Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 078 (The Greeks seek Jesus' acquaintance)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
А – Ыйык Жумага даярдануу (Жакан 11:55 - 12:50)

3. Эллиндердин Ыйса менен таанышууну каалоосу (Жакан 12:20-26)


Жакан 12:20-24
20 Кудайга табынуу үчүн майрамга келгендердин арасында эллиндер да бар эле. 21 Алар Галилеянын Бетсайида шаарынан болгон Филипке келишип: «Мырза, биз Ыйсаны көрсөк дедик эле», - дешти. 22 Филип бул жөнүндө Андрейге барып айтты. Анан Андрей менен Филип экөө Ыйсага барып айтышты. 23 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Адам Уулунун даңкталар убактысы келип калды. 24 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, эгерде буудайдын даны жерге түшкөндөн кийин өлбөсө, бирөө бойдон гана калат. Эгерде өлсө, көп түшүм берет».

Иудаизмге ишенип калган эллиндер (гректер) Иерусалимге келишти; алар Пасах майрамына грек дүйнөсүнөн келишкен эле. Чогулган эл шаттануу менен Ыйсаны тосуп жатышканы эллиндердин көңүлүн тартты. Ошондо алар Ыйса менен жакындан таанышууну каалашты. Бул элдин каалоосу алардын өтүнүчүнөн билинди. Филиптин грекче сүйлөгөнүн билгенде, андан сурашты жана Филип бул тууралуу Андрей менен сүйлөшүп көрүүгө макул болду. Ошентип бул эки шакирт Ыйсага келишти, себеби алар бутпарастардан Ыйсага ишене баштаган биринчи түшүмдү көрүшүп, кубанышты. Балким алар фанат жүйүттөрдүн арасындагы коркунучтан качып, грек жерине баруу тууралуу ойлонушса керек. Ыйса гректердин суранычы аркылуу бүт улуттардын суранычын түшүнүү менен бирге эле, шакирттеринин да ойлорун түшүндү. Ошондо ал эң маанилүү сөздөрдү айтты, бирок бул сөздөрдү түшүнүү кыйын болсо дагы, бул Жакандын кабарынын негизги урааны болуп калды. «Азыр Адам Уулу даңкталат». Ал жогору көтөрүлө туурган маал келип калды. Асман менен жер кылымдап күтүп келген убакыт жакындап калды.

Кереметтердин кереметтери, согуштагы жеңиштер, саясий бийликти тартып алуунун бири дагы Ыйсанын даңкынын белгилери эмес болчу. Жакан муну маанисиз катары эсептеген. Бирок ал Ыйсанын даңкын Анын өлүмү менен байланыштырган. Ошол айкаш жыгачтан биз кудайлык табиятынын өзөгү болгон Анын сүйүүсүн көрдүк.

Ыйса Өзүн асмандан келген үрөн жерге түшүп, өнүп, адилдикти жана даңкты алып келген буудайдын даны экенин айтты. Ыйса улуу даңкка бөлөндү. Анын даңкын бөлүшкөнгө татыктуу болушубуз үчүн, бизди, бузулган элди, Анын өлүмү ыйыктайт. Эллиндердин келиши шаңдуу чакырыкты ойготту. Ыйса ар бир улуттан элдерди чакырат. Ыйса алардагы Өзүнүн баштапкы даңкын жаңылантат. Бирок ошол даңк адамга бир гана айкаш жыгач аркылуу келмек.

Жакан 12:25-26
25 Ким өз жанын сүйсө, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким бул дүйнөдө өз жанын жек көрсө, аны түбөлүк өмүр үчүн сактап калат. 26 Ким Мага кызмат кылгысы келсе, ал Мени ээрчисин. Мен кайсы жерде болсом, кызматчым да ошол жерде болот. Ким Мага кызмат кылса, аны Атам урматтайт.

