Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 129 (Future predictions)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
Б – Ыйсанын тирилүүсү жана шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:1 - 21:25)
5. Ыйсанын көлдүн жанында көрүнүшү (Жакан 21:1-25)

в) Ыйсанын келечекти алдын ала айтышы (Жакан 21:20-23)


Жакан 21:20-22
20 Петир артын карап, Ыйса сүйгөн шакирттин келе жатканын көрдү. Ал кечки тамак убагында Ыйсанын төшүнө башын коюп, «Теңир, Сага чыккынчылык кыла турган ким?» - деп сураган шакирт эле. 21 Петир ошол шакиртти көргөндө: «Теңир, ал эми булчу?» -деди. 22 Ыйса ага: «Кааласам, Мен келгенге чейин ал тирүү болот, сенин ишиң эмне?» - деп айткан эле.

Петир Устатынын козуларын жана койлорун кайтарып жүрдү. Жакан шакирттердин эң кичүүсү болгондуктан, Петир Ыйсанын Жаканга болгон оюн билүү үчүн тынчсызданды. Ал жаш болгондуктан аны балким үйүнө жибереби? Же күрөштө аны да жоопкерчиликтүү кылып шайлайбы?

Бул жерде Петирдин сөзүнө караганда, анда көрө албастык болушу мүмкүн, анткени Ыйса Жаканды башка шакирттерге караганда жакынсынтып, аны өзгөчө сүйгөн. Кечки тамак убагында Петир Жаканга жаңсап, каршылаш маалда Теңирди тынчтандыруу менен чыккынчынын ким экенин айттыруу үчүн, Жаканды ортомчу катары көргөн эле.

Жакан Ыйсага өтө жакын болгондуктан, Машайактын душмандарынын алдынды жашоосун коркунучта турса дагы, ал айкаш жыгачтын алдында, Теңиринин маңдайында турду. Теңир өлүп, тирилгенине биринчилерден болуп Жакан ишенген эле, жана көлдө балык кармап жатканда Ыйсаны Жакан биринчи тааныган. Петирди Ыйса Анын артынан ээрчүүгө чакыргандан мурда эле Жакан Ыйсаны ээрчип баштаган. Анын жүрөгү Машайак менен бириккен эле. Шакирттеринин ичинен Ыйсага эң жакыны мына ушул Жакан болчу.

Балким, Жаканга дагы Петир өзүнө айтылгандай катаал келечек белгиленгенин, же ага өзгөчө айырмаланган нерсе бекитилгенин Ыйсадан сураса керек. Ошондо Ыйса Петирге анын башка шакирттердин үстүнөн төрө болуп шайланбаганын, ал башка бир туугандары менен бирдей деңгээлде экенин Ыйса айтты. Качан Петир шакирттердин сүйлөөгү болуп турганда, Жакан Теңири менен терең байланышта эле жана Жакандын тагдыры үчүн тынчсыздануу Петирдин иши эмес болчу. Жакан унчукпастан жүрүп, башкаларды сыйынуусу менен колдоп, Жыйындын ишенимин өнүктүрүүдө чыдамдуу болуп, сыйынуунун күчү менен башкаларга таасирин тийигизди (Элчилердин иштери 3:1; 8:14; Галатиялыктарга 2:9).

Ыйсанын алдын ала белгилеген Жакандын чакырыгы аркылуу узак жашап, Машайакка кызмат кылуу, же Анын ысымы үчүн кыска өмүр сүрүп курман болуу маанилүү эмес экендигин байкасак болот. Маанилүүсү, биз узак жашайбызбы, же кыска жашайбызбы, бардык учурда Ага ишенимдүү болуу, Ага баш ийүү. Ыйса Өзүнүн жолдоочуларына бирдей жолду чийген эмес. Өз Устатын даңктоо үчүн Ал ар бирине өзгөчө жолду даярдаган. Жакандын өлүмү тууралуу эч нерсе белгисиз; балким ал табийгый өлүм менен өлгөндүр.

Ыйса Петирге башка шакирттерди карабай, өзүн кароого чакырды. Демек биз башка Машайакчылардын иши үчүн тынчсызданбастан, өзүбүздүн жашообуздагы Кудайдын эркин түшүнүү менен, Анын артынан шартсыз түрдө ээрчишибиз абзел. Ишенимдүүлүк менен Теңирди ээрчүү ар бир ишенген адамдын урааны.

Ошондой эле, Ыйса шакирттерине Өзүнүн экинчи жолу келүүсү тууралуу айтты. Анын экинчи келиши дүйнөлүк тарыхтын максаты. Бардык шакирттеринин ойлору ушул келечектеги боло турган окуяга бурулду. Адамзаттын бардыгы көксөп келген Кудайдын адамзат менен жашоосу мына ошондо ишке ашат. Ыйса даңкы менен келет. Сыйынууң, кызматың, даңктоо ырларың жана ыйык күбөлөндүрүүң менен Аны келишине даярсыңбы? Аны күтүп жатасыңбы? Башкаларды эмес, бирок түздөн-түз Ыйсаны ээрчиген ишенгендерди биз ошондо, Анын жанына барганда көрөбүз.

Жакан 21:23
23 Ошондон кийин бир туугандар арасында «Бул шакирт өлбөйт» деген сөз тарап кетти. Бирок Ыйса Петирге аны өлбөйт деп эмес, «Кааласам Мен келгиче, ал ушул жерде болот, аны менен сенин ишиң эмне?» - деп айткан эле.

Кептин маңызы – Жакан карыганга чейин жашай тургандыгы жана Машайакчылардын күтө турганы Ал Өзү экендигин айтты. Жакандын тегерегинде Теңир кайтып келмейинче, аны өлбөйт деген ойлор таралып кеткен. Пабыл дагы Теңирдин эрте келишин күтүп, ал өлүмгө учурабастан, заматта өзгөрүлүп, асманга көтөрүлүп кетерин күткөн болчу. Бирок Жакан Машайактын убадасы бул асман ачылып, Даңктуу Теңир келгенге чейин ал өлбөй тургандыгы эмес экендигин көрсөткөн. Ыйсанын максаты жана чечими Петирдин көксөгөнү эмес болчу. Теңир шакирттеринин ар бирин өзгөчө жол менен жетелей турган Жакшы Кайтаруучу бойдон кала берет.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Сен даңктуу Куткаруучусуң, ишенимдүү Кайтаруучусуң. Петир менен Жаканды өздөрүнүн табиятына жараша өмүрү менен да, өлүмү менен да Сени даңазалаш үчүн, экөөнү тең өзгөчө жол менен жетелегениңе рахмат. Сени гана ээрчүү артыкчылыгын бизге бере көр. Келериңе аз калган маалда, кайтып келүүңдү зор кубаныч менен күтүп алуусу үчүн, биздин туугандарыбызды, досторубузду жетекте.

СУРООЛОР:

  1. Ушул Жакшы Кабардагы Ыйсанын акыркы сөздөрүнүн мааниси эмне?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 10:17 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)