Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 106 (Jesus arrested in the garden)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
А - Ыйса кармалгандан баштап көргө коюлганга чейинки болуп өткөн окуялар (Жакан 18:1 - 19:42)

1. Ыйсанын Гетсемани багынан кармалышы (Жакан 18:1-14)


Жакан 18:1-3
1 Ыйса ушул сөздөрдү айткандан кийин, шакирттери менен ал жерден чыгып, Кидрон суусунун наркы өйүзүнө өттү. Ал жерде бир бак бар эле. Ыйса шакирттери менен ошол бакка кирди. 2 Ыйса ал жерде шакирттери менен тез-тез жолугуп тургандыктан, Ага чыккынчылык кылган Жүйүт да ал жерди билчү. 3 Ал бир топ аскерди жана башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлердин кызматчыларын ээрчитип келип калды. Алардын колунда шамана, чырак жана курал бар эле.

Ыйса сыйынуусунда Атасы менен сүйлөшүп, Ал Өз өмүрүн, шакирттерин жана аны жолдогондорду Кудайдын колуна тапшырды. Мына ушул коштошуу сыйынуусу менен Ал сөзүн, кызматын жана сыйынуусун аяктаган соң, Ал Кудайдын Козусу катары дүйнөнүн күнөөсүн көтөрүү милдетин ишке ашыруу үчүн, азап-тозоктун алгачкы баскычына кирди.

Кидрон дарыясын бойлой жаткан Зайтун Тоосунда жайгашкан, дубал менен курчалган бакка Ыйса шакирттери менен келди. Бул жерге Ыйса шакирттери менен тез-тез келип, эс алып, өздөрүнчө убакыт өткөрүшчү.

Жүйүт болсо бул жашыруун жер тууралуу билчү жана ал Жүйүт башчыларына Ыйсанын кайда экенин айтып берди. Жүйүт башчылары ийбадаткананын сакчыларын жана фарисейлердин өкүлдөрүн чогултушту. Рим башчыларынын уруксаатысыз, алар бирөөнү түн ичинде кармоого, же курал менен кармоого укуктары жок болчу. Бул тууралуу дубан башчысы билчү. Жүйүт башчылары Жүйүттүн берген кабарына ыраазы болушпай, аны Машайакты кармоого бара жаткандарга жол көрсөтүп баруусун талап кылышты. Ошентип Жүйүт Ыйсага чыккынчылык гана кылбастан, ал Ыйсаны өз колу менен душмандарынын колуна салып берди. Баарынан жогору турган Кудай ушунчалык кемсинтилди.

Жакан 18:4-6
4 Өзүн эмне күтүп турганын толук билип турган Ыйса алардан: «Кимди издеп жүрөсүңөр?» - деп сурады. 5 Алар Ага: «Назареттик Ыйсаны!» - деп жооп беришти. Ошондо Ыйса аларга: «Менмин», - деди. Чыккынчы Жүйүт да алар менен турган эле. 6 Ыйса аларга: «Менмин», - дегенде, алар артка кетенчиктеп жерге жыгылышты.

Колго түшүрүүчүлөр бакка кантип киришкенин биз билбейбиз. Алардын колдорунда көп май чырактар болгондур жана алар эгерде Ыйса кача турган болсо, Аны качырбай, колго түшүрүүгө даяр турушкан. Ыйса терең сыйынууда болуп жатканда, шакирттери уктап жатышкан. Ал сыйынып жатканда, көптөгөн адамдар чыккынчы менен бирге аларга жакындап келе жатканын байкады. Катаал жаза жана азап Аны күтүп турганын билсе дагы, Ыйса качуунун жолун эч ойлогон жок. Ал бардыгын билген жана Атасына баш ийип турду. Ыйса ордунан туруп, кирип келген адамдарга жакын барды, Ал Өзүнүн улуулугуна жана урматына эч шек келтирткен жок. Чындыгында, Ыйсаны салып берген бул Жүйүт эмес болчу, бул биз үчүн Өзүн салып берген Теңир Өзү болду.

