Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 122 (Jesus appears to the disciples)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
Б – Ыйсанын тирилүүсү жана шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:1 - 21:25)

2. Ыйсанын шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:19-23)


Жакан 20:22-23
22 Ушуну айткандан кийин, Ал шакирттерине демин үйлөп: «Ыйык Рухту кабыл алгыла! 23 Кимдин күнөөлөрүн кечирсеңер, ал кечирилет, ал эми кимдин күнөөлөрүн кечирбесеңер, ал кечирилбейт», - деди.

Ыйса: «Атам Мени жиберген сыяктуу, Мен да силерди жиберем», - дегенде, шакирттери түшүнө албай оңтойсузданган болсо керек. Ошол убакта алар Жүйүттөрдөн корккондуктан, бекинип алышкан. Алар ишенимде алсырап, бойлорун таптакыр таштап салышкан эле. Денесине жан кирип, жашоонун башатын берүү үчүн, башталышта Кудай Адамга өмүр берүүчү демин үйлөгөн сыяктуу эле, Ыйса да шакирттерине демин үйлөдү. Демин үйлөө менен бул жерден Ыйса Өзүн Жаратуучу катары да көрсөттү; Ал шакирттеринде жаңы адамды жаратып, жашоолорунда Атанын жүзүн чагылдыруу үчүн аларды Руху менен кайраттандырып, бийликтүү күчтү да берди.

Шакирттери Ыйык Рухту кабыл алгандан кийин, адамдар кечиримге ээ болуу шартын Ыйса алардын колдоруна тапшырды. Мына ушул шартты кабыл алгандар кечиримге ээ болорун, ал эми шартты кабыл албагандарга кечирим жок экендигин жар салуулары керек болчу. Алар Ыйса Машайакты көрсөтүү аркылуу күнөөнүн кечиримин жарыялашмак. Күнөөдөн кечирим алуунун негизинде, алар Машайактын Жыйыны болушмак.

Ыйса шакирттерине кечирүүнү эмес, бирок кечиримди жар салууга бийлик берген; Кечиримди бир гана Кудай кылат (Ышайа 43:25).

Ушул жамандыкка толгон дүйнөдө Ыйса сени элчи болууга чакырган. Ал сен аркылуу куткаруу ишин ишке ашыргысы келет. Өзүңдүн чектелген күчүң менен барып, кабар таратпа, андан көрө, кайсы бир мамлекеттеги элчи өз падышасы же өкмөт башчысы менен байланышта болуп, күнүмдүк тапшырмасын алып аткарган сымал, сен да Теңир менен байланышта бол. Сен өз алдыңча иш кылгыдай кичинекей кудай эмессиң, бирок сен Теңирдин кулусуң. Ал сен аркылуу куткарылуу ишин ишке ашырууну көксөйт. Эгерде бүгүн Анын үнүн угуп жаткан болсоң, жүрөгүңдө кежирленбе, андан көрө Ыйык Рух сени Машайактын тайсалдабас, кайраттуу, бирок ошол эле маалда момун жана акылдуу кылышы үчүн, акылыңды, абийириңди Ага ачып бер.

Сыйынуу: Теңирим Ыйса, Сен менин үйүмө келип киргендей, мен Сага татыксызмын; бирок ошентсе да Сен мага Ыйык Рухуңду бердиң, мени жарыкка алып чыктың, тирилттиң. Сен мени адамдарга Өз атыңдан жибердиң. Ыраазымын Сага, анткени менин алсыздыгымда Сенин күчүң жеткилеңдүү болот. Сенин эркиңе катарлаш болуум үчүн, эки жүздүүлөнбөй, момун бологонго жардам бер, мени өзүмчүл ойлордон тазала. Ошондо Сенин тынчтыгың көптөргө жетет.

СУРООЛОР:

  1. Ыйык Рух Ал ким? Сенин Машайакты күбөлөндүрүүң аркылуу ал эмне кыла алат?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 10:09 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)