамзаты болобу, деги эле ким болбосун, жүрөгүн Машаякка ачып, өзүн Куткаруучунун кудуреттүү колуна тапшырган ар бир адам чоң кереметтерди көрөт. Асмандан келген Жарык ал адамды кудайлык жарыгы менен жарыктандырат жана жүрөгүнүн бир бөлүгү болуп калган караңгыны жеңет. Ошондой эле, Кудайдын күчү анын жүрөгүнө кирип, ички дүйнөсүн түп-тамырынан бери жаңыртат. Күнөөнүн кулчулугунан сени Машаяк гана бошотот. Ал сага Кудайдын баласына тийиштүү болгон эркиндикти берет. Качан сен Машаякты сүйгөнүңдө, Ыйык Рух сенин жүрөгүңө кирип, жашооңдо куткаруу ишин баштайт.

Жакшы кабарчы Жакан биз Кудайдын балдары экенибизди айткан жери жок. Ал рухий өсүү аркылуу Анын балдары болорубузду айтып жатат. Бул сөздөрдүн ортосунан чоң айырмачылыктарды табууга болот. Машаякка ишенген адам жаңы жашоого кирет жана ошол эле убакта ал рухий жашоодо жеткилеңдүүлүккө карай өсүп жаткан процессте болот. Теңирдин күчү бизди жаңы адам кылып жаратты жана ошол нерсе бизди ыйыктайт жана жеткилең кылат.

Башка бирөөнүн баласын багып алган сыяктуу, Кудай бизди багып алган жок. Биз рухий төрөлүү аркылуу Кудайдын баласы болуп калдык. Машаяктын Рухунун биздин жүрөктөрүбүзгө кириши Теңирдин толук бийлиги бизде да бар дегенди түшүндүрөт. Ишенгендерге мындай Кудайдын бийлигинин берилиши бул дүйнөнүн акыркы мезгилиндеги бир дагы күч ишенгендердеги ушул кудайлык мүнөзгө тоскоол кыла албайт деген чындыкты көрсөтүп жатат. Ишенимдин автору жана ошол ишенимди жеткилең кылуучу - бул Ыйса Машаяктын Өзү.

Кудайдын балдары менен дүйнөнүн балдары бири-бирине салыштырылгыс. Биз ата-энебиздин табийгый каалоосу аркылуу же алдын-ала пландоосу аркылуу төрөлгөнбүз. Балким ата-энебиз Рухтун жетеги аркылуу чогу сыйынышса керек. Бирок ата-энебизден алган бардык рухий, психологиялык жана физикалык мурастарыбыз биздин Кудайдан жаңы төрөлүүбүзгө эч кандай байланышы жок. Рухий жаңылануу башынан эле ыйык жана ал Кудайдан келет. Ар бир машаякчы Андан төрөлөт. Биздин чыныгы Атабыз – Ал.

Бир дагы наристе өзүнөн өзү төрөлө албайт. Ал кимдир бирөө аркылуу төрөлөт. Ушул сыяктуу эле, биздин рухий төлөрүүбүз - бул чыныгы ырайым. Машаяк жүрөктөрүбүзгө Жакшы Кабардын үрөндөрүн сепкен. Ким ушул үрөндөрдү сүйүп, кабыл алып, сактаса, анда ал адамда Кудайдын түбөлүк өмүрү өсөт. Кудайдын Сөзүн угуп, аны аткаргандар рахаттуу.

Ишенген үй-бүлөдө төрөлүү, же машаякчылар менен болгон байланыш бизди Кудайдын баласы кыла албайт. Бир гана Машаяктын ысымына болгон ишеним бизди Кудайдын балдары кыла алат. Бул ишенимдин мааниси Ага жакындоо, өзүн Анын мүнөзүнө чөмүлдүрүү, Анын назиктигин түшүнүү жана Анын күчүнө көз каранды болуп өсүү. Мындай өсүү качан гана өзүбүздү Анын колдоруна бергенибизде, Ал бизди сактай тургандыгына жана бизди Өзүнө окшош кыла тургандыгына ишенгенибизде гана болот. Машаякка болгон ишеним бул Ал экөөбүздүн ортобуздагы чын жүрөктөн болгон мамиле жана түбөлүктүү келишим. Рухий төрөлүү Ыйсага болгон ишеним аркылуу гана ишке ашат. Жогорудан төрөлүү ишенимден чоң же татаал деп айта албайбыз, же ишеним жогорудан турулүүдөн кичине же оңой деп да айта албайбыз. Бул экөө тең бирдей.

Жакшы кабарчы Жакан Жакшы Кабарынын ушул жерине жеткенге чейин, Ыйса Машаяктын ысымын атаган эмес. Анын ордуна ал Анын Инсандыгын элдин тилинде, алардын ойлонуу жолуна жакын сөздөрдү колдонгон. Жакшы кабарчы Жакан жыйындарга берген ушул Машаяктын сапаттарынын алты маанисин түшүндүңбү? Ушул күчтөргө жүрөгүңдү ачып, аларга табындыңбы? Чындап эле Кудайдын баласы болгуң келеби?

Сыйынуу: Теңир Ыйса Машаяк, мен Сага табынам, сени сүйөм жана жүрөгүмдү Сага ачып берем. Менин күнөөлөрүмө карабай Сен мага келдиң, Мени бүт күнөөлөрүмдөн тазаладың. Эми Ыйык Рух аркылуу менде жаша. Теңир, мен Сага жүрөгүмдүн эшигин ачтым.

СУРООЛОР:

  1. Машаякты кабыл алгандар эмне болот?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:38 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)