Previous Lesson -- Next Lesson
Падышанын забуру катуу ооруп жаткан адамдга да сүйлөйт
Ооруканада атайын бөлүнгөн бөлмөдө бир киши жатты. Ал күтүлбөгөн жерден ишинен ажырап, пландаштырган иштерин токтотту. Шашылыш иштерин да таштап, мындан аркы жашоосунан да үмүтү үзүлүп, өлүм алдында жатты. Бир күнү ылдый жагында илинип турган сөздү көрүп калды. Кара тактайчага күмүш тамгалар менен чеберленип жазылган мындай сөздөрдү окуду:
ЗАБУРЛАР 23,1
«Теңир менин Кайтаруучум, Мен эч нерсеге муктаж болбойм».
Оорулу бул сөздү окуганда ачууланды. Ал өзүнчө: «Болбогон кеп! Менде эч нерсе жок: ден-соолук да, келечек да, акча да, күч да, атүгүл эркиндик да жок», - деп ойлонду. Кыжыры кайнаган ал, коңгуроону басып, машайакчылардын ооруканасында күзөттө турган кызды чакырып, дубалда илинип турган сөздү тезинен алып салуусун талап кылды.
Медициналык кызматчы аны чыдамдуулук менен угуп, ага тынчтандыруучу дары берип, бул жазуу ооруканага тийешелүү экендигин жана өзү билип алып сала албастыгын айтты. Оорулуу: «Иштеримди токтотуп, мени оорутуп койгон Теңир жөнүндө эч нерсе уккум келбейт», - деп куңкүлдөдү. Медсестра жылмайып: «Мен сиздин суранычыңызды айтып коём. Ошондой эле сиздин ден-соолугуңуз үчүн сыйынып турам», - деди. Медсестра чыгып кетери менен оорулуунун көзү Дөөттүн күбөлөндүрүүсүнө түштү: «Теңир менин Кайтаруучум, мен эч нерсеге муктаж болбойм». Оорулуу: «Эгерде Кудай бар болсо...? Деги эле Кудай барбы? Эгерде Ал бар болсо...-Ооба, мен анда туура эмес жашадым! Мен Ансыз жашадым. Ага каршы жашадым». Кудайсыз…Бирок эч кандай Кудай жок! Мунун баары - келжиреген динчилдик. Сөзүң менен кошо жогол ары!» - деп кыжырланды. Бирок Сөз дубалда илинген бойдон кала берди, Кудай бул Сөз аркылуу оорулуу менен сүйлөшө берди. Оорулуу өзүнчө: «Көпчүлүк адамдар Теңирди Кайтаруучусу катары таанышат. Алар коопсуз жашагандай көрүнөт. Мен болсо андай эмесмин. Менин ички дүйнөм бош, жараланган. Эгерде чын эле Кудай бар болсо, анда мен жер үстүндөгү эң акмак адаммын», - деп ойлонду.Дубалда илинип турган сөз болсо күнөөкөрдүн тынчтыгы жок жүрөгүнө андан ары сүйлөдү: «Эгерде Кудай бар болсо, анда сен буга чейинки жашооңду курулай өткөрдүң. Мурунку жашооңдо кежирлик, адилетсиздик, күнөөдөн башка эч нерсе чогулткан жоксуң. Сен сотко келесиң!» «Жок! – деп кыйкырды оорулуу. -Кудай бар болушу мүмкүн эмес, болбосо мен туура эмес жашадым, актанар айла таба албайм?!» Күн артынан күн өтүп жатты. Сөз болсо дубалда илинип тура берди. Оорулуу аны көргөн сайын ачууланып жүрдү, бирок Дөөттүн күбөлөндүрүсүү эсинен кеткен жок. Ал: «Кудай менин каршылыгымды көрүп, өзүм билемдигим үчүн жазалап жаткан жокпу? Андай болсо, ким билет, дагы көп жатармын. Чын эле Кудай жазалап жатса, анда Теңир, чын эле, менин Кайтаруучумдур. Бирок Ал - кам көрүүчүү Кайтаруучу эмес, тескерисинче, мени сабап жазалоочу Сот. Кудай менин жазалоо үчүн, артымдан түшүп алды», - деп ойлонду.
