Waters of LifeBiblical Studies in Multiple Languages |
|
Home Bible Treasures Afrikaans |
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba
Previous Lesson -- Next Lesson ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат IV БӨЛҮМ - ЖАРЫК КАРАҢГЫНЫ ЖЕҢЕТ (Жакан 18:1 – 21:25)
А - Ыйса кармалгандан баштап көргө коюлганга чейинки болуп өткөн окуялар (Жакан 18:1 - 19:42)
2. Ыйсанын Анастын алдында суракка алынышы жана Петирдин үч жолу танышы (Жакан 18:15–21)Жакан 18:12-14 Ыйсаны кармашкан бир гана жүйүттөр эмес, бирок ошондой эле римдик кызматчылар да барышкан эле. Өлүмдүн жана жиндердин үстүндө бийлиги бар, бороонду тынчыткан, оорулууну айыктырган, күнөөнү кечирген Ыйса мына ушундай басынтууну момундук менен көтөрдү. Эркин Кудай колго түшүрүлдү. Теңирди кармашты, байлашты! Бул биздин жийиркеничтүү күнөөбүздөн улам болду. Ыйсанын байланышы айкаш жыгачтагы мазактоонун эң жогорку баскычына чейинки басынтуунун алгачкы баскычы болчу. Биздин Заманга чейинки 6-жылдан 15-жылына чейин Анас башкы ыйык кызмат кылуучу болуп турган. Негизи ал өмүр бою кызмат кылышы керек болчу, бирок римдиктер аны ишинен алып салган эле. Алар анын ордуна күйөө баласы, митайым Кайапаны коюшкан. Кайапа мыйзамдын да, римдиктердин да талаптарына туура келген болчу. Ал бийлигин пайдаланган митайым жана амалкөй, элдердин аман калышы үчүн Ыйсанын өлүшү тууралуу жалган пайгамбарчылык кылган Шайтандын пайгамбары эле. Боло турган сот жалган жалааны чындыктай кылып, адилеттүүлүк менен соттолду дегендей кылып, айыптууну жоопко тартуу эле. Абийири айыптап жаткандар үчүн, бул сот адилетүү түрдө, ачык күбөнүн негизинде болду дегендей кылыш керек болчу. Башка Жакшы Кабарчылардан айырмаланып, Жакан бул эки бөлүктөн турган сурактын тегерегинде болуп жаткан нерселер тууралы жазган эмес. Бирок ал башкы ыйык кызмат кылуучу, уруунун башчысы болгон Анастын алдындагы сурак тууралуу белгилей кеткен. Ал ошол мезгилдеги окуянын негизги кыймылдаткычы болчу. Урматтоо белгиси катары, Кайапа алгачкы суракты Анас жүргүзсүн деп, ага жиберүүнү буйрук кылган эле. Жакан 18:15-18 Ыйсаны түн ичинде алып келе жатышканда, Жакан менен Петир Ыйсанын артынан ээрчип жүрүп отурушту. Жакан башкы ыйык кызмат кылуучунун таанышы болгондуктан, ал анын короосуна эч тоскоолдуксуз эле кирди. Петир болсо кире алган жок, себеби короонун дарбазасы кайтарылуу болчу. Караңгыда эшиктин алдында турган Петирдин сыздаган жүрөгүн Жакан сезди. Аны ичке киргизүү үчүн, Жакан дарбазачы аял менен сүйлөшүп, Петирди киргиздирди. Көргөн көзүнө толук ишене бербеген аял: «Сен тиги кишинин шакирттеринен эмессиңби?» - деп сурады. Петир: «Мен андай эмесмин», - деп жооп берип, эч нерсе көрбөгөндөй, билбегендей болуп калды. Бир аздан соң, күн суук болгондуктан, Петир оттун жанында жылынып отурган эле. Жакан 18:19-24 Биринчи сурак Ыйсанын айыбы, анын ким экендиги тууралуу болгон жок. Биринчи суракта Аны шакирттери жана окутуусу тууралуу болду. Ошол маалда көптөгөн жашыруун кыймылдар болуп жаткан эле. Ошондуктан суракта Ыйсанын жолдоочулары аркылуу эч көтөрүлүш коркунучу болбостугун, эгерде көтөрүлүш боло турган болсо аны тез басуу үчүн, тактап билүүгө шашылды. Ыйса андай жашыруун