Ыйса алардан: «Кимди издеп жүрөсүңөр?» - деп сурады. Качан алар Анын ысымын атаганда, Ыйса: «Ал Менмин», - деп жооп берди. Эгерде алар рухий көз менен көрө алышканда, «Менмин» дегени Кудайдын Өзү Ыйсанын ичинде, алардын арасында турганын түшүнүшмөк. «Силер өз Куткаруучуңарды өлтүргүңөр келип жатабы? Ал Менмин, алгыла да, кылчуңарды кылгыла. Силердин алдыңарда турган бул Мен - Жаратуучумун, Куткаруучумун».

Бул сөздөр ошол жерде башкалар менен бирге турган Жүйүттүн жүрөгүн көзөп өттү. Жакандын Жакшы Кабарында Жүйүттүн ысымы мына ушул жерде акыркы жолу эскерилген. Жакан Жүйүттүн Ыйсанын бетинен өпкөнүн да, кантип өлгөнүн да жазган эмес. Жакан үчүн эң биринчиси бул душмандарынын алдындагы Ыйсанын Өзүн татыктуу көрсөтүүсү маанилүү болчу. Ыйсанын мындай момундук менен, өз ыктыяры менен алардын алдына келиши, Анын өлүмгө даяр болушу Жүйүттүн жүрөгүн өрттөдү. Ошол маалда, кармоого келгендер Ыйсанын улуулугунан коркуп, артка кетенчиктеп, жерге жыгылышты. Алар айыптууну кармаш үчүн согушканга даяр болчу. Бирок Ыйса: «Силер издеп жүргөн Ал Менмин», - деп Өз намысына шек келтирбестен, аларга Өзү жакындап келди. Качан алар жерге жыгылышканда, Ыйсанын качып кетүүгө мүмкүнчүлүгү болгон, бирок Ыйса алардын алдында тура берди.

Жакан 18:7-9
7 Ыйса алардан дагы бир жолу: «Кимди издеп жүрөсүңөр?» - деп сурады. «Назареттик Ыйсаны», - деп жооп беришти алар. 8 Ыйса аларга: «Менмин», - деп Мен силерге айттым. Эгерде Мени издеп жүрсөңөр, буларды коё бергиле, кете биришсин», - деди. 9 Анын «Мага бергендериңдин эч кимиси өлгөн жок» деген сөзү аткарылышы үчүн ушундай болду.

Машайак Өзүн колго түшүрүүчүлөрүнүн көңүлдөрүн Өзүнө бурду. Себеби, шакирттерин кармоого аракет кылып жатышкан болчу, ошодо Ыйса аларды коргоо үчүн душмандары менен беттешип, Өз көкүрөгүн тозду. Ал Өз койлору үчүн жанын бере турган Жакшы Кайтаруучу жана ал шакирттерине эч залака тийгизбеш үчүн, Өзүн аскерлердин колуна салып берип, аларды Өзү алып кетти. Ыйсанын намысы аларды таң калтырды. Алар Ыйсанын айтканындай кылышты. Ал кайрадан «Менмин» деп айтуусу менен, «Мен Өмүрдүн Нанымын, Мен дүйнөнүн Жарыгымын, Мен Эшикмин, Мен –Жол, Чындык жана Өмүрмүн, Мен – Куткаруучумун. Силердин алдыңарда адамдын денесинде Кудай Өзү турат», - дегендей болду. «Ыйса» деген ысымдын мааниси бул Кудай белгилейт жана куткарат дегенди түшүндүрөт. Кудайдан келген жардамды Жүйүттөр кабыл алышкан жок. Алар момун Назареттик Ыйсаны өздөрүнүн Куткаруучусу катары кабыл алышпады.

Жакан 18: 10-11
Ошондо Шымон Петир кылычын кынынан сууруп алып, башкы ыйык кызмат кылуучунун кулунун оң кулагын шылый чапты. Кулдун аты Малкос эле. 11 Бирок Ыйса Петирге: «Кылычыңды кыныңа сал! Атам берген чөйчөктөн ичпей коймок белем», - деди.

Петир Теңирин түшүнбөй калгандыр, же кунт коюп уга албаган чыгар. Ал уктап жаткан жеринен ойгонуп, балким дагы эле уйкулуу болсо керек. Ал аскерлерди көрүп, кыжыры келип, кынынан кылычын сууруп чыкты. Ыйса ага кылыч алып жүрүүгө уруксаат берген болчу. Ошондо ал Теңиринин буйругусуз эле башкы ыйык кызмат кылуучунун кулунун кулагын шылый чапты. Кулдун кулагы кесилип кетти. Кийин Петир каза болгондон кийин, бул тууралуу бизге Жакан баяндап жазган болчу. Ыйса андан ары кан төгүлүп, шакирттери колго түшпөшү үчүн, Ыйса Петирге кылычын кынына салууга буйрук кылды.

