Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 066 (Sheep hear the voice of the true shepherd; Jesus is the authentic door)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
3. Ыйса жакшы Кайтаруучу (Жакан 10:1–39)

а) Койлор өз Койчусунун үнүн угушат (Жакан 10:1-6)


Жетинчи жана сегизинчи бөлүмдөрдө Ыйса душмандарына жүрөктөрүнүн акыбалын көрсөткөн; тогузунчу бөлүмдө болсо, алардын көздөрү Кудайга жанан Анын Уулуна сокур экендигин айтты. Ал эми онунчу бөлүмдө жүйүттөрдү күнөөкөр башчыларын ээрчибесин деп, аларды Өзүнө чакырды. Ал Кудайга жол ача турган бирден-бир эшик жана Ал жакшы Кайтаруучу.

Жакан 10:1-6
1 «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, ким кой короого эшиктен кирбей, башка жагынан кирсе, ал – ууру жана каракчы. 2 Ал эми ким эшиктен кирсе, ал –койчу. Кароолчу Ага эшикти ачып берет. Койлор Анын үнүн угушат, Ал өзүнүн койлорун атынан чакырат, аларды тышка чыгарат. 3 Ал өзүнүн койлорун тышка чыгаргандан кийин, алардын алдында басат, ал эми койлору анын артынан ээрчишет, анткени алар анын үнүн таанышат. Чоочун кишини ээрчишпейт, андан качышат, анткени анын үнүн таанышпайт». Ыйса айтып берген бул үлгү-насаат аңгеменин маанисин алар түшүнүшкөн жок.

Кээ бир кыштакта жашагандар койлорун бадага чыгарышып, түнү боюу жайытта кайтарышчу. Таң атканда койчулар келишип, өз койлорун чакырышчу. Баданы кайтаруучулар койчуларга өз койлорун беришчү, ошондо кызыктуу нерсе болчу: койчулар өз койлорун бададан сүйрөп чыгышчу эмес, качан гана койчу койлорун чакырганда, койлору койчусунун үнүн таанып, өздөрү бададан бөлүнүп чыгышчу. Койлор койчусунун үнүн башка койчулардын үндөрүнөн айырмалап, өз койчусунун үнүн ээрчишчү. Атүгүл койчу башкача кийинип алса дагы, койлору аны үнүн ээрчишчү. Эгерде жалган койчу койлордун койчусунун кийимин кийип келип аларды чакырса дагы, койлор ордуларынан козголчу да эмес. Койлор чыныгы койчусунун гана үнүн ээрчишет. Койчу койлорун чакырып, аларды жашыл жайытка жайып, тунук сууга сугарат. Койлору анын артынан ээрчишет; бир дагы кой артта калбайт; алар койчусуна толук ишенишет.

Ыйса бул салыштырма аркылуу Анын үнүн угуп, ээрчиген ар бир адам үчүн Ал чыныгы Койчу болорун көрсөткүсү келген. Ал байыркы келишимдеги элдерди талкалаш үчүн, же уурдаш үчүн келген эмес, тескерисинче ал элдердин арасынан өз элин өзгөчө кылып тандап алып, аларды Өзүнө чакырган. Ал Өз элин куткарып алып, аларды дайыма рухий тамактар менен тамактандырып турчу. Башка «койчулар» болсо үйүрдүн тегерегинде каңгыган ач карышкырга окшош. Алар үйүргө жашыруун жол менен, амалкөйлөнүп киришет. Алар койго кол салышып, жулмалап жешет. Алар өздөрү үчүн жашашат, өздөрүн гана ойлошот, үйүргө чындап кызмат кылышпайт. Кудайдан чакырылбаган Жыйындын пасторлорун, жетекчилерин, Машайактын ичинде жашабагандарды Теңир ууру катары санайт. Мындайлар жыйынга жардам берүүнүн ордуна, аны талкалашат.

Ыйса чыныгы жолдооочуларын бейтааныш кайтаруучуларга кошулбай, коркунуч келе жатканын сезип, алардан сак болушун айткан. Ошол эле учурда, Ыйса аларга Забур китебинин 23-бөлүмүндө жазылган Кудай Өзү берген убадасына таянууга үндөйт.

Эл Ыйсанын сөздөрүн түшүнгөн жок, алардын койчулары ишенимсиз, шайтанды жолдогондор экендигин байкашкан жок (Жеремия 2:8; 10:21; Жезекиел 34:1-10; Захария 11:4-6). Буга карабастан, Кудай аларга Муса жана Дөөт сыяктуу чыныгы Койчусу болгонго даяр болчу. Ыйык Жазууда «кайтаруучу» деген сөзгө бир нече сөз айкаштары байланыштуу айтылат. Мисалы, «Кудайдын Козусу» жана «кан аркылуу сатылып алынуу», «койчу» жана «үйүр». Бул сөздөрдүн баары кыштактагы койчулук жашоодон келген. Бизге арналган Кудайдын өзгөчө кам көрүүсү Өз Уулунун ичиндеги Кудайдын Өзү бизге Жакшы Койчу болуп келгенинен көрүнүп жатат.


