Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 103 (Jesus intercedes for his apostles)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
Д – Ыйсанын арачылык кылып сыйынуусу (Жакан 17:1-26)

3. Ыйса шакирттери үчүн арачылык кылып сыйынат (Жакан 17:6-19)


Жакан 17:14
14 Аларга Сенин сөзүңдү айттым. Мен сыяктуу эле алар бул дүйнөдөн эмес, ошондуктан бул дүйнө аларды жек көрүп калды.

Бул сыйынуусунда Ыйса Атасынын сөздөрүн шакирттерине бергендигин, ал сөздөрдүн мааниси аркылуу Атасынын чындыгын ачып бергендигин күбөлөндүрүп жатат. Бул аян аркылуу Ал бизге Ыйык Үч Бирдикти ачып берди. Кудайдын табиятынын ушундай укмуштуудай жол менен ачылып берилиши шакирттердин жүрөктөрүнө терең таасир калтырды. Бул аян Машайактын Рухий денесинин мүчөлөрү болушу үчүн, аларды күчкө толтуруу менен жүрөктөрүн өзгөрттү.

Шакирттердеги мына ушундай сапаттарга жана даанышмандыкка карабай, дүйнө Ыйсаны кандай жек көрсө, шакирттерди да дал ошондой жек көрөт. Машайактын булагы Кудайдан болгондой эле, Анын өмүрү дагы түбөлүктөн түбөлүккө Кудайда жашырылган. Ушул сымал кайрадан төрөлгөн адам да түбөлүктүү өмүр сүрөт.

Жакан 17:15
15 Мен Сенден аларды бул дүйнөдөн алып кетүүңдү өтүнбөйм, шайтандан сактооңду өтүнөм.

Ыйса шакирттерин дүйнөдө кайгы, кыйынчылык күтүп жатса дагы, аларды асманга же башка бир жерге бөлүп алып кетип калган жок. Ал Атасынан шакирттерин шайтандын таасиринен, жалганчы сөздөрүнөн, жаман рухтардан сактоосун өтүндү. Теңирибиз биз үчүн арачылык кылат. Ар бир ишенген адам Ыйсанын кучагында коопсуз жана корголуу. Анын каны бизди коргойт жана Анын курмандыгы аркылуу Кудай биз менен бирге болуп калды. Бизди эч ким айыптай да, талкалай да албайт. Биз Ыйык Рухтун ырайымы аркылуу адил, түбөлүктүү жана коопсуз болдук. Качан гана биз Кудайга баш ийбестик кылып, кандайдыр бир күнөөгө тартылсак, анда биздин азгырылуубузга Ал жол берет, себеби бизде жашап жаткан күнөөнүн бети ачылып, ачыкка чыгышын Кудай каалайт. Ошондо гана биз титиреп, көз жашыбызды куюлтуп «Ата, азгырылышыбызга жол бербе, бизди жамандыктан сакта», - деп сыйынууга келебиз. Өз күчү, адамдык эр жүрөктүгү менен Шайтанга жана өлүмгө каршы күрөшкөн адам өзүн-өзү алдаган болот. Ошондуктан Машайактын канына жана арачылыгына кайрылуу абзел, себеби биздин бирден-бир жалгыз Куткаруучубуз бул Ыйса.

Жакан 17:16-17
16 Мен сыяктуу эле алар да бул дүйнөдөн эмес. 17 Аларды Өзүңдүн чындыгың аркылуу ыйыкта. Сенин сөзүң — чындык.

Ыйса бул сыйынуусунда шакирттери денеси менен бул дүйнөгө таандык болуп, башкалар сыяктуу эле күнөө жасоого шыктуу болсо дагы, алар баары бир бул жамандыктын дүйнөсүнөн эмес экендигин Ыйса кайталап айтты. Кудайдын ырайымы менен Машайактын каны аларды Шайтандын туткунунан бошотпогондо, алар жамандыкта кала беришмек. Алар бул дүйнө үчүн келгиндер жана асман үчүн болсо асман жарандары болуп калышты.

Ишенгендердин денесине келген жаңы табият менен эски табият өмүрдүн акырына чейин айыгышкан күрөштө болот. Эгерде биз өзүбүздү эле сүйсөк, же кызматыбызды, үй-бүлөбүздү башкалардан артыгыраак сүйсөк, анда биздин ичибиздеги Ыйык Рухту кыйноого салабыз. Эгерде өзүбүзгө гана жага турган нерселерди кылсак, анда бул биздин абийирибизди жаралайт. Ар бир жалган нерсе биздин эсибизге сайылган тикенектей. Кудайдын Руху сенин үйүңдө уурдалган буюмдардын болушуна жол бербейт. Эгерде сен кимдир бирөөнү басынткан болсоң, же кара мүртөздүк кылган болсоң, чындыктын Руху сени ошол адамга барып, кечирим суроого мажбурлайт. Себеби, Ыйык Рух сенин жашооңдогу ыпластыктын, амалкөйлүктүн жана жалганчылыктын бетин ачып, ошого жараша сени ашкерелейт.

