Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 079 (The Father glorified amid the tumult)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

III БӨЛҮК - Жарык Элчилердин жашоосунда жаркырайт (Жакан 11:55 - 17:26)
А – Ыйык Жумага даярдануу (Жакан 11:55 - 12:50)

4. Азап-кайгыда да Атанын ысымы даңкталсын (Жакан 12:27-36)


Жакан 12:27-28
Анан Ыйса мындай деди: «Азыр жаным кыйналып турат. Эмне дейин? «Ата, Мени ушул сааттан куткара көр», - дейинби? Бирок Мен ушул саат үчүн келгем. 28 Ата! Өз ысымыңды даңкта!» Ошондо асмандан «Даңктадым, дагы да даңктайм» деген үн угулду.

Ыйсанын жаны кейип жатты. Ал Өмүрдүн Падышасы болсо дагы, Өзүн басынтып, өлүмгө даярдады. Ал Теңирлердин Теңири, бирок өлүмдүн башчысы болгон шайтанга Өзүн бүт күчү менен кыйнаганга жол берди. Биздин ордубузга Кудайдын каарынын жалынында күйүшү үчүн, Ыйса биздин күнөөлөрүбүздүн баарын жан дили менен көтөрдү. Ал Ата менен түбөлүк бир болуучу Кудайдын Уулу. Бизди куткарыш үчүн, Аны менен ырайым аркылуу биригишибиз үчүн, Ата Уулун таштады. Ата менен Уулдун азап тартканын, канчалык кыйналганына толук түшүнүүгө эч кимдин акылы жетпейт. Бизди сатып алуу үчүн Үч Бирдик азапка түштү.

Машайктын денеси мындай күчтүү, талкалоочу басымга туруштук бере албай жатты. Ал: «Ата, Мени ушул сааттан куткар!» - деп кыйкырды. Ошондо Ал жүрөгүндө Рухтун «Сен ушул саат үчүн төрөлгөнсүң. Бул саат түбөлүктүүлүктүн максаты. Адамзат Кудай менен, жаратылыш Жаратуучусу менен элдешүү үчүн, бүтүндөй Жаратылыш жана Ата ушул сааты күтүп жатат. Ушул саатта куткаруу иши ишке ашат»- деген жообун укту.

Ошондо Ыйса: «Ата! Өз ысымыңды даңкта!» - деп кыйкырды. Уулу дененин үнүн угуудан баш тартты. Ал Рух аркылуу гармонияда болуу менен: «Сенин Ысымың даңкталсын. Бүт дүйнө Сени каардуу Кудай эмес экениңди, алыс жана кайдыгер эмес экениңди, тескерисинче бузулган, өлүмгө бара жаткандарды Өзүнүн Уулу аркылуу куткаруу үчүн берген, сүйүүгө толгон Ата экениңди билишсин».

Ата Уулунун өтүнүчүнө жооп берүүдөн кайра тарткан жок. Ал асмандан жооп берди. «Мен Өзүмдү Сен аркылуу даңктадым. Сен Менин айтканымды аткарган момун Уулумсуң! Сени көргөн ар бир адам Мени көрөт. Менин сүйүктүү Уулум, Сага Мен ыраазымын! Сенин айкаш жыгачты көтөргөндөгү кубанычтан өткөн чоң кубаныч жок Менде! Сенин өлүмүң аркылуу жашоонун кайгысынын бороон-чапкынындагы Менин даңкымдын маңызын ачам. Айкаш жыгачта Сен даңктын мааниси менен чыныгы ыйыктыкты жар саласың. Татыксыз, таш боор адамзат үчүн өзүн курмандыкка чалып, өзүнөн баш тарткан сүйүүдөн артык эч нерсе жок».

Асмандан келген үн кайра-кайра жаңырып: «Сен мүрзөдөн тирилип чыгып, Менин жаныма көтөрүлүп келгениңде, Өзүңдүн сүйүктүүлөрүңө Менин Рухумду жибергениңде, Менин ысымым дагы да даңкталат. Анан Ыйык Рух аркылуу сан жеткис адамдардын жогорудан төрөлүүсү аркылуу Менин аталык ысымым даңазаланат. Алар жашоолору менен Мени урматташат; жакшылыкка толгон жашоолору Мага арналат. Сенин айкаш жыгачтагы өлүмүң Кудайдын балдарынын төрөлүшүнө себеп болот. Сенин даңкың менен арачылык кылууң Жыйындын ийгилигинин негизи болот. Бир гана Сен аркылуу Атаң арыбас даңкка бөлөнөт».