б) Ыйса чыныгы эшик (Жакан 10:7-10)


Жакан 10:7-10
7 Ошондо Ыйса аларга дагы мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Мен койлор кире турган эшикмин. 8 Менден мурун келгендердин баары ууру жана каракчы. Бирок койлор аларды угушкан жок. 9 Мен эшикмин, ким Мен аркылуу кирсе, ал куткарылат. Кирет, чыгат жана жайыт табат. 10 Ууру уурдоо, өлтүрүү жана жок кылуу үчүн гана келген. Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим».

Ыйса койлорун Кудайга алып баруучу эшик катары сүрөттөгөн. Машайаксыз жыйында куткарылгандар ортосунда мамилелешүү болбойт. Машайаксыз жыйын курууга аракет кылгандар Кудайдын койлорунун баштарын айландырган уурулар. Бирок Ыйык Рух бизге жолдон чыкпаганга, биз үчүн эшик болгон Ыйса аркылуу түбөлүктүүлүккө киргенге жардам берет. Ушул эшиктен кирбегендер, Анын денесин жебегендер жана канын ичпегендер Кудайдын балдарына кызмат кылганга укугу жок. Биз жеке кызыкчылыгыбыздан баш тартып, Ыйсанын карамагына киришибиз керек; ошондо гана биз Анын үйүрүнүн бөлүгү боло алабыз.

Ыйсага чейинки жана кийинки жашап кеткен, Ыйсанын Ыйык Рухунун жетегинде жашабаган атактуу кишилердин баары - башкаларды адаштырган уурулар. Ыйсага ишенбеген жана Ага баш ийбеген ойчулдар, идеологдор жана эл башчыларынын баары - уурулар; алар көпчүлүктү өз окутуулары менен бузушат. Ал эми Машайактын Рухунда жашап, Ал аркылуу кызматка чакырылгандар – момун жүрөк пайгамбарлар; алар Кудайга эшик аркылуу киргендер. Ыйса аларды даярдап, такшалтып, анан Өз үйүрүнө ишенимдүүлүк менен кызмат кылуу үчүн жиберген.

Адам өзүнөн баш тартып, Ыйсага Куткаруучусу катары жабышмайынча, Кудайдын үйүрүнө кире албайт. Ыйса Өзүнүн момун, ишенимдүү койлорун падыша жана ыйык кызмат кылуучу кыла алат. Чыныгы койчу адамдарды куткаруу үчүн эшиктен чыгып, дүйнөгө барат. Машайак алардын ичинде жана алар Машайактын ичинде жашашы үчүн, ал куткарылган адамдар менен бирге Машайактын денесине кайтып келет. Мындай койчу эч убакта өзүн койлорунан жогору санабайт. Момун мүнөздүү адам өз Теңириндеги толуктукка жана билимге байыйт. Момун жүрөк Ыйсадан арыгыс жайыт табат.

Ыйса үйүрүнө өзүнө атак-даңкты издеп, башкаларды бузуку жолго салган окутуучулардан жана ыйык кызмат кылуучулардан сак болуусун төрт жолу айтып эскерткен.

Ошондой эле Ыйса жакшылыктын жана тынчтыктын чынгы өмүрүн тартуулап, башкалар үчүн батанын булагы болушу үчүн ар бир адамды чакырат. Машайакка келген ар бир адам башкаларга агып турган кадырдын булагы болот. Койчу өзү үчүн жашабайт. Ал өмүрүнүн ар бир күнүн өз үйүрүнө арнайт. Кудайдын Руху биздин жеке куткарылышыбыз үчүн гана берилбестен, ал ошондой эле бизден кызматчыларды, койчуларды даярдап, өзүбүздөн баш тартып, башкаларды сүйүп жашашыбыз үчүн берилет. Биздеги сүйүү aрткан сайын, жашообуз ошончолук жакшылык менен ташкындайт. Теңирге кызмат кылуудан өткөн баталуу башка нерсе барбы! Ушундан улам «Бак-дөөлөттүү жашоого ээ болушсун» деген кеп келип чыккан эмеспи.

Сыйынуу: Теңир Ыйса Машайак, Кудайга алып баруучу эшик болуп бергениңе рахмат. Өзүңө жана адамдарга кызмат кылуу үчүн бизди чакырганың үчүн биз Сага табынабыз. Саган баш ийүү менен жашоонун чыныгы ырахатын тапканга бизге жардам бер. Сен бизге берген сүйүүң менен башкаларга батабызды берип, Рухуңдун жетеги менен жандарды утуп алганга жардам бер.

СУРООЛОР:

  1. Ыйса койлоруна кандай баталарын тартуулайт?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 12:48 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)