Анан Ыйса шакирттерине сыйынгандан кийин кабыл алган каардын чөйчөгү тууралуу айтты. Ушундан улам, кармалганга чейин, Теңирдин жан-дүйнөсүндө рухий күрөш болгонун айтып жатат. Эми болсо Теңир биз үчүн Кудайдын каарына калууга, Өзүнө түшкөн бардык сотту көтөрүүгө даяр экенин көрдүк. Каардын чөйчөгү Кудайдын Өзүнүн колунан келмек. Ошентип Ыйса Өзүнүн жанындай жакшы көргөн Атасынан ачуунун ачуусун кабыл алды. Атасы менен Уулу адамзатты чогу куткармак. Ошондо Ыйсада, сүйүү болбогондо, Ал муну кабыл ала алмак эмес. Кудай дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Ал Өзүнүн Уулун берди.

Сыйынуу: Кагылайын Ата, биз Сага табынабыз, анткени Сенин акыл жеткис сүйүүңдөн улам, Уулуңду биз үчүн бердиң. Кудайдын Уулу, биз үчүн өлүмгө даяр болгон Сенин ырайымың, улуулугуң үчүн Сага табынабыз! Гетсемани багында Сен качып кетпестен, шакирттериңди коргош үчүн, Өзүңдү душмандын колуна салып бердиң. Биз үчүн Өзүңдөн баш тартканың үчүн, боорукердигиң үчүн, кайраттуулугуң үчүн рахмат.

СУРООЛОР:

  1. Гетсемани багындагы Ыйсанын душмандарына ачып берген аянынын мааниси эмне эле?

6 – ТЕСТ

Урматту окурман, төмөндөгү 17 суроонун ичинен 15 суроосуна туура жооп берсеңиз, биз ушул китептин башка бөлүктөрүн сизге салып жиберебиз.

  1. Кандайча Ыйса жүзүм Сабагы болот?
  2. Эмне үчүн биз Ыйсанын ичиндебиз жана Ал биздин ичибизде?
  3. Кантип Ыйса күнөөнүн туткунунда жүргөндөрдү Өзүнүн сүйүктүүлөрү кылып койду?
  4. Эмне үчүн дүйнө Машайакты жана анын сүйүктүү балдарын жек көрөт?
  5. Машайакты айкаш жыгачка керген дүйнөгө Кудай кандай жол менен каршы чыкты?
  6. Эмне үчүн дүйнө Машайакка ишенгендерди жек көрөт?
  7. Эмне үчүн Ыйык Рух бул дүйнөдө иштеп жатат?
  8. Дүйнөнүн өнүгүүсүндө Ыйык Рух кандайча иштейт?
  9. Кудай Атабыз Ыйсанын ысымы аркылуу келген сыйнууга кандай жооп берет?
  10. Атабыз бизди эмне үчүн жана кантип сүйөт?
  11. Ыйсанын сыйынуусунун биринчи бөлүгүндөгү негизги ой эмнеде?
  12. Ыйса аркылуу Атанын ысымынын ачылышынын мааниси эмнеде?
  13. Атабыздын ысымы аркылуу бизге келген коопсуздук аркылуу эмнени түшүнсө болот?
  14. Кандайча Ыйса Атасынан бизди жамандыктан сактоосун суранды?
  15. Ыйса биздин жакшылыгыбыз үчүн Атасынан эмнени сурады?
  16. Бул бөлүмдөгү Ыйсанын Башкы Ыйык Кызматчы катары сыйынуусунан кандай тыянак чыгарса болот?
  17. Гетсемани багындагы Ыйсанын душмандарына ачып берген аянынын мааниси эмне эле?

Waters of Life
P.O.Box 600 513
70305 Stuttgart
Germany

Internet: www.waters-of-life.net
Internet: www.waters-of-life.org
e-mail: info@waters-of-life.net

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:48 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)