Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- Christ -- 05 (Christ's Power)
This page in: -- Arabic? -- Azeri -- Baoule -- Chinese -- English -- French -- Greek -- Indonesian -- Japanese -- KYRGYZ -- Russian -- Sundanese -- Turkish -- Ukrainian -- Uzbek

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 8: БӨЛҮМ МАШАЯК - Машаяк жөнүндө кандай ойдосуң
Өмүр менен тааншуу, Машаяктын кудурети жана сүйүүсү

5. МАШАЯКТЫН БИЙЛИГИ ЖӨНҮНДӨ КАНДАЙ ОЙДОСУҢ?


Кимде ким Ыйсанын кылган иштерин жакшылап карап чыкса, Анын чексиз мүмкүнчүлүктөргө ээ болгонун көрө алат, анткени асмандагы бүткүл күч жана бийлик толук Ага берилген. Ал Кудайдын иштерин ачык эле кылды, эч ким Ал жасаган нерселерди кыла алган эмес.

Ал өзүнүн тилинен чыккан сөзү менен гана пес ооруларды айыктырып, боорукердиги менен сокурлардын көздөрүн ачкан. Ал чапкындаган бороонду жөнөкөй сөз менен эле тынчтандырып койгон. Ал жиндерди жемелөө менен эле кууп чыгарып, 5 000 адамды 5 нан жана 2 балык менен эле тойгузуп койгон. Бир да адам буга чейин мындай иштерди жасаган эмес.

Кээ бир пайгамбарлар чектелүү гана кереметтерди өздөрүнүн Теңиринин атынан көрсөтө алышкан, ал эми Машаяк болсо кылган ажайып иштерин Өзүнүн таң каларлык бийлигинин негизинде жасаган.

Лазар деген жигит өлүп, көргө коюлат. Анын боздоп ыйлаган туугандары Ыйсадан жардам сурап келишет. Ал айылга келгенде Лазардын жерге коюлганына төрт күн болгон болот. Ошондо Машаяк түз эле анын көрүнө барып күчтүү үнү менен минтип кыйкырат: «Лазар бул жакка чык!» Ошондо өлгөн жигит чын эле көрдөн чыгып келет!

Күнөөлөрүңөрдүн айынан рухий жактан өлгөн сен да, Кудайдын тирилтүүчү үнүн укканда кайра тирилесиң. Анткени Машаяк мындай деген: «Кайра тирилүү менен чыныгы өмүр — Менмин» (Жакан 11:25)

Анын үнүн бардык өлгөндөр угуп, Кудай менен жашоо үчүн же коркунучтуу сотко баруу үчүн кайра тирилишет. Ошондой эле сен да Машаяктын үнүнө жүрөгүңдү ачсаң, бакытка жана түбөлүк өмүргө ээ болосуң.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:18 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)