Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 130 (The witness of John and his gospel)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
Б – Ыйсанын тирилүүсү жана шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:1 - 21:25)
5. Ыйсанын көлдүн жанында көрүнүшү (Жакан 21:1-25)

г) Жакандын күбөлөндүрүүсү жана Жакшы Кабары (Жакан 21:24-25)


Жакан 21:24
24 Ушулардын баарын ошол шакирт жазып алып, күбөлөндүрүп жатат. Биз анын күбөлөндүрүүсү чындык экенин билебиз.

Бул жерден биз төрт маанилүү чындыкты билсек болот:

Бул Жакшы Кабар жазылып бүтүп, грек тилинде сүйлөгөн жыйындардын арасында таратылганда, жакшы кабарчы Жакан тирүү болчу. Ал Чөмүлгөн күндөн тартып Машайак асманга көтөрүлүп кеткенге чейин Ыйсанын шакирти болуп кала берди.

Жакан Ыйса Машайакка өз көзү менен күбө болгон. Ал Ыйсадан уккан сөздөрүн жана Ал кылган кереметтерин жазган. Бул Жакшы Кабар жыйындын эскерүүсүнөн улам жазылган эмес, бирок муну Ыйсанын сүйүктүү шакирти Жакан өзү жазган.

Балким ал грек тилинде таза сүйлөй албаса керек, ошондуктан ал мыкты ойлорун грек тилин жакшы билген, тилчи жолдоочусуна жаздырышы мүмкүн. Бул кабардын мааниси так жана чындык эч кандай бурмаланган эмес. Ошол кездеги жакшы кабарчылар бир ооз менен Жакандын күбөлөндүрүүсү так жана туура экендигин далилдешкен. Жакандын Жакшы Кабары башка үч Жакшы Кабардан маңызы боюнча айырмалангандыктан, мына ушундай жыйынтык келип чыккан. Сүйүктүү шакирттен чыккан мына ушул өзгөчө кабар биз үчүн эң кымбат кенчтердин бири.

Бул Жакшы Кабарды жазган адамдар жашоолорундагы Машайактын катышуусун айтышып, Аны кабыл алышкан жана алар Ыйсанын ысымына ишенүү менен Кудайдын балдары болуу укугуна ээ болушкан. Аларга жогорудан Ыйык Рух түшүп, алардын ичинде жашаган жана шайтандын рухун айырмалай билүү жөндөмдүүлүгү берилген. Алар Сооротуучу Рухтун жетеги алдында чындыкты жалгандан, апыртмадан ажырата билишип, акыры аларга бардык чындык ачылып берилген.

Жакан 21:25
25 Ыйса булардан башка дагы көптөгөн иштерди кылган. Эгерде алардын баарын жазып чыга турган болсо, жазылган китептер бул дүйнөгө батмак эмес деп ойлом. Оомийин.

Кээ бир адамдар төрт жакшы кабардын болушун чалынчу таш катары көрүшөт. Эгерде биз Пабылдын каттарын жакшы кабардын уландысы катары (ал өзү айткандай) кошсок, анда бизде беш жакшы кабар болот. Негизи эле, чыныгы Машайакчынын жашоосунун өзү эле жакшы кабар эмеспи. Жакандын жакшы кабарын жазган адам Ыйсанын айткандары жана кылган иштери тууралуу шакирттерден абдан көп уккандыктан, алардын баарын чогултуп жазуу мүмкүн эмес болчу. Кудайдын толуктугу анын ичинде жашаган. Бүгүнкү күндө дагы Ал Жыйында жашайт. Жыйын Анын артынан ээрчиген сайын, Ал аны жетектеп турат. Эгерде биз өлгөндөн тирилген Ыйсанын кылган иштеринин баарын бүгүнкү күнгө чейин жазып келе турган болсок, андан жазылган китептер батпай кетмек. Түбөлүктүүлүк Машайакчылар үчүн адамзаттын тарыхындагы Машайактын сүйүүсүнүн бийиктигин, узунун, туурасын жана тереңдигин түшүнүү үчүн берилген. Биздин тирүү Теңирибиз Жаңы Келишимде жазылгандай Өз сөзү аркылуу иштейт. Биз ушунчалык бактылуубуз, анткени биз Анын үнүн уга алабыз, оюн түшүнүп, Анын чакырыгын ээрчий алабыз. Бардыгы тобо кылуу үчүн Жакан Ыйса Машайактын сүйүүсүн мындайча сүрөттөгөн: «Биз Анын даңкын, Атанын жалгыз Уулунун даңкы көрдүк. Ал ырайым менен акыйкатка толо эле. Андагы толуктуктан бардыгыбыз ырайым үстүнө ырайым кабыл алдык».

