Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 047 (Sifting out of the disciples)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
Б - Ыйса өмүрдүн наны (Жакан 6:1-71)

5. Ыйсаны ээрчүүдөн баш тарткан шакирттер (Жакан 6:59-71)


Жакан 6:66-67
Ушул сөздөрдөн кийин шакирттеринин көбү Ыйсадан четтеп, Аны ээрчибей калышты. Ошондо Ыйса он эки шакиртинен: “Силердин да кеткиңер келген жокпу?” – деп сурады.

Беш миң адамды тойгузуу керемети бүтүндөй калктын кызыгуусун жаратты. Бирок бул кызыгуунун артындагы жалганчылык көптөрүн Өзүнөн алып кетерин көрсөттү. Ал кайдыгер, динчил же шектенген ишенимди каалаган жок. Ал жогорудан төрөлгөн, артка кылчактабаган, жан-дилин арнаган ишнимди каалады. Ошол учурда Иерусалимдеги Жогорку Кеңешмеден жашыруун келгендер Ыйсаны ээрчигендердин көбүнүн баштарын айландырышкан. Ыйсага ишенгендерди эгерде алар Ыйсанын аркасынан ээрчий беришсе, анда аларды Иудаизмден чыгарып салуу аркылуу коркутушкан. Ошондо көптөгөн капернаумдуктар Ыйсадан баш тартышып, алардын айынан бүтүндөй эл Ыйсага каршы чыга баштады. Ал эмес өтө ишенимдүүлөр дагы Жогорку Кеңешмеден коркушкан. Алар Ыйсанын окутуусун ыгы жок, чектен чыккан окутуу катары сезишкен. Ыйсанын жанынада жан-дили менен ишенишкен аз гана адам калды. Теңир ушул калдык буудайдан үрөн септи.

Буга чейин Өзүн ээрчигендердин ичинен он эки урууну чагылдырган он эки шакиртти тандаган. Бул асманды жана жерди, тагыраак айтканда, ыйык Үч Бирдикти жана жердин төрт бурчун чагылдыруучу 3 менен 4 түн көбөйтүндү саны. Шакирттеринде асман менен жер кесилишкен.

Көптөрү кеткенден кийин, Өзүнүн тандалгандарынын ишенимдерин бекемдөө үчүн Ыйса: “Силердин да кеткиңер келген жокпу?” – деп суроо менен аларды сынады. Бул суроону берүү аркылуу Ал шакирттерин келечектеги багыттарын тандоого мажбурлады. Коогалаң мезгилдерде, куугунтуктуу саатарда Ал сенден да, сенин досторуңдан да Андан баш тартасыңбы же Ага жабышасыңбы деп сурайт. Баарынан эмне маанилүү? Каада-салтпы? Сезимдерби? Логикабы? Колуңдагы материалдык коопсуздукпу? Же Ыйса менен болгон мамилеңби?

Жакан 6:68-69
Шымон Петир мындай деп жооп берди: “Теңир, биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүр берүүчү сөздөр Сенде. Биз Сенин Кудайдын Ыйыгы – Машаяк экениңди билип, Сага ишенип калдык”.

Мурда Машаяктын Петирди “таш” деп айткан пайгамбарчылыгынын чындык экенин Петир далилдеди. Башкалардын атынан Петир: “Теңир, биз кимге бармак элек. Түбөлүк өмүрдүн булагы бир гана Өзүңсүң”, - деп жооп берди. Ал Ыйсанын максаттарын толук түшүнө албаса дагы, Анын жөнөкөй адам эмес экенин, Назареттик Ыйса оозунан жаратуучу сөздөр менен бирге жандандыруучу күч чыккан, асмандан келген Теңир экенин жүрөгүнүн тереңинде сезген эле. Анын жанында Теңирдин Өзү тургандыгына Петир ишенди. Качан Ыйса көп нан берип жатканда, ал жакта Петир дагы бар болчу. Ал сууга чөккөнү калганда, аны Ыйсанын колдору тартып алган. Петирдин жүрөгү Ыйсага кадалды, ал өзүнүн Теңирин башка бардык нерселерден да артык сүйдү жана Теңиринен эч убакта кетпейт болчу. Петир Ыйсаны тандады, себеби Ыйса аны биринчи тандаган болчу. Элчилердин башчысы күбөлөндүрүүсүн “Биз ишендик жана билебиз”, - деген сөздөр менен аяктады. Байкасаңар, ал: “Биз билдик анан ишендик”, - деген жок. Демек жүрөккө көрүүнү берүүчү бул – ишеним. Биздин акылыбызды жарыктандыруучу нерсе бул – ишеним. Петир жана башка шакирттер жарыктандыруу менен Ыйсага жетектеген Кудайдын Рухунун чакырыгына өздөрүн арнашты. Алар Ыйсанын жашыруун даңкын барган сайын терең түшүнө башташты. Ыйсадан келген бардык чындык билим - бул Кудайдын улуу белеги.