Жакан 12:29-33
29 Ошол жердеги муну уккан адамдардын кээ бирөөлөрү: «Күн күркүрөдү», - дешсе, кээ бирөөлөрү: «Ага периште сүйлөдү», - дешти. 30 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Бул сөз Мен үчүн эмес, силер үчүн айтылды. 31 Бул дүйнөнүн соттолор маалы келди. Эми бул дүйнөнүн төрөсү сыртка куулуп чыгарылды. 32 Мен жерден көтөрүлүп кеткенден кийин, бардыгын Өзүмө тартам». 33 Ыйса муну кандай өлүм менен өлөрүн билдирүү үчүн айтты»

Ыйсанын тегерегиндеги эл Анын Кудай менен сүйлөшкөндүгүн түшүнгөн жок. Алар муну күн күркүрөдү деп ойлошту. Алар айырмалай билген жок, Кудайдын сүйүү экенин түшүнүшкөн жок, Анын назик үнүн уга алышкан жок, Уулу аркылуу Кудайдын даңкынын ачылышы менен дүйнөнү соттоо башталганын али да болсо түшүнүшпөдү.

Машайак айкаш жыгачка керилип, Өз өлүмү аркылуу бизге өмүр бергенде, шайтан адамдарды мындан ары кулчулукта кармай албай калды. Уулу Атасынын эркин аткаргандыгы үчүн, шайтан өз бийлигинен ажырады. Ыйса шайтанды бул дүйнөнүн Төрөсү деген, себеби бүт дүйнө анын башкаруусу алдында болчу. Ушндай ачуу чындыктын бет алдында Ыйса эч тайманбастан туруп, Шайтанды Өзүнүн адилеттигинин кылычы менен акырына чейин талкалады. Мына ушундан баштап биз Ыйсанын ысымы аркылуу эркидикке чыктык.

Эми айкаш жыгачка жакын келели. Шайтандын Ыйсага болгон жек көрүүсү өтө күчтүү болгодуктан, Ал Анын жерден же, төшөктө ооруп жатып өлүшүн каалаган жок. Ал Ыйсаны айкаш жыгачка кадам шылдыңдап өлтүргүсү келди. Бирок Ал Мусанын кезинде, чөлдөгү таякка асылган жылан сыяктуу ишенгендер үчүн Кудайдын жазасы аягына чыгып жатканын, жана ошондой эле айкаш жыгач дүйнөнүн бардык жазасы Машайактын мойнуна артылгандыгын түшүндүрдү. Айкаш жыгачка Кадалганды карагандарды Кудай жазалабайт. Машайакка болгон ишеним бизди Аны менен кошо айкаш жыгачка кадап, Анын өлүмүнө ортоктош кылат. Биз күнөө үчүн өлүп, адилдик үчүн тирилдик.

Машайак менен болгон биримдигибиз бизди Анын бийлигине жана даңкына бириктирет. Ал ыйыктыгы менен күнөөнү жана өлүмдү жеңген сыяктуу эле, Ал бизди дагы Өзүнүн артынан ээрчитип, Өзүнүн даңкына тартат. Ага ишенген ар бир адам өлбөйт, бирок түбөлүк өмүргө ээ болот.

Жакан 12:34
34 Эл болсо Ага мындай деди: «Ыйык Жазуудан укканбызга караганда, Машайак түбөлүк жашайт. Анан Сен кандайча: «Адам Уулу жогору көтөрүлүп кетиши керек», - дейсиң? Адам Уулу деген Ким?

Ыйса тууралуу так маалымат алып, ачык далил угуу үчүн, жүйүттөр Ыйсаны сөзүнөн кармоону көздөштү. Алар Даниел пайгамбардын китебинин 7-бөлүмүндө Машайак Адам Уулу деп аталат жана Ал бүт дүйнөнүн Соттоочусу деп жазылганын билишчү. Ошентсе дагы, алар Ыйсанын чын эле Кудайдын Уулу экенин Анын Өз оозунан уккулары келишти. Бирок чындыгында алар ишенүүгө далалат кылышкан жок, эгерде Ыйса айтып жатканын далилдеп берсе дагы, алар ишенишмек эмес. Алардын кээ бирлери эгерде Ыйса Адам Уулу экенин ачык далилдеп берсе, Аны Кудайды мазактады деген жалаа жабууну каалап турган арам ойлуу душмандар болчу. Адамдык акыл менен издегендерге Ыйса Өзүн ачып бербейт. Адам Уулу Кудайдын Уулу экенине ишенген, Ыйык Рухтун чакырыгын кабыл алган жөнөкөй жүрөктүүлөргө ачылып берет.

