Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- The Lord is my Shepherd -- 001 (The confession of the king)
This page in: -- Armenian -- English -- German -- Indonesian -- KYRGYZ -- Uzbek -- Yiddish

Next Lesson

БӨЛҮМ 7: Забурлар 23 - Теңирим менин кайтаруучум
23 Забур боюнча ой жүгүртүү жана Забурдагы койчу (кайтаруучу) Ыйса жонүндө айтылат
1. Теңирим менин кайтаруучум

Падышанын Теңирди таануусу


Жайытта жүргөн койлорду көргөн адам жердеги бейкуттукту, тынчтыкты жана коопсуздукту дароо эле байкайт. Анткени алардык кайтаруучусу да ал жерде. Бул койлор, мүмкүн, кайтаруучунун өзүнүкүдүр, мүмкүн сатып алгандыр, же бирөөлөр ага бактырып жаткан чыгар. Кандай болсо да, койлордун баары анын карамагында. Кайтаруучу койлордун жанынан чыкпайт. Ал койлордун ар бирин беш колундай жакшы билет, ошондой эле алардын ар бири үчүн кам көрөт. Анын эс-дартынын баары койлордо. Койлор жакшы төлдөп, жакшы көбөйүшү үчүн, кайтаруучу бүт өмүрүн арнайт. Кыйынчылык учурларда койлорун аман сактап калыш үчүн, ага азап тартууга, кыйынчылыкка каршы күрөшүүгө туура келет. Ал тургай, кайтаруучу өлүмгө даяр болушу керек. Ал – койлор үчүн өз жанын берген жакшы кайтаруучу.

Койлор да өздөрүнүн кайтаруучуга тиешелүү экендигин билишет. Ал кайда барбасын, койлор аны ээрчийит. Койлор анын үнүн таанышат, башка үндү ээрчип кетишпейт. Алар кайтаруучуга тил алуу аркылуу өздөрүнүн ишенимдүү экендигин далилдешет. Койлор менен койчу бири-бирине таандык.

Мындан 3000 жыл мурда падыша жана забурчу Дөөт пайгамбар Кудай жөнүндө: «ТЕҢИР менин Кайтаруучум!» - деп ырдаган. Дөөт пайгамбар бала чагында койчу болгон. Ал Бейт-Лехемдин адырларында атасынын койлорун кайтарган: артта калып калган козуларды көтөрүп алган; адашып кеткен койлорду издеген; арстандар менен алышып, күнү-түнү күзөтүп турган. Бул Дөөттүн кийинчерээк өз элинин падышасы болгондо, баш ийбес адамдарды башкаруусуна даярдык болгон. Дөөт пайгамбар «Теңир менин Кайтаруучум» деген сөздүн маанисин башкаларга караганда жакшыраак билген. Ал улуу падыша болсо да, тирүү Кудайдын жетектөөсүнө жана сактоосуна муктаж экендигин жашырбай, өзүн Ага тапшырган. Ал: «Кудай менин Теңирим жана Кайтаруучум», - деп айткан. Кудайдын бекем ишенимдүүлүгү жана көзөмөлдөөсү ага коопсуздукту камсыз кылган. Ал Кудайдын жетектөөсүн жашоосундагы жакшы күндөрдө да, коркунучтуу күндөрдө да көргөн жана ага күбө болгон. Качып жүргөндө кудуреттүү Теңир аны бардык душмандарынан куткарган. Үңкүрлөрдө, чөлдө жашап жүргөндө эле Кудай аны падышалыкка көтөргөн. Дөөт Шабулдай текебер болгон эмес, тескерисинче, Теңирдин жетеги менен жүргөн. Көптөгөн жылдар бою куугунтукталып жүргөндө асманда да, жерде да Теңирдей кам көргөн эч ким жок экендигин сезген. Ал өзүн Теңирге ишенип тапшырган, ошондой эле Кудай менен жана Кудай үчүн жашоону каалаган. Забурчу падышанын ыры жакшы Кайтаруучу жөнүндө. Дөөт бир учурда кежир, кызуу кандуу, киши өлтүрүүчү жана нике бузуучу болуп, өзүнүн жолу менен жүргөн. Анын жашоосунда Теңиринин мыйзамын бузган учурлар да болгон. Бирок ал жыгылганына аябай өкүнгөн. Анын чын жүрөктөн өкүнүп тобо кылган сөздөрү дүйнөлүк адабияттарда да белгилүү (мисалы, 32, 50-забурлар). Бүгүнкү күндө миллиондогон адамдар ушул забурду айтып сыйынышат.