Шакирттердин Ыйсага болгон ишенимдеринин табияты кандай болгон? Алардын ишениминин маңызы эмне болгон? Алар ичинде Рухтун толуктугу жашаган Кудай Машаяк менен биригишти. Ыйсанын Инсандыгында башкы ыйык кызмат кылуучунун, падышанын жана пайгамбардын кызматтары бириккен эле. Байыркы Келишимде башкы ыйык кызмат кылуучулар, падышалар жана пайгамбарлар Ыйык Рух менен майланышчу. Асмандын бардык күчтөрү жана баталары Машаякта бириккен. Ал баарынан кудуреттүү Кудай Падыша; ошол эле убакта Ал адамзатты өзүнүн Жаратуучусу менен элдештирүүчү Башкы Ыйык Кызмат Кылуучу. Ал өлгөндөрдү тирилте алат; Ал дүйнөнү соттойт. Ишеним аркылуу Петир Машаяктын даңкын түшүндү.

Шакирттери чогу ишенишкен; сөз айткан Петир менен чогу алар чечүүчү күбөлөндүрүүнү айтышты: алар Ыйсаны Кудайдын Ыйыгы, Ал жөнөкөй адам эмес, бирок тирүү Кудай экендигин күбөлөндүрүштү. Кудайдын Уулу катары Анда Кудайдын бардык касиеттери болгон. Чөмүлүрүүчү Жакан күбөлөндүргөндөй, Ал күнөөсүз болгон жана Кудайдын Козусу катары Өз тапшырмасын аткарды. Шакирттер Ыйсаны сүйүшкөн, урматташкан, себеби Ыйсанын катышуусун Кудайдын катышуусу деп билишчү. Уулунун ичинен алар Кудайды көрүшкөн жана Кудай - сүйүү экенин билишти.

Жакан 6:70-71
Ыйса аларга: “Ушул он экиңди Мен тандап алган эмес белем? Бирок араңардагы бирөө - шайтан”, - деди. Ал Шымондун уулу Жүйүт Искариот жөнүндө айткан эле. Ал “он экинин” бири болгону менен, кийин Ыйсаны сатып кеткен.

Ишенимдин өсүп жатканын көрсөткөн бул күбөлөндүрүүнү Ыйса кубаныч менен кабыл алды. Бирок алардын ичинен бирөөсү бир канча себептер менен Ага каршы болуп жатканын билген. Бул адамдын жүрөгү барган сайын катуулангандыктан, Ыйса аны “шайтан” деп атаган. Бардык шакирттер тандалган болчу. Алар Уулуна Атасынын жетеги менен келишкен жана алар Кудайдын колунда робот эмес болчу. Алар Рухтун үнүнө баш ийгенге же аны кабыл албаганга толук эркиндиктери бар болчу. Жүйүт болсо атайылап Кудайдын үнүнө жүрөгүн жаап алып, өзүн Шайтанга берди. Жүйүт башкалар сыяктуу Ыйсанын айткандарын жокко чыгарып кетип калган жок. Ал эки жүздүүлүк менен ишенимиш болуп, Ыйса менен жүрө берди. Жүйүт “Жалгандын Атасынын” баласы болуп, чыккынчылыгын уланта берди. Качан Петир Ыйсанын куткаруучулук кызматын күбөлөндүрүп жатканда, Жүйүт Машаякты Жогорку Кеңешмеге кармап берүү планын жашырып жүргөн. Жек көрүүгө азгырылып, ал жашыруун түрдө чыккынчылык жолдорду ойлонуштуруп жүргөн.

Жакшы кабарчы бул маанилүү бапты шакирттерге берилген бийликтин таң каларлык иштери менен жыйынтыктаган эмес. Тескерисинче ал эң ишенимдүүлөрдүн ичинен да чыккынчы болорун эскерткен. Ыйса Жүйүттү кубалаган жок. Анын ким экендигин башка шакирттерге айткан жок. Жүрөгүндөгү жалгандык үчүн тобо кылат го деген үмүт менен Ыйса чыдап күттү.

Урматтуу бир тууганым, момундук менен жүрөгүңдү текшерчи. Сен Кудайдын баласысыңбы же Шайтанга жакындайсыңбы? Сак бол! Өз өмүрүңдүн максатын жоготуп жибербе. Сенин Теңириң сени сүйөт. Ал сени куткарган. Эгерде сен Анын куткарылуусун кабыл албасаң, анда сен жамандыктын жолуна тартыласың жана Шайтандын чынжырына чырмаласың. Машаякка кайт, Ал сени күтүп жатат.

Сыйынуу: Теңир Ыйса Машаяк, Сен Кудайдын Уулусуң, ыйыксың, мээрмансың. кудуреттүүсүң жана жеңүүчүсүң. Мендеги адилетсиздикти кечир! Ыйык жашап, Сенин катышууңда болушум үчүн жана Сага окшош болуум үчүн мени Өз келишимиңе бекемде. Сени Машаяк, тирүү Кудайдын Уулу экендигиңди баарына күбөлөндүрүү үчүн жолдоочуларыңды ыйыкта жана бекемде, аларда ишенимдин билимин арттыр. Оомийин.

СУРООЛОР:

  1. Петирдин күбөлөндүрүүсүндөгү жыйынтыктар эмнелер?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:09 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)