Жакан 12:35
35 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Жарык дагы бир аз убакыт силер менен болот. Караңгыга калбаш үчүн, жарык барда жүргүлө. Караңгыда бара жаткан адам кайда баратканын билбейт».

Ыйса дүйнөнүн жарыгы. Жарык тууралуу түшүндүрүүнүн деле кажети жок болсо керек. Бул өзү эле түшүнүктүү да. Адам жарык маалда көрө алат, ал жарыкты караңгыдан ажыратып билет. Күндүз адам эки жакка барат, басат, чуркайт. Түн ичинде болсо, ал иш кыла албайт. Адам ишти жарыкта кыла алат. Муну менен Ыйса Анын Жарык дүйнөсүнө киргенге аз эле убакыт калганын айтты. Бул убакыт алардан чечимди, ишенимдүүлүктү жана кайраттуулукту талап кылат.

Бирок жарыкты кабыл албагандар караңгыда кала беришет жана Анын жолун билишпейт. Муну Ыйса жүйүттөр тууралуу караңгыда жолдон адашып, максатсыз жана үмүтсүз темселей тургандыгын алдын ала айтты. Бул караңгылык биздин сыртыбыздагы жаратылыштын караңгылыгы менен чаташтырбашыбыз керек. Бул адамдагы жаман рухтар аркылуу пайда болгон ички караңгылык. Ушундан улам, адам өмүр бою жашоосун караңгылыкка айландырат. Машайакка жол ачпаган адамды караңгылык жеңет. Кээ бир «Машайакчылар» дүйнөгө жамандыктын булагы болуп калганын көрдүң беле? «Машайакчы» болуп төрөлгөн ар бир адам жүрөгүн Ыйсага ачып бере бербейт. Жогорудан төрөлгөн Машайакчылар аз. Жарыктын дүйнөсүнө кирбеген адамды караңгылык басып алат. Жакшы Кабардагы баталарды сен ата-энеңден мурастап ала албайсың. Машайакка жүрөгүңдү ачуу, кабыл алуу жана Ага жооп берүү бул сенин жеке чечимиң.

Жакан 12:36
36 «Жарык силер менен болуп турганда, жарыкка ишенгиле, ошондо жарыктын балдары болосуңар». Ыйса бул сөздөрдү айткандан кийин, ал жерден кетип, элдин көзүнөн далдаа болду.

Сенин Ыйса менен болгон байланышың сени түп-тамырың менен өзгөртөт. Кудайдын даңкын, нурун тараткан Жакшы Кабар атом бомбасынан да күчтүү. Атом нуру кайда гана барбасын, ал талкаланууну алып келет, ал эми Машайактын нуру биздин ичибизге түбөлүк өмүрдү жаратып, бизди жарыктын балдары жана башкаларга жарык чачкан маяк кылат. Машайактын чындыкка, ыйыктыкка жана сүйүүгө толгон, кеңири жайылган кучагына кирдиң беле? Ыйса сени өз караңгылыгыңдан алып чыгып, Өзүнүн ажайыптуу жарыгына кирүүңдү жана ыйыкталууңду сунуш кылат.

Иерусалимге киргенге чейин Римдиктер, же Ирод падыша тараптан кол салууну Ыйса күткөн жок. Себеби Ыйса үчүн күрөш маалы аяктап, дүйнөнү соттоо маалы жакындап калган. Жарык караңгыда жаркырайт; ишенгендер куткарылат, ал эми ишенбегендер болсо жок болушат. Асман менен жердин ортосундагы рухий салгылашуу күчөп отуруп, эң чокусуна жетти. Кудай адамды ишенүүгө мажбурлабайт. Сен жарыктын баласысыңбы, же дагы эле караңгыда жүрөсүңбү?

Сыйынуу: Ыйса Теңир, Өзүңдү бул дүйнөнүн жарыгы кылып ачып бергениңе рахмат. Жароокер болушубуз үчүн, бизди Өзүңдүн боорукердигиңдин нуруна тарт. Жарыктын балдары катары жашап, Сени чыныгы жашообуз менен ээрчишибиз үчүн, акчага, бