Waters of Life

Biblical Studies in Multiple Languages

Search in "Kyrgyz":
Home -- Kyrgyz -- The Lord is my Shepherd -- 004 (Have you experienced God's guidance in your life?)
This page in: -- Armenian -- English -- German -- Indonesian -- KYRGYZ -- Uzbek -- Yiddish

Previous Lesson -- Next Lesson

БӨЛҮМ 7: Забурлар 23 - Теңирим менин кайтаруучум
23 Забур боюнча ой жүгүртүү жана Забурдагы койчу (кайтаруучу) Ыйса жонүндө айтылат
1. Теңирим менин кайтаруучум

Сен өз жашооңдон Кудайдын жетектөөсүн көрдүңбү?


ЗАБУРЛАР 23,3
«Өз ысымы үчүн жаныма күч берип, чындык жолуна салат»

Койлор койчунун өздөрү үчүн кам көрөрүн билишет. Кайтаруучу аларды эң жакшы жайыттарга, булактарга жана жай аккан сууларга алып барат, аларга туз берип, коркунучтуу учурларда сактайт. Коркунуч туулса, койлор анын жанына чогулушат. Аны тааныгандыктан аны ээрчишет жана ага гана ишенишет. Бирок ээнбаш койлор да бар. Алар өздөрүнүн жайытынан алысыраак жерде жакшыраак чөп бар болсо керек деп, издеп жөнөшөт. Алар үйүрдөн кетип калып, кырсыкка учурашат. Кайтаруучу алардын алыс жакка кеткенин көргөндө, аларды ошол замат чакырат. Эгерде койлор анын үнүн укпай, башка жакка кетип калса, аларды кайта кайтарып келет. Мүмкүн, ээнбаш кой өзүнүн кайтаруучусунан да качып кетер. Ошондо кайтаруучу кууп жетип, керек болсо тиштеп алып келүү үчүн итине буйрук берет. Теңир Өзүнүн койлорун сүйгөндүктөн, аларды куткарып, сактап калуу үчүн жазалайт. Койлор Анын жетектөөсүнө муктаж экендигин жана өздөрү жашап кете албастыгын билишет. Алар жоголуп кетпеши, өлүп калбашы үчүн чакырат, сабайт жана иттерине алып келүүгө буйрук берет.

Теңир ишенимдүү, ошондуктан бүгүн да өзүнчө бөлүнүп, алыста жүргөн шакирттерин чакырат.

Кымбаттуу окурман, мүмкүн, сен да башка жана туура эмес жолдо жүргөндүрсүң. Теңирдин чакырыгын угуп, Ага кайрылсамбы же өзүм каалагандай жашай берсемби деп ойлоп жаткандырсың. Теңир сени жазалап, уруп, тиштеттиргенге жеткирбей эле, тезинен кайтып келип, Ага кайрылышыңды өтүнөбүз.

Жакшы Кайтаруучу сен үчүн кам көрүүнү каалап жатса, сен эмне үчүн Андан качып жүрөсүң? Ким жакшы Кайтаруучуга жүрөгүн жаап, Анын сүйүүсү менен берген тарбияга жүрөгүн катуулантса, ал кыйроого учурайт. Кайтаруучу койлорду Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, аларды жоголуп кетүүдөн сактоо үчүн, Өзүнүн жанына алып жүрөт. Ал койлорун кеч киргенге чейин алып келүүнү каалайт.

Бардык эле койлор кача беришпейт. Көпчүлүгү Кайтаруучуну ээрчишет. Алар жүрөктөрүндөгү коопсуздукту күбөлөндүрө алышат.

«Өз ысымы үчүн жаныма күч берип, чындык жолуна салат» деген сөздөр биз үчүн кандай сооронуч! Асман-жердин жаратуучусу болгон улуу Кудай бизди жетектейт. Өзүмдү толугу менен, бүт бойдон Анын жетегине тапшыргандан бери, Ал менин жашоомду азыр да, түбөлүктө да жетектейт. Ал бирөөнө өмүр берип, экинчисин кыйратпайт. Ал ырайымсыз, зулум төрө эмес, тескерисинче, бардык койлорунун үйгө келишин каалайт. Теңир Өзүнүн шакирттери менен бирге; Ал - алар үчүн азап чегүүгө даяр турган, эмнеси бар болсо, ошонун баарын алар үчүн курмандык кылуучу, кам көрүүчү Кудай. Ал короодогу койлорун сактоо үчүн, аларга жардам берүү үчүн, аларды куткаруу үчүн баарын берет.

