Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 025 (Rejecting Christ)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
В - Машаяктын Иерусалимге биринчи келиши (Жакан 2:13 - 4:54) -- Тема: Чыныгы табынуу деген эмне?
2. Ыйсанын Никедим менен сүйлөшүүсү (Жакан 2:23 – 3:21)

г) Ыйсадан баш тартуу сотко алып барат (Жакан 3:17-21)


Жакан 3:17-21
Кудай Өз Уулун бул дүйнөнү соттош үчүн эмес, Ал аркылуу дүйнөнү куткаруу үчүн жиберди. Ага ишенген адам соттолбойт, ал эми ишенбеген адам соттолот. Анткени ал Кудайдын жалгыз Уулуна ишенбей койду. Соттун себеби мында: “Дүйнөгө жарык келди, бирок адамдар жарыкка караганда караңгылыкты жакшы көрүштү. Анткени алардын кылган иштери жаман эле. Жаман иштерди жасаган адам жарыкты жек көрүп, кылган жаман иштери ашкереленбеш үчүн, жарыкка келбейт. Ал эми акыйкаттык жолунда жүргөн адам кылган иштерин Кудайдын жардамы менен кылгандыгы көрүнүп туруш үчүн, жарыкка келет”.

Өз элиндеги оорулуу дарактарды кыйып салуу менен адамзатты соттой турган Машаяк жөнүндө чөмүлдүрүүчү Жакан күбөлөндүргөн. Бирок Ыйса Никедимге от менен өрттөө үчүн эмес, бирок куткаруу үчүн келгендигин айтты. Биздин куткаруучубуз боорукер. Качан чөмүлдүрүүчү Жакан башкаларды сатып алуунун сырын түшүнгөндө, ал Ыйсаны Кудайдын Козусу деп айтты.

Кудай дүйнөнү сүйгөндүктөн, Өз Уулун жүйүттөргө гана эмес, бирок ошондой эле бүт дүйнө үчүн жиберди. 17-аятта “дүйнө” деген сөз үч жолу кездешет. Бутпарастарды жек көргөн жүйүттөрдү бул сөз таң калтырды. Бирок Кудай Ыбрайымдын тукумун кандай сүйсө, башка элдерди да ошондой сүйөт. Бардык улуттар жазага татыктуу болчу, бирок Ыйса болсо аларды соттоо үчүн эмес, куткаруу үчүн келген. Айкаш жыгачта Ыйса жылан сыяктуу ишин аткарды, Кудайдын адамзатка төккөн каарын көтөрдү. Кудайдын сүйүүсү улутчул эмес, Анын сүйүүсү бүт улуттарга төгүлгөн.

Анан Машаяк: “Уулуна ишенген ар бир адам соттолбойт”, - деген таң калтыруучу сөздү айтты. Эми сот күнүндө боло турган коркунучтун баары жок болду. Эми Машаякка болгон ишеним биз татыктуу болгон өлүмдөн бошотту. Эгерде сен Ыйсага ишенсең, анда соттон кутуласың.

Машаякка муктаж эмесмин деп ойлоо менен, Машаяктын куткаруусун кабыл албагандар сокур жана акылсыз, алар Анын ырайымынан ажырашат. Машаяктын күчүн кабыл албагандар Ыйык Рухтун жарыгынан да куру калышат. Кимде ким Машаяктын өлүмүн жек көрсө, же баш тартса, ал Кудайга каршы чыккан болот жана өз күчү менен адил болууну тандайт. Биздин иштерибиз жетишсиз, иштерибиз менен биз Кудайдын даңкына жете албайбыз.

Ыйса кээ бир элдердин эмне үчүн Өзүн Куткаруучусу катары кабыл албастыгын түшүндүргөн: Алар Кудайдын адилдигине караганда күнөөнү көбүрөөк сүйүшөт жана дүйнөнүн жарыгы болгон Машаяктан куру кол калышат. Ошентип алар өз күнөөлөрүнө жабышат. Машаяк биздин жүрөктөрүбүздү жана жаман ойлорубуздун тамырын да билет. Адамдын кылган иштери ыплас. Эч ким өз күчү менен жакшы боло албайт. Биздин ойлорубуз, сөздөрүбүз жана иштерибиз кенедейибизден тартып жаман болчу. Бул сөздөр Никедимдин жүрөгүнө тийди. Айрыкча, башында, Ыйса алардын текебердигин талкалап, тобо кылууга алып келүү үчүн, аларга сүйүү сезимдерин көрсөткөн эле.

Машаякка ишенбеген адам жамандыкты сүйүп, жакшыны жек көрөөрүн жана күнөөгө жабышаарын Ыйса кошумчалап айтты. Адамдардын көбү эки жүздүү, алар кууланган жылмаюсунун артында күнөөлөрү катылуу. Алар Машаякты жокко чыгарышат, же атайылап жек көрүшөт. Күнөөң үчүн Ыйсадан кечирим алдың беле? Эгерде сен таш боордугуңду мойнуңа албасың, анда жогорудан төрөлүүгө ээ болбойсуң. Көзүңдү Кудайдын жарыгына ач, ошондо сен тазаланасың; Кудайдын Козусуна болгон ишеним бизди ыйыктайт. Момундук менен өзүңдүн бузулган адам экендигиңди мойнуңа ал, Машаякка ишен, ошондо сен түбөлүккө жашайсың.

Ишенимибизди бекемдөө туура иштерди кылуудан келет. Кудайдын чындыгын кабыл алууга болгон даярдык биздин жаңылануубузга керек болгон шарт. Машаяктын чындыгына акыл менен гана эмес, бирок бүтүндөй жан-дили менен кирген адамдын ички дүйнөсү бүт өзгөрөт. Алдамчылар чынчыл болуп калышат, чыккынчылар ишенимдүү болуп калышат. Жогорудан төрөлгөндөр да мурда жакшы эмес адамдар болушчу. Бирок алар күнөөлөрүн моюндарына алып, кечирим сурашты, ошондо ишенимдүү Кудай аларды кечирди. Ошол убактан тартып, аларда ыйыкталуу башталды; Рухтун иштерин кылуу үчүн Ыйса сүйүүнүн күчүн берет. Тынчтыктын иштерине жетүү үчүн Кудай ишенгендерде Машаяк аркылуу иштейт.

Биз жакшы иштерди жокко чыгарбайбыз, себеби булар бизден эмес, Кудайдан келет. Бул Кудайдын ырайымы. Мунун мааниси – биз өзүбүздүн өзүмчүл иштерибизге негизделген адилдиктен баш тартып, Машаяктын каны аркылуу келген ырайымдын адилдигине ачык болуу. Жогорудан төрөлгөн, Машаякка жабышкан адам Кудайды ыраазы кылат. Алардын жашоолору Кудайдын ырайымы үчүн ыраазычылык келтирген жашоого айланат. Жогорудан төрөлүү жана ыйык жашоо Кудайга жага турган жакшы табынуу.

Сыйынуу: Кагылайын Теңир Ыйса, дүйнөнүн жазасын Өз мойнуңа көтөргөнүң үчүн рахмат. Биз Сага табынабыз, себеби биз Сага ишеним аркылуу байлангандан кийин, биз жазадан кутулдук. Сен бизди Кудайдын каарынан бошоттуң. Сенин алдыңда күнөөлөрүбүздү мойнубузга алабыз; бизди күнөөгө болгон тарткылыктан арылт. Асмандагы Атабызды урматтап, Ага табынган жашообузду башкаларга күбөлөндүрүшүбүз үчүн, биздин ичибизге Рухтун жемиштерин өстүр.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн Ыйсага ишенгендер сотко келишпейт?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:52 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)