Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 045 (Jesus offers people the choice)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
Б - Ыйса өмүрдүн наны (Жакан 6:1-71)

4. Ыйса элге: “Кабыл алуу же баш тартуу” деген тандоону сунуш кылат (Жакан 6:22-59)


Жакан 6:51
Мен асмандан түшкөн тирүү нанмын. Бул нанды жеген адам түбөлүк жашайт. Мен бере турган нан – бул Менин Денем. Мен аны адамзаттын өмүрү үчүн берем.

Кыймылдаган же сүйлөгөн нанда көрдүң беле? Качан Ыйса Өзүн өмүрдүн наны, тирүү нан деп атаганда, Ал асмандан түшкөн материалдык нан эмес, рухий жана Кудайдын касиети бар тамак жөнүндө айткан. Ал бизге денесин жегиле деп түз мааниде айткан жери жок; биз киши жегичтер эмеспиз.

Кийинчерээк Ыйса өлүмү жөнүндө айта баштайт. Ал адамзатты руху менен эмес, бирок денеси менен сатып алмак. Ыйсаны угуп жаткандар нааразы болушту, себеби Ал карапайым үй-бүлөдөн чыккан кадимки адам болчу. Дүйнөнү даңкы менен, руху менен эмес, бирок адамзатты сатып алуу үчүн денеси берилерин Ыйса билчү.

Жакан 6:52-56
Ошондо жүйүттөр: «Кантип Ал бизге Өз Денесин жегенге бермек эле?» - деп өз ара талаша башташты. Ыйса болсо аларга мындай деди: Чындыкты, силерге чындыкты айтып коөюн, Адам Уулунун Денесин жеп, Канын ичпесеңер, өмүргө ээ болбойсуңар. Ким Менин Денемди жеп, Канымды ичсе, ал түбөлүк өмүргө ээ, Мен аны акыркы күнү тирилтем. Анткени Менин Денем - чыныгы азык, Каным – чыныгы суусундук. Денемди жеп, Канымды ичкен адам Менин ичимде болот, Мен анын ичинде болом.

Жүйүттөрдүн арасында Ыйсаны кабыл алгандар да, кабыл албагандар да бар болчу. Бул эки жаатка бөлүнгөн эл бири-бири менен талашып-тартышып жатышты. Ыйсанын душмандары Анын денесин жеп, канын ичип жаткандарын элестетип алышып, жийиркенип жатышты. Ыйса ишенгендерди алып чыгуу үчүн эки жааттын ортосундагы бөлүнүүнүн күчөшүнө жол берди. Ал биринчи жааттын сүйүүсүн сынап, экинчи жааттын сокурдугун көрсөттү. Ыйса мынтап айтат: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коөюн, Адам Уулунун Денесин жеп, Канын ичпесеңер, өмүргө ээ болбойсуңар. Силер Менде болбосоңор, анда өлүмдө жана түбөлүк күнөөдө жашайсыңар». Бул сөздөрдү угушканда, бул алардын кулактарына Кудайды шылдыңдап жаткандай угулду. Алардын ойлору боюнча Ыйса: “Мени өлтүрүп жегиле. Кереметтин өзү Менмин, денем силерге ыйык өмүр тартуулоо үчүн берилген нан”, - деп айтып жатат деп түшүнүштү. Алар каарданышып, ачуулана башташты. Ал эми Ыйсага ишенгендер болсо, Ыйык Рухтун жетеги менен кереметтүү ишке ишенишип, Ыйсага таянуу менен Анын айтып жаткан сөздөрүнөн жакшылыктын жышаанын көрүштү. Алар Пасах майрамында бир аз ойлонушканда, Чөмүлдүрүүчү Жакандын Ыйсаны Кудайдын Козусу деп айтканын түшүнүшмөк. Пасах майрамында курмандыкка чалынган козунун этинен бардык жүйүттөр жешкен. Курмандыктар Кудайдын каарын чагылдырган. Ыйса Өзүн дүйнөнүн күнөөсүн көтөргөн Кудайдын Козусу экенин көрсөткөн.

Бүгүнкү күндө биз Теңирдин Кечки Тамагында Машаяктын денесин биз жеп, Анын каны бизди күнөөдөн тазарта тургандыгынын белгиси экенин биз билебиз. Бул ырайымы үчүн биз Ага ыраазыбыз. Ошол убакта галилеялыктар бул сырды түшүнүшкөн жок жана Ыйсанын сөздөрүнө акылдары жеткен жок. Ыйса алардын ишенимдерин сынап жаткан, бирок алардын өжөрлүгү жарылууну алып келди.