ЗАБУРЛАР 51,12
«Кудайым, таза жүрөк жарат, рухумду жаңыла. Менден жүзүңдү бурба, менден Өзүңдүн Ыйык Рухуңду алба».

Көптөгөн адамдар Дөөт сыяктуу эле күнөө кетиришет. Бирок бул падыша сыяктуу өкүнүп тобо кылгандар сейрек учурайт. Дөөт жашоосундагы ушундай укмуштуу жана жүрөктү толкундаткан тажрыйбасынын негизинде ырайымдуу Теңирди жетектөөсүнө өзүн чын жүрөгү менен тапшырат. Ошондон кийин ал өзү каалагандай жашагысы келбей калат. Ошондуктан ал: «Теңир менин Кайтаруучум, мен эми өз билгенимдей жашабайм, анткени анын жыйынтыгы кандай болорун билем; мындан күнөө менен айыптан башка эч нерсе чыкпайт. Мындан ары өжөрлөнбөйм. Сырттан жана ичтен келген кыйынчылыктарда да Куткаруучумду ээрчигенде коопсуз болом. Биздин тирүү Теңирибиз коргогондой эч ким коргой алайт. Мындан улуу коопсуздук бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да жок», - деген жыйынтыкка келгендир. Анын нике бузуп, киши өлтүргөнүн ыйык Кудай кечиргенден кийин, ал башынан өткөргөн окуялардан улам Кудайды таанып, асман-жерди жараткан Кудайды «Теңирим жана Кайтаруучум» деп жатат. Улуу жана түбөлүктүү Кудайдын биздей кекчил адамдарды кабыл алганы, ыйык болуп туруп, ыплас адамдарды Өзүнө чакырганы, боорукер болуп туруп, мыкаачыларды кабыл алганы, кам көрүүчү Кайтаруучунун адашкан койлорду Өзүнүн эң сонун короосуна киргизгени акылга сыйбайт.

Дөөттүн кылган күнөөсү көпчүлүктү дүрбөлөңгө салган шумдук окуя болду, өзүнө болсо сабак болуп калды. Тил алчаак жана адептүү адамдар эле эмес, жаман, текебер адамдар да Кудайга баш ийип, күнөөсү үчүн өкүнүп кечирим сурай алышат. Дөөт ушул окуялардан кийин өзүнүн Теңир тарабынан түбөлүккө кабыл алынгандыгына жана эч качан четке кагылбай тургандыгына толук ишенген. Ал кыйын күндөрдө да, жакшы күндөрдө да Ага өзүн ишенип тапшырган. Куугунтукталып жүргөндө да, ооруганда да Кудайдын кам көрүүсүн жана жетектөөсүн сезген. Ал: «Мен көп нерсеге ээ болбосом да, эч нерсеге муктаж эмесмин, анткени Теңир мени менен. Ал мен үчүн кам көрөт. Мен жалгыз эмесмин, Ал мен үчүн бардыгын пландаштырат, мени эң жакшы жолдор менен алып жүрөт. Мен энесинин колундагы наристе сыяктуу эч нерседен кам санабайм. Теңир дайыма мени менен болот. Ал менин мурунку жашоомду тазалайт, келечегиме үмүт берет, Теңир менин Кайтаруучум. Мен Ага, Ал мага таандык, жашоомдогу бардык түйшүктөр экичи орунда калат», - деп айтканга батынган.

Теңир биздин Кайтаруучубузбу? Жашообузду Ага тапшырдыкпы? Жашообузда күнөөлөр, айыптоолор көп болгон учурда да биз Ага, Ал бизге таандыкпы? Бул суроолор – забурчу Дөөттүн ар бирибизге берген, укумдан-тукумга калган терең маанилүү суроолору.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:28 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)