Сыйынуу: Теңир Ыйса Машайак, Өз кызматчың Жаканды ушул жакшы кабарды жазганга шыктандырганың үчүн терең ыраазыбыз. Анын сөздөрү аркылуу Сен Өзүң бизге сүйлөп жатасың. Боорукердигиңе, сөздөрүңө, кылган иштериңе, өмүрүңө, өлүмүңө жана тирилүүңө рахмат. Сен бизге Атаны ачып бердиң, биздин күнөөлөрүбүздү кечирдиң. Өз Рухуң менен бизге жаңы өмүр тартууладың.

СУРООЛОР:

  1. Жакандын Жакшы Кабарынын чындык экендигин далилдеген адамдар эмнени күбөлөндүрүп жатышат?

7 — тест

Урматту окурман, төмөндөгү 24 суроонун ичинен 20 суроосуна туура жооп жазып бизге жибериңиз. Эгерде буга чейинки алты китептеги суроолорго дагы жооп жазып жиберген болсоңуз, биз сизге Жакандын Жакшы Кабарын ийгиликтүү аяктады деген күбөлүктү тапшырабыз.

  1. Анастын алдындагы сурак маалында Ыйса менен Петирдин ортосундагы мамиле кандай болгон?
  2. Ыйса кандайча Падыша болуп саналат?
  3. Денеси аёосуз жанчылган, жонуна кызыл чапан жабылган, башына тикенек таажы кийгизилген Ыйсаны карап туруп, эмнени билдик?
  4. Эмне үчүн Пилат Ыйсага өлүм жазасын чыгарды?
  5. Айкаш жыгачка илинген жазуунун мааниси эмнени түшүндүрөт?
  6. Ыйсанын айткан акыркы сөзү кайсы?
  7. Ыйсанын сөөгү сындырылбагандан улам биз эмнени билдик?
  8. Ыйсаны көргө кою расмисинен эмнени үйрөнсөк болот?
  9. Машайактын тирилүүсүн күбөлөндүргөн үч белгилер кайсылар?
  10. Бош калган мүрзөнүн ичинде турганда, Жакан эмнеге ишенди?
  11. Эмне себептен Ыйса Мариямга келип, атынан чакырганга чейин, Мариям Теңири Ыйсанын денесин издөөнү токтотподу?
  12. Машайактын магдалалык Мариямдын оозу аркылуу жар салган кабары эмне эле?
  13. Тирилгенден кийинки Ыйсанын шакирттерине айткан эң биринчи сөздөрүнүн мааниси эмнеде?
  14. Шакирттери эмнеге кубанышты?
  15. Шакирттерди жиберүүдөгү таң каларлык нерсе эмне?
  16. Ыйык Рух Ал ким? Сенин Машайакты күбөлөндүрүүң аркылуу ал эмне кыла алат?
  17. Томастын тобо кылуусу эмнени түшүндүрүп жатат?
  18. Эмне үчүн Ыйса көрбөй ишенгендерди «бактылуу» деген?
  19. Жакан өзү жазган Жакшы Кабарынын акырында чыгарган тыянагынын негизги ою эмне?
  20. Эмне үчүн торго түшкөн көп балык шакирттерди уяткарды?
  21. Ыйса менен Петирдин ортосундагы сүйлөшүүдө сени эмне таң калтырды?
  22. Петир кантип Кудайды даңктады?
  23. Ушул Жакшы Кабардагы Ыйсанын акыркы сөздөрүнүн мааниси эмне?
  24. Жакандын Жакшы Кабарынын чындык экендигин аныктаган адамдар эмнени күбөлөндүрүп жатышат?

Тест жазган баракка атыңызды жана дарегиңизди дааналап жазууну унутпаңыз. Катты төмөнкү дарекке жибериңиз:

Waters of Life
P.O.Box 600 513
70305 Stuttgart
Germany

Internet: www.waters-of-life.net
Internet: www.waters-of-life.org
e-mail: info@waters-of-life.net

Эгерде биз менен бирдикте Ыйык Китепти терең изилдөөнү улантууну дагы кааласаңыз, анда сизге Ыйык Китептин башка китептери тууралуу түшүндүрүлүп жазылган китепчелерди салып жиберүүгөө даярбыз.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 10:19 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)