Бул дүйнөдө көптөгөн башкаруучулар бар: саясий бийликтегилер, дин өкүлдөрү жана чоң философтор. Бирок эч кимиси Кудайга тең келе албайт; алардын баары, болгону, топурак. Кудай гана түбөлүктүү, ыйык, адилет, сонун жана күчтүү. Кудай – сүйүү. Ошондуктан, жашообузду Ага ишенип тапшыра элек болсок, анда азыр эле тапшырсак болот. Жакшы Кайтаруучу ар бир кой үчүн эң жакшы жолдорду издейт. Ал бизге келечексиз жашоо тартуулабайт. Биз жашообуздагы көйгөйлөрдү өзүбүз жалгыз жеңе албайбыз. Кудай биздин алдыбызда жүрөт.

Эгерде биз Кудайды ишеним менен ээрчисек, өмүрүбүздөгү бизди күтүп турган ар кандай кырдаалдарда Ал биз менен болот. Эгерде биз Аны ээрчисек, эч качан жалгыз болбойбуз. Ал биздин жаныбызда болот. Биз аксап артта да калбай, шашып алдыга да кетпей, Аны менен бирге кадам шилтешибиз керек. Ошондо бизге жакшы болот. Бизди алып баруучу жол - аткарууга мүмкүн болбогон осуяттарга, сан жеткис тыюу салуулар менен катуу мыйзамдарга эле толгон жол эмес, тескерисинче, Анын сүйүүсү менен курулган ыйык жол. Ал бизде Өзүнүн боорукердиги калыптанышын каалайт. Өзүнүн бейпилдиги, тынчтыгы, сактоосу, коопсуздугу биздин жашоодо чагылып туруусун каалайт.

Ыйса: «Силерде Менин кубанычым болсун деп, Мен силерге ушул сөздөрдү айттым!» - дейт (Жкн. 15,11). Жакшы Кайтаруучуну ээрчип, Андан чыдамдуулукту, ак көңүлдүктү, боорукердикти, ишенимдүүлүктү, момундукту, өзүн өзү токтото билүүнү үйрөнөбүз. Жакшы Кайтаруучунун Руху биздин мүнөзүбүздү өзгөртүүнү каалайт. Анын ырайымдуулугу, боорукердиги жана ыйыктыгы биздин жүрүм-турумубузду калыптандырат.

Албетте, Кудайды ээрчигендерде жашоодогу ийгиликтер жана материалдык баталар гана эмес, өзгөрүүлөр да болуу керек. Теңир күнөөлөрдүн жана түйшүктөрдүн айынан алысташыбызды, Өзүнүн Рухунун жетегинде жүрүшүбүздү каалайт.

Мунун бардыгын Жакшы Кайтаруучу эмне үчүн жасайт? Биз жакшы болгондуктанбы? Көп сыйынганыбыз үчүнбү же дайыма Кудайдын сөзүн окуганыбыз үчүнбү? Бул нерселер биздин ишенимдүү болушубузга түрткү бербейт, бирок бул – Ыйсанын баталарынын гана жемиши. Ал бизди такыбаа болгондугубуз үчүн сүйбөйт; Ал бизди ыпылас, өзүмчүл, текебер, кежир экендигибизге карабай, кабыл алган. Ал Өзүнүн ысымы үчүн бизди тарбиялоо, жетектөө жана жаңыдан жаратуу ишин баштады. Эгерде биз өзүбүздүн адептүүлүгүбүз менен менменсинсек, эчак эле аңга түшүп, арстанга жем болмокпуз. Кудайдан башка эч ким жакшы эмес! (Лк. 18,19) Теңир гана Өзүнүн ысымы үчүн бизди туура жолго салат. Ал – Жакшы Кайтаруучу. Кайтаруучу ишенимдүү жана койлору үчүн Өз жанын берет. Түбөлүк өмүргө эч ким өзүнүн адилеттүлүгү аркылуу ээ боло албайт, Анын чексиз сүйүүсү жана ырайымы аркылуу гана ээ боло алат. Ал бизди жакшы иштерди кылгандыгыбыз үчүн куткарбайт. Курмандыкка көп акча берүү, сүннөткө отуруу да эч кандай роль ойнобойт. Анын сүйүүсү, ак ниеттүүлүгү, эрки, ырайымы, бизди кабыл алган, куткарган чечими гана куткарылуубуздун негизи жана себеби. Ал – биздин Куткаруучубуз, ишенимибиздин баштоочусу жана бүтүрүүчүсү (Эв. 12,2). Биз кээде Анын жетектөөсүн каалабай, сынап качып кетишибиз мүмкүн. Бирок жашообузду Ага тапшырган болсок, Ал таштабайт, тескерисинче, издейт. Ал биздин артыбыздан чуркайт. Ал бизди издейт жана табат. Ал бизди түбөлүк жайга алып барчу чыйыр жолдо жетектейт. Ал биздин үмүтүбүз жана келечегибиз.

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on September 23, 2015, at 08:36 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)