Машайак Атасынан бизди ыйыктоосун сураган, себеби, ыйык эмес адам башка бир адамды ыйык кыла албайт. Ыйыкталуу качан гана биз Анын ыйыктыгына тартылгандан баштап болот. Ошондо гана, биз Кудайдын сүйүүсүн түшүнүп, Уулунун ырайымында болууну, Ыйык Рухтун бийлигинде жашоону жана Ал бизди канчалык ыйыктыкка ээ кылгандыгын түшүнө алабыз. Кудай биздин жашообузда Өзүнүн катышуусу менен бизге таасир берет. «Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын», - деп айтуу менен, Кудай жашообуздагы Өзүнүн максатын Өзү ишке ашырат. Машайактын каны бизди биротоло ыйыктады. Сенин Ыйык Үч Бирдиктин табиятына болгон ишенимиң сени толугу менен ыйыктайт.

Мындай ыйыкталуу Анын сөзүнө тереңдешибизден улам Кудай тараптан ишке аша турган нерсе. Жакшы Кабар - тазалануунун жана биздин тил алчаактыгыбыздын тамыры. Машайактын сөздөрү бизди ишенимге, өздөн баш тартууга жана табынууга болгон умтулуубузду арттыруудан улам, биз Кудайга эч тоскоолдуксуз келүүбүзгө шарт түзөт. Жүрөгүңдү Кудайга ач, анткени Кудай – сүйүү; сүйүүдө жашаган ар бир адам Кудайдын ичинде болот жана Кудай ошол адамдын ичине болот.

Жакан 17:18
18 Сен Мени бул дүйнөгө жибергендей эле, Мен да аларды бул дүйнөгө жибердим.

Ыйса шакирттеринин ыйыкталуусу тууралуу сыйынгандан кийин, аларды жаңы адам катары бузулган дүйнөгө жиберди. Ал биздин жашообузду ыйыктоо үчүн тандап алды; андан соң көптөгөн адамдар куткарылып, ыйыкталууга ээ болушу үчүн, ал бизди дүйнөгө жиберди. Жыйын бул чогулуп алып эле диний сөздөрдү сүйлөп маашырлангандай, же мыйзамчылдык менен башкаларды соттой тургандай жөнөкөй жер эмес. Жыйын бул ишеним менен Шайтандын чегин басып кире турган, сыйынуу менен максатка умтулган, күнөөкөрлөрдүн жүрөктөрүнүн өзгөрүүсү үчүн жанын, бардык күч-кубатын жумшап, биргелешип иш аракет кыла турган жер. Жыйын Кудай Атабыздын Падышачылыгын даңазалайт, бүт дүйнөгө Жакшы Кабарды таркатуудагы Кудайдын эркин жүзөгө ашырат. Жакшы Кабарды таратуу кызматы үчүн болгон Машайактын сыйынуусу менен кабардар болдуңбу?

Атасы Ыйсаны жибергендей эле, Ыйса дагы сени дүйнөдөгү адашкан адамдарга жиберүү артыкчылыгын сага ыйгарды. Максат бир, жана аны ишке ашыруу жолу да бир. Ал сага бир гана Машайактагы Кудайдын чындыктарынын аяндарын сунуш кылган. Ыйса сени жалганга алданбастан кызмат өтөөгө чакырган. Сенин күчүң бул Ыйык Рухтун Өзү.

Жакан 17:19
19 Алар да чындык акылуу ыйыкталышы үчүн, Мен Өзүмдү аларга арнайм.

Жакшы Кабар таратууга шакирттеринин биринин да кудурети жетпестигин, рухий күрөштө туруштук бере албастыгын, жана баары тең жүрөгүндө, абийринде терең жараат аларын Ыйса билген, бирок ошентсе дагы, Кудайдын ыйыктыгы аларды сооротмок. Мына ушул себептен, Уулу Өзүн курмандыкка берди. Шайтандын айыптоосу Машайактын канына болгон ишеним аркылуу талкаланышы үчүн, Ал Өзүнүн өлүмү аркылуу ыйыктыктын бардык талаптарын аткарды. Мына ушул сатып алуу өлүмүнөн улам, шакирттери Ыйык Рухка ээ болушуп, тирүү сууну алып жүрүүчү идиш болушту жана Ыйсанын күбөлөндүрүүсүн Анын ысымы аркылуу таркатышты.

Ошентип алар амалкөйлүктөн бошотулуп, тилдери жалгандыктын уусунан тазартылды. Алар чындыктан эч качан баш тартпаган, күнөөнүн бетин ачкан кайраттуулукка ээ болушту. Жалгандык, ыймансыздык жана текебердик менен болгон кагылышуу Машайактын канынын коргоосу жана Анын арачылык кылуусунун негизинде гана ийгиликке жетет.

Сыйынуу: Теңир, жүрөктөрүбүздөгү жек көрүү, жалгандык, жана текебердик үчүн бизди кечирчи. Биз табиятыбызда эле жамандыкка батканбыз; Сен болсо ыйыксың. Бизди Шайтандын капканына түшкөндөн сакта. Сөздөрүң бизди чыныгы ыйыктыкка жеткириши үчүн, сүйлөгөн сөзүбүзгө ылайыктуу ыйык жашоо менен жашагандай болушубуз үчүн, бизди Өз Сөзүңдө тереңдет.

СУРООЛОР:

  1. Кандайча Ыйса Атасынан бизди жамандыктан сактоосун суранды?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 09:41 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)