Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 128 (Peter confirmed in the service of the flock)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
Б – Ыйсанын тирилүүсү жана шакирттерине көрүнүшү (Жакан 20:1 - 21:25)
5. Ыйсанын көлдүн жанында көрүнүшү (Жакан 21:1-25)

б) Петирдин үйүргө кызмат кылуучу катары бекитилиши (Жакан 21:15-19)


Жакан 21: 18-19
18 «Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, сен жаш кезиңде белиңди өзүң бууп, каалаган жагыңа барчусуң. Карыганыңда колуңду сунуп бересиң, сени башка бирөө байлайт да, каалабаган жагыңа алып барат». 19 Ыйса бул сөздөрдү Петир өз өлүмү менен Кудайды даңктарын билдирүү үчүн айтты. Ушул сөздү айткандан кийин, Ал ага: «Менин артымдан ээрчи», - деди.

Ыйса Өзүнүн шакирти Петирдин кызганчаак, сезимдерге негизделген жүрөгүн билген. Мына ушундай шашма абалды биз Ыйсага жаңы ишенип калган жаш адамдардан көп кездештиребиз. Качан гана алар Ыйык Рухтун катышуусун сезишкенде, шашылган бойдон башкаларды куткаруу үчүн учуп жөнөшөт. Тилекке каршы көпчүлүк учурда алар назиктикке, сыйынууга жана колдоого негизделген Ыйсанын жетеги менен эмес, бирок адамдык гана демилгеден улам болуп калат.

Ошенсе дагы, Ыйса Петирдин өзүнө ишенүүсүнөн бошонуп, рухта жеткилеңдүүлүккө жетерин, өзүн толук Теңирине арнап, жүрөктү элжиреткен сүйүүсү менен Машайактын каалаганын аткарган адам болорун алдын ала билген.

Петир бутпарастарга барбастан, Иерусалимде калды. Ал бир нече жолу сабалып камакка алынды; бир жолкусунда Теңирдин Периштеси аркылуу түрмөдөн бошотулду. Рухтун жетеги менен ал римдик аскер башчысы Корнелийдин үйүнө барды. Ошол жактан ал Жакшы Кабар мурда таза эмес деп эсептелинип келген бутпарастарга дагы таралышы керек экендиги тууралуу көрүнүш алган. Мына ушул кадам аркылуу ал бүт дүйнөгө жакшы кабарды таратуунун эшигин ачты.

Ироддун түрмөсүнөн бошонгондон кийин, Петир жаңы эле негизделген Жыйындарды кыдырып жүрдү. Ал айрыкча Пабыл түрмөдөгү кезинде жыйындарды өзгөчө көп кыдырган. Ошентип, шакирттердин башчысы бутпарас Машайакчыларга барып, аларга ата катары кайраттандырып жүрдү. Тарыхый жазмалардын негизинде, Петир Римдин бийлигинин маалында, Нерон императордун куугунтугунан улам өлүмгө учураган. Теңири сыяктуу курман болууга өзүн татыксыз эсептеген Петир, айкаш жыгачка башын ылдый каратып кадоолорун суранган. Ыйса качан Петирдин өлүмү Кудайды даңтай тургандыгын эскерткенде, мыну ушул тууралуу айткан эле.

Мындан мурда Петир Теңири үчүн башын өлүмгө байлаганга даяр экенин айткан болчу. Ошондо Ыйса ага: «Мен бара жаткан жакка сен азыр Мени ээрчип бара албайсың», - деп жооп берген (Жакан 13:36). Ыйса шакирттерин Өзүнүн күчү менен, даңкы менен аларды Өзүнө, Атасына жана Ыйык Рухка бириктирди. Ал шакирттерин Өзүнүн азап тартуусуна жана ошондой эле даңкынын башталышы болгон өлүмүнө ортоктош кылды. Жакшы Кабардын даңкы бул дүйнөнүкүндөй атак- даңк, урмат- сый эмес, бул азап тартуу жана бизди сүйгөн Теңирибиз үчүн айкаш жыгачты жонго көтөрүү. Петир өз күчү менен Кудайды даңктай алмак эмес. Ал өзүнөн баш тартып, Теңири үчүн жашап, Анын даңкы үчүн курман болушу үчүн, Машайактын каны аны тазалап жууду, Ыйык Рухтун күчү аны ыйыктады.

Ошондон кийин Ыйса Петирге аскердик буйрук катары: «Менин артымда ээрчи!» - деди. Демек биз Аны өмүргө дагы, өлүмгө дагы ээрчийбиз, сүйүүнүн жемиштерин алып келебиз жана мээрман Атабыздын ырайымын даңазалайбыз.

Сыйынуу: Теңирим Ыйса Машайак, Петир Сенден танып кетса дагы, аны четке каккан жоксуң, бирок ыйык Үч Бирдикти өмүрү менен да, өлүмү менен да даңкташы үчүн аны кайрадан чакырып алдың. Ансыгандай, биздин жашообузду да кабыл ал, өз эркибизди толугу менен Өзүңдүн жетегиңдин алдында коюшубуз үчүн, осуяттарыңды сакташыбыз үчүн, душмандарыбызды сүйүп, акырына чейин Сага ишенимдүү болуу менен Сени урматтап, жашообуз Сенин ырайымыңды даңазалагандай болушу үчүн бизди тазала.

СУРООЛОР:

  1. Петир кантип Кудайды даңктады?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 24, 2012, at 10:16 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)