Теңирдин Кечки Тамагынын маанисин түшүндүрүп бергени үчүн жана бизге Руху аркылуу келгендиги үчүн Биз Машаякка табынабыз. Анын курмандыгысыз биз Кудайга келе албайбыз жана Анын ичинде боло албайбыз. Күнөөлөрүбүздүн жеткилеңдүү кечирилиши Ыйса келип биздин ичибизге киришине бизди татыктуу кылат. Ага болгон ишеним мына ушундай кереметтерди жаратат жана бизди Анын тирилүүсүн жар салуучулар кылат. Бизди сатып алганы үчүн биз Козуга табынабыз. Ыйса биз үчүн айкаш жыгачта курман болуп гана тим болбостон, Ал бизди түбөлүктүү жашоочу ыйыктар болушубуз үчүн бизди рухка толтурат.

Жакан 6:57-59
“Тирүү Атам Мени жиберип, Мен Ал аркылуу жашап жаткандай эле, Менин Денемди жеген адам Мен аркылуу жашайт. Асмандан түшкөн бул нан ата-бабаларыбыз жеген маннадай эмес, манна жеген алар өлүштү. Ал эми бул нанды жеген адам түбөлүк жашайт”. Ыйса бул сөздөрдү Капернаумдагы синагогада элди окутуп жатканда айтты.

Машаяк тирүү кудуреттүү Кудай болгон Атасындагы өмүр тууралуу айтып жатат. Ал - түбөлүктөн түбөлүккө бардык сүйүүнүн Атасы. Машаяк Атасынын ичинде Өзү үчүн эмес, бирок Атасы үчүн жашайт. Ал Өз жашоосунун жеке максаттарын ишке ашыруу үчүн эмес, бирок Атасына толук баш ийүү аркылуу жашоосунун маңызын табат. Уулу Атасына кызмат кылат, Атасы болсо Уулун сүйөт жана Өзүнүн толуктугу менен Уулу аркылуу иштейт.

Ыйса Атасы менен болгон биримдиктин сырын душмандарынын алдында ачып берди. Ыйса: “Мен Атам үчүн Анын ичинде жашаган сыяктуу эле, силер үчүн силердин ичиңерде жашагым келет. Мен муну Менин ичимде жашашыңар үчүн кылып жатам”, - деген аянды ачып берди. Урматтуу бир тууганым, сен ушул Машаяк менен болгон мамилелешүүгө даярсыңбы? Сен Аны жашооңдогу бардык максаттарың менен, бардык күчүң менен кабыл аласыңбы же кабыл ала албайсыңбы? Теңир сенин ичиңде жашашы үчүн, Ага өзүңдү арноого даярсыңбы?

Машаяк ишке ашыруу үчүн кандайдыр бир реформалар менен келген эмес же өзүбүздү өзүбүз өркүндөтүү үчүн бизге байлык жиберген эмес. Ал айылдын өнүгүүсүн пландаштырга эмес. Жок! Адамзат түбөлүккө ыйык жашоо менен жашаш үчүн Ал жүрөктөрдү өзгөртөт. Ыйса Өзүнүн ыйыктыгын ишенгендерге да бергиси келет. Мына ушуну менен Ал тирүү, сүйүүгө толгон, кызмат кылган өлбөс жаңы адамды жаратат. Анын максаты – Кудай.

Алтынчы бөлүмдү кайрадан карап чыгып, ал жактан Машаяктын “Ата”, “өмүр” жана “тирилүү” деген сөздөрүн санап чыккыла. Ошондо силер Жакандын Жакшы Кабарынын маанисин тез түшүнөсүңөр. Машаяктагы ишенгендер Атанын Рухунда жашашып, даңктуу тирилүүгө карай бет алышат.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, бизге келип, кубанычка толгон Атанын өмүрүн бергениң үчүн рахмат. Биздин күнөөлөрүбүздү кечир жана Сага чыдамдуулук менен жана сүйүүдө кызмат кылышыбыз үчүн, өзүбүз үчүн жашабай, момундук менен Сени ээрчип жашаганга жардам бер.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн Ыйса угуучуларына Өзүнүн денесин жеп, канын ичүүлөрү керек экендигин айтты?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:08 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)