Ал медсестрага: «Силердин Кудайыңар адилетсиз экен, эмне үчүн мени төшөккө ушунча көпкө жаткырды?» - деди. Медсестра анын ою менен макул болбой : «Теңир адилетсиз эмес, тескерисинче, Ал сиз менен сүйлөшкүсү келет. Сизди тынч жерге алып келип, Өзү жөнүндө жана жаратуусу жөнүндө ойлонушуңузду каалайт», - деди.
Медсестра сыртка чыккандан кийин, оорулуу: «Мүмкүн, жакшы Кайтаруучу бул ооруну жакшы ниет менен берген чыгар», - деп ойлонду. Жок, аны талкалоо үчүн эмес, тескерисинче, тынч жерде өзүнүн жашоосун ойлонуу үчүн жаткыргандыр. «Бирок Теңир менин Кайтаруучум болгон күндө да, менде эч нерсе жок: ден-соолук да, акча да, күч-кубат да, эркиндик да жок», - деп күңкүлдөдү ал, төшөгүндө жамбаштап жатып.
Дубалда илинип турган сөз менен ичинен бир жума күрөшкөндөн кийин, ага жаңы ойлор келе баштады: «Эгерде Теңир менин Кайтаруучум болсо, анда жашоомду кандай өзгөрүүлөр болмок?»
Жаман жол менен түзгөн келишимдери, кумарданып жасаган күнөөлөрү, кесиптештерине кылгын ырайымсыз мамилелери, ошондой эле башка күнөөлөрүнүн тизмеси көз алдынан чууруп өттү. «Жок, булар жөнүндө ойлобо, өчүрүлсүн, унутулсун, унчукпа», - деп өзүн өзү көндүрө баштады. Бирок Дөөттүн күбөлөндүрүүсү акырындык менен оорулуунун текебердигин жеңди.
Козголоңчунун каршылык көрсөтүүсү басаңдай баштады. Оорулуу ачууланып: «Кудай, эгерде Сен бар болсоң, мени тезинен айыктырып кой, менин ишканам жабылып калбасын!» - деди.
Бирок эч кандай жооп болгон жок. Сөз болсо мурдагыдай эле дубалда илинип тура берди. Бир кезде мында бир ой келди: «Мүмкүн, Кудай менин ден-соолугумдан да көп нерсени каалайт чыгар. Мүмкүн, Ал менин өзүмдү каалайт чыгар. Ал менин Кайтаруучум болгусу келер? Мен, эмне, Ага баш ийип, койго окшоп «маа, маа» деп маарашым керекпи? Жок! Эч качан. Мен деген кишимин, мал эмесмин!» Бирок жүрөгү тынчтанган жок. Дубалдагы сөз андан ары так жана түшүнүктүү сүйлөй берди. Оорулуу соодагер болчу, ошондуктан ал адатынча жакшылап ойлоно баштады: «Эгерде Кудай менин Кайтаруучум болсо, анда мага мындан кандай пайда болот? Анда Ал мен үчүн бардыгын пландаштырат; Ал мени жетектейт. Мен Аны ээрчишим керек болот! Ал мен үчүн кам көрөт; Ал дайыма менин жанымда болот; мен эч качан жалгыз болбойм; Ал менин жашоомдун жоопкерчилигин Өзүнө алат, түбөлүк өмүргө ээ болом».
Медсестра унчукпай, өз ишин кылып, сыйынып жүрө берди. Теңир төшөктө жаткан козголоңчул оорулуу менен качан ал: «Эгерде Теңир менин Кайтаруучум болсо, мен оорулуу боломбу же ден-соолугум чың болобу, бай боломбу же кедей боломбу, бул эч кандай мааниге ээ болбойт. Кудай мага, мен Ага тиешелүү болом! Мен өлгөндө да, Ал мени менен болот» деген түшүнүккө келгенге чейин сүйлөштү. Ошентип, ал түбөлүктүү Теңирге моюн сунуп: «Кудай, Сен бардык элдердин жакшы Кайтаруучусусуң, менин күнөөлөрүмдү кечир. Менин жашоомду Өзүң жетекте, мени жалгыз калтырба. Азыр да, түбөлүктө да мени Кайтаруучум бол. Мен Сенин үйүңдө түбөлүккө болууну каалайм, ошондуктан башка жакка качып бара жатсам да, сен мени кара кайтарып кел. Оомийин», - деп, өзүн ишеним менен жакшы Кайтаруучуга тапшырды.