Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- Christ -- 10 (Christ's Names and Titles)
This page in: -- Arabic? -- Azeri -- Baoule -- Chinese -- English -- French -- Greek -- Indonesian -- Japanese -- KYRGYZ -- Russian -- Sundanese -- Turkish -- Ukrainian -- Uzbek

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 8: БӨЛҮМ МАШАЯК - Машаяк жөнүндө кандай ойдосуң
Өмүр менен тааншуу, Машаяктын кудурети жана сүйүүсү

10. МАШАЯКТЫН АТТАРЫНАН ЖАНА НААМДАРЫНАН ЭМНЕНИ ТҮШҮНДҮҢ?


Кээ бир пайгамбарлар өзгөчө наамга ээ. Ыбрайым Кудайдын досу, Муса Кудайдын жана Кудайдын Сөзү, Руху болгон Машаяктын өкүлү. Бирок биз Инжилдеги даана берилген ачылышты, асмандан жаңырган үн: «Бул Менин сүйүктүү Уулум Ыйса. Мен Ага ыраазымын. Аны уккула!» (Матай 17:5) - дегенин окуганбыз.

«Кудайдын Уулу» - деген эмнени билдирет? Адатта, жаш бала атасына окшош болот. Ошол сыяктуу эле биз Машаяктан Кудайдын сапаттарын көрө алабыз. Ыйса Өзүнүн шакирттерине мындай дейт эмеспи: «Мени көргөн адам, Атабызды да көргөнү». (Жакан 14:9) Сен: «Кудай мындайга жол бербейт! Ыйса жөн гана пайгамбар!» - дешиң мүмкүн! Анда биз сенден: «Эмне үчүн Анын буйруктарын аткарган жоксуң?» - деп сурайлы. Эгер сен өз оюңду жана кылган иштериңди өзгөртпөсөң, эбак сотко кабылдың.

Күнөөнүн кулдарын бошотуу үчүн Ыйса Кудайдын кулу болгондугу өзүнчө эле улуу сыр. Ал бизге чыныгы момундукту көрсөтүү үчүн момун адамдын кейпин кийип бул дүйнөгө келди. Бул кудурет менен күчтү эмес, Машаяктын сүйүүсү бизди куткарып алды дегенди түшүндүрөт. Баары эле кылычты жалаңдатып колуна кармап турганда күчтүү көрүнөт, а бирок өзүн-өзү тыя билген адам андан күчтүүрөөк. Ал эми көпчүлүктү кун төлөп куткаруу үчүн өз өмүрүн кыюу баарынан жогору: «Сөз адам болуп, арабызда өмүр сүрдү. Ошондо биз Кудай Атанын жалгыз Уулунун чексиз улуулугун көрдүк. Кудайдын болгон ырайымы менен акыйкаты Анда эле». (Жакан 1:14)

Кудай- басып алуучу, жок кылуучу жана кайдыгер эмес, сүйгөн жана кечирген Ата экенин көрсөтүү үчүн Машаяк адамдын кейпин кийип келген. Ушундай жол менен Машаяк бизге Кудай жөнүндө жаңы түшүнүк берди. Ыйса бизге Кудайлык сапаттарды үйрөтүп гана койбостон, жаңы кылымдын урааны болгон «Түбөлүк сүйүүнү» түшүнүп калышыбыз үчүн, Кудайдын сүйүүсүн көрсөттү.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:26 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)