кыймылдын болбогондугун, тескерисинче Ал күнү бою синагогаларда жана ийбадаткананын өзүндө ачык окутканын, ал жакка көптөрү келип, уккандыгын элдин баары билчү. Эгерде эл башчылары чындап эле Ыйса тууралуу билгилери келсе, алар Ыйса окуткан жерге барып, Анын айткандарын, чакырыгын угуп, баамдашмак. Бул тууралуу Ыйса башкы ыйык кызмат кылуучуга эч жалтанбастан туруп жооп берди. Ошол маалда, кызматчылардын бири башкы ыйык кызмат кылуучуга жагаалданып, Ыйсаны уруп жиберди. Ыйса кайра ага жооп кайтарган жок, ачууланган да жок. Бирок ошол эле маалда, Ал ушул кылмыштын олуттуулугунун деңгээлин эч кичирейтпестен туруп, жаракат келтиргени үчүн кылмышкерден ургандыгынын себебин түшүндүрүп берүүсүн талап кылды. Ыйсаны эч айыпсыз ургандыгы үчүн, кызматчы күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурашы керек болчу. Бул кырдаал Анаска да тийиштүү болчу. Кызматчысынын кылган ишине ал да жооп бериши керек болчу. Ал Ыйсаны басынтууга жол берди. Бүгүнкү күндө эч жазыксыз бирөөгө кол көтөргөндөр, жөн жерден коркуткандар жоопко тартылат. Биздин Теңирибиз кордук көргөндөргө жан тартып, «Буларга жамандык кылганыңар Мага жамандык кылганыңар», - деп айтат. Ыйсанын коркутууларга баш бербестен, суроо берип, адилеттикти жана чындыкты талап кылып жатканын байкаган Анас керт башынан коркуп, Ыйсаны амалкөй жана митайым күйөө баласы Кайапага жиберди. Жакан 18:25-27 Кайапа Ыйсадан шакирттери тууралуу сурады. Шакирттеринин экөөсү ошол короодо болчу, бирок алар Теңиринин жолдоочулары экенин айтышкан жок. Оттун жанынды отурган Петир чоочун адам катары отурганда, кулдар анын Ыйса менен байланышы бар экенин баамдай башташты. Ошондо Петир кайрадан: «Жок, Жок», - деп танды. Петирге күмөн санаган кулдардын бири чындап анын бетин ача баштаганда, отургандардын баары аны карап калышты. «Мен сени билем; сени мен бактан көргөм, – дегенде, Петир коркуп кетти. Кулагы шылынган кулдун тууганы сүйлөй баштаганда, Петирдеги коркунуч чегине жетти. Бул жолкусун Петир Ыйсадан баш тарткан сөздөрүн Жакан жазган эмес, бирок ал Петирди шакирттерди жетектөөгө татыксыз, коркок адам экендигин көрсөткөн болчу. Короздун кыйкырганы Петирдин кулагына соттун үнүндөй угулду. Ыйса Өзү менен бирге өлүмгө бара турган шакирт тапкан жок. Алардын баары качып кетишти, күнөөгө батышты, алдады жана баш тартты. Петирдин ыйлаганын, кечирим сураганын Жакан жазган эмес. Ал Теңирден баш тартуу канчалык коркунучтуу экенин баса белгилегиси келген. Петирди эсине келтирүү үчүн короз үч жолу кыйкырды. Биз жалган айткан сайын, Теңирдин алдында тобо кылуудан корккон сайын, эсибизге келишибиз үчүн Куудай корозду жиберет. Ошол маалда Рухтун чындыгы бизге келип түшөт. Ыйсадан чындыкты сүйлөгөн тилди, туура жүрөктү сура. Сыйынуу: Теңир Ыйса, Сен чындыктын өзү болгонуң үчүн, чыдамдуулуктун жана улуулуктун булагы болгонуң үчүн рахмат. Биздеги жалгандыктын жана апыртуунун күнөөлөрүн кечир. Тилибиз жалгандыкты сүйлөп, жамандык кылбашы үчүн, адамзат өзү көтөрүш керек болгон жоопкерчиликти Сен Өз мойнуңа алдың, бизди Рухуң менен бириктирдиң. Бизди Өзүңдүн чындыгыңда тереңдет, Сенин ысымың менен күбөлөндүргөнгө, момун, акылдуу жана чечкиндүү болгонго бизди үйрөт. СУРООЛОР:
|