Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- Christ -- 06 (Christ's Sufferings)
This page in: -- Arabic? -- Azeri -- Baoule -- Chinese -- English -- French -- Greek -- Indonesian -- Japanese -- KYRGYZ -- Russian -- Sundanese -- Turkish -- Ukrainian -- Uzbek

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 8: БӨЛҮМ МАШАЯК - Машаяк жөнүндө кандай ойдосуң
Өмүр менен тааншуу, Машаяктын кудурети жана сүйүүсү

6. МАШАЯКТЫН АЗАП ЧЕККЕНДЕРИ ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕНИ БИЛЕСИҢ?


Машаяк өлдү – бул чындык жана факт. Ал азап тартып өлдү. Машаяк алдын ала Өзү кантип өлөөрүн билген. Ал бул тууралуу ачык эле пайгамбарчылык кылган.

Сен кайсы жерде өлөөрүңдү билесиңби? Өз шаарыңда, жолдо баратып же керебетиңде жатып өлөсүңбү? Кырсыктан же табигый жол менен өлөсүңбү? Канча жашыңда, кайсы айда же кайсы күнү өлөөрүңдү билесиңби? Сен өлгөндөн кийин туугандарың эмне болоорун билесиңби?

Биз өзүбүздүн өлүмүбүз жөнүндө эч нерсе билбейбиз. Пайгамбарлар да акыркы сааты качан келерин билишкен эмес. Теңир Машаяк болсо билген, Ал алдын ала Жүйүттөрдүн жетекчилеринин жана бутпарас Римдиктердин сотунан кийин өтө көп азап чегип, Иерусалимде өлөрүн айткан. Ал өз эрки боюнча кайсы күнү өлөрүн чечкен. Бул адамдардын күнөөсүнүн айынан, Кудайдын каары алардын үстүнө төгүлбөш үчүн козуну курмандыкка чала турган күн - улуу Пасах майрам күнү эле. Ошентип, Ыйса бул дүйнөнүн күнөөсүн көтөргөн Курмандык Козу болуп өлдү, Ага ишенген адамдардын үстүнө Кудайдын каары төгүлбөшү үчүн, биздин кылмыштарыбызды Өзүнө алып кетти. Машаякка ишенген ар бир адам түбөлүккө таза жана адил болуп калат.

Машаяк Өзүнүн өлүмүнүн маанисин, качан, кайсы жерде, кантип болорун гана алдын ала айтпастан Өзүнүн жолдочууларын үчүнчү күнү кайра тирилерине да ынандырган. Эч ким Анын жеңиштүү тирилүүсүнө тоскоолдук кыла алган эмес, Ал чынында эле тирилди.

Ыйса да мындай деген: «Жанымды эч ким Менден тартып албайт, аны Өз каалоом менен курман кылам. Жанымды курман кыла турган да, кайтып ала турган да бийлигим бар. Бул — Мага Атамдын тапшырган милдети». (Жакан 10:18)

Бир да адам өлө турган маалы жөнүндө билбейт, бир да адамдын өзүн өзү тирилте алгыдай күчү жок. Машаяк бул дүйнөнүн күнөөсүн алып кетүү үчүн жана биздин акталышыбыз үчүн өлдү. Ал өмүр берүүчү – Өзүнө ишенген ар бир адамга Ал өз өмүрүн берет. Жер бетинен Ал сыяктуу өлүп, кайра өзү тирилген бир да адамды таба албайбыз. Машаяктын өлүмү бүткүл адамзаты үчүн төгүлгөн Кудайдын улуу батасы.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:19 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)