Ыйса Өзүнүн өлүмү жана өлүмдөн кийинки даңкка ээ болуу жолу шакирттерине да тийиштүү экенин көрсөттү. Адамзатты куткаруу үчүн Уулу Өз даңкын калтырып, кудайлык кудуреттен бошонгондой эле, биздин дагы максатыбыз атактуу болуу эмес, бирок дайыма өзүбүздөн баш тартуу. Өзүңдү текшерип көрчү, өзүңдү аяйсыңбы же өзүңдөн баш тартасыңбы? Эгерде сен өзүңдү унутуп, Кудайдын Падышачылыгына ишенимдүүлүк менен кызмат кылсаң, анда чыныгы өмүргө ээ болоруңду Ыйса айтып жатат. Сен өз жаныңды түбөлүктүү жашоого сакташың керек. Бул сөздөр аркылуу Ыйса чыныгы даңктын артыкчылыгын көрөстүп жатат. Өз каалооңду канагаттандыруу үчүн жашаба, жалкоолонбо, текебердигиңди таштап, Кудайга кайрыл, Анын буйруктарын ук. Ал Өз даңкын унутуп, ойноштук кылгандар менен, уурулар менен бир дасторкондо отурган сыяктуу, сен да кайгы баскандарды, күнөөгө баткандарды издеп таап, аларга жакшылык кыл. Жакшы Кабар үчүн жашооңду башкалар менен бөлүшүүнүн өзү сенин жашооңо Кудайдын даңкын алып келет. Өзүңдү башкалардан артык эсептебе. Алсыздыгыңдын айынан жыгылганыңа карабай, Ыйса гана сени башкалардын алдында таза кыла алат. Өзгөрүү качан гана өзүңдөн баш тартканда башталат.

Ага кызмат кылып, Аны ээрчүү, Аны тууроо жана элдин жек көрүүсүнө карабай, чыдамдуулук менен башкаларга кызмат кылышыбыз керек экендигин Ыйса бизге түшүндүрүү менен бул принципти айтты. Анын жолу байлыкты, жердеги жыргалчылыкты, мактоону алып келбейт; мындай нерселерди Ыйсанын жолдоочулары күтпөшү керек. Алар бөлүнүүгө, кастыкка, куугунтукка, ал тургай өлүмгө да дуушар болушу мүмкүн. Анын аты үчүн азап тартууга даярсыңбы? Ыйса: «Мен кайсы жерде болсом, кызматчым да ошол жерде болот» - деп убада кылган. Ыйса кайгынын жолун сенден мурда баскан жана Ал сени менен бирге азап тартат. Бул жашоодогу Машайактын кызматчысынын максаты бул даңк эмес. Биздин бакытыбыз өзүбүзгө жаккан нерселерди кылуу эмес, биз башкаларга жардам берүү аркылуу бакытка бөлөнөбүз. Машайактын ысымы шакирттеринин курмандык руху аркылуу даңкталат. Ал эми качан биз Анын Уулундай болгонубузда гана Атанын аты даңкталат.

Машайак азыр Атанын тактысынын жанында отуруп, Аны менен жеткилеңдүү байланышта болгон сыяктуу эле, бүгүнкү күндө Анын ысымы үчүн куугунтукталып жаткандар да асмандагы Атасы менен бирге чогу болушат. Бул улуу кызмат. Сүйгөн Уулунун кызматчыларына Ата кандай сыйлык берет деп ойлойсуң? Ал ишенгендердеги Өзүнүн бейнесин жаңыртат. Ал тургай аларды Өз Рухунун толуктугу менен толтурат. Бир туугандардын ичинен тун Уулу сыктуу эле, алар да Кудайдын балдары болуп калышат. Алар бейиште түбөлүккө Атасы менен болушат (Римдиктер 8:29; Аян 21:3-4).

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Сага рахмат, себеби Сен Өз даңкың менен калган жоксуң, тескерисинче, Өзүңдүн улуулугуңдан баш тарттың. Сенин алдыңда момундук менен табынабыз жана Рух аркылуу кызмат кылууга берилген эркиндик аркылуу Сага кызмат кылганга үйрөт жана биздин жашообуздагы Сенин сүйүүңдү терең билишибиз үчүн, бизди өзүмчүл жашоодон, текебердиктен бошот.

СУРООЛОР:

  1. Кандайча Ыйсанын өлүмү чындыктын даңкталышы катары саналды?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 01:02 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)