Waters of LifeBiblical Studies in Multiple Languages |
|
Home Bible Treasures Afrikaans |
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba
Previous Lesson -- Next Lesson ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат I БӨЛҮК - Ыйык Жарыктын жаркырашы (Жакан 1:1 - 4:54)
Б - МАШАЯК ШАКИРТТЕРИН ТОБО КЫЛУУ ЖЕРИНЕН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮНУН КУБАНЫЧЫНА АЛЫП БАРДЫ (Жакан 1:19 - 2:12)
4. Канадагы үйлөнүү тоюндагы Ыйсанын биринчи көрсөткөн керемети (Жакан 2:1–12)Жакан 2:1-10 Иордан дарыясында чөмүлдүрүүчү Жакандын жанында жүрүп келген шакирттерин Ыйса Галилеяга кубанычтуу үйлөнүү тоюна алып барды. Мындай жүз чакырымга созулган саякат бизге Эки Келишимдин ортосундагы чоң өзгөрүүнү көрсөттү. Эми мындан ары ишенгендер мыйзамдын көлөкөсүндө жашашпайт. Эми алар Күндү тийгизүүчү, тынчтык берүүчү Ыйса менен бирге адилдиктин кубанычында жашашат. Ыйса Чөмүлдүрүүчү Жакан сыяктуу элден бөлүнүп, жашоонун жыргалчылыгын таптакыр жокко чыгарган эмес. Ушул себептен Машаяктын шакирттери менен кубанычтуу майрамга кетишинин өзү эле керемет болчу. Ыйса адамдын ичине кирген нерсе ыплас эмес, бирок адамдын ойлорунан чыккан ыплас ойлор кир деп ойлогондуктан, Ал шарап ичүүгө тыюу салган жок. Ыйса катуу тартипти четке каккан эмес. Бирок ошентсе дагы, жашоонун мындай жолу аз пайда алып келерин үйрөткөн. Биздин бузулган жүрөктөрүбүз жаңы табиятка жана жаңы төрөлүүгө муктаж. Ыйык Сөз мастыкка жана аракечтикке тыюу салат. Шакирттер Ыйса менен чогу тойго барышты. Натанаел болсо ошол Каана шаарынан болчу (21:2). Балким Ыйсанын энеси үйлөнүп жаткан адамдын үй-бүлөсү менен тааныш болсо керек. Бул Жусуптун буга чейин эле каза болгондугун божомолдойт. Энеси жесир болгондуктан, тун уулу катары Ыйса Өз үй-бүлөсү үчүн жоопкерчиликтүү болгон. Качан туугандары жардамга муктаж болуп турганда, энеси Ыйсага жардам берсе деген ой менен кайрылды. Ал Иордандан кайтып келгенден баштап, кадимки адамдык жоопкерчиликтерди аткарбай, Рухтун иштөөсү аркылуу Ыйса дүйнөлүк жоопкерчиликтен Кудайга кызмат кылуу жоопкерчилигине өттү. Шакирттери да Ыйсаны ээрчип, ушундай кылышты. Мариям Уулунун кам көргүчтүгүн жана сүйүүсүн билчу, ошондуктан ал Уулуна таянды. Мариямдын сүйүүсү Уулунун колу аркылуу жасалган биринчи кереметке алып келди. Машаяктын сүйүүсүнө болгон ишеним Кудайдын колдорун кыймылга келтирет. Ыйса эмнени айтса, ошону кылууну энеси кулдарга буюрду. Ал Уулунун сөзсүз бир жол менен болбосо дагы, дагы бир башка жол менен жардам берерине ишенген. Мариямдын кулдарга айткан сөздөрү бүт жыйындарга ураан болуп калды. «Ал силерге эмнени айтса, ошону кылгыла!» Иштин жүрүшүн Ыйсанын Өзүнө коюу, Ыйсанын сөздөрүнө болгон тил алчаактык көп кереметтериди алып келет. Тазалануу расмисине арналган таш идиштер бош болчу. Аларга алты жүз литр суу куюшту. Коноктор тазалануу расмисин өткөрүү үчүн көп өлчөмдөгү сууну пайдалангандыгын бул аныктап жатат. Ыйсанын катышуусунда тазалануунун башкача жолу керек болот. Акырына чейин тазаланбаган бир дагы адам Козунун үйлөнүү тоюна катыша албайт. Ошентсе дагы Ыйсаны тазалануу тынчсыздандырган эмес. Ыйса унчукпастан эле тазалануу суусун таза жана таттуу шарапка айландырып койду. Бул кандайча болгодугун биз билбейбиз. Бирок ушул окуядан улам, Анын төгүлгөн каны Козунун үйлөнүү тоюна катышкандардын бардыгына жете тургандыгын аныктап жаткандыгын билебиз. Бул нерсе караңгыга тийиштүү эмес. Ыйык Рух бир дагы караңгы иштерге жол бербейт. Бирок татту шараптын мол болушу адамзаттын күнөөлөрүнө берилген Машаяктын кечирими дагы мол экендигин түшүндүрөт. Асмандын кубанычына бардыгы катышса экен. Теңирдин Кечки Тамагында баарына ыраазычылык билдирүү менен Анда кубануубуз үчүн бизге кечирим берген Машаяктын катышуусунун белгиси болгон нанды жана шарапты кабыл алгыла. Жакан 2:11-12 Машаяктын жараткыч жөндөмдүүлүгүнө шакирттери айраң-таң калышып, жаратылыш кубулуштарынын үстүндөгү Ыйсанын бийлигин көрүштү. Алар Ыйсанын даңкын көрүшүп, Аны Кудай жибергендигине ишенип калышты. Бул аларды Ыйсага ишенүүгө жана таянууга үйрөттү. Ишенимдин өсүшү үчүн убакыт керек. Ал эми түшүнүү үчүн тил алчаактык керек. Эгерде Ыйсанын иштерин изилдеп, Анын айткандарына терең маани бере турган болсоң, анда Анын Инсандыгынын улуулугун түшүнөсүң. Кудайга кызмат кылуу үчүн Ыйса үй-бүлөсүнөн бөлүнүп, дүйнөлүк кызматтардан эркин болгон. Бирок Анын энеси жана бир туугандары менен болгон мамилеси улана берген. Алар Ыйсанын шакирттери менен чогу бир аз саякатташты. Бир туугандары Аны менен чогу Тиберия көлүнүн боюндагы шаарга барышты. Шакитттери Ыйсага Каанадагы көрсөткөн кереметти көргөндөн мурда эле Ыйсага ишенишчү. Алар жакшылыкка жабышкандай Ыйсага жабышышты. Сыйынуу: Теңир Ыйса, бизди Өзүңдүн мамилеңдин кубанычында болушубуз үчүн үйлөнүү тоюна чакырганыңа ыраазыбыз. Биздин күнөөлөрүбүздү кечир жана Ыйык Рухуң менен бизди толтур. Өзүңдү башкаларга бергениңдей, биз дагы Сени ээрчип, адилдикте жана тазалыкта бололу. СУРООЛОР:
1 – тестУрматтуу окурман, төмөнкү жыйырма төрт суроонун ичинен жыйырма суроосуна туура жооп жазып, бизге салып жибер. Биз бул курстун уландысын салып жиберебиз.
Жазган жоопторуңуздун алдына атыңызды жана жашаган жериңиздин дарегин жазып, төмөнкү дарекке салып жибериңиз. Waters of Life Internet: www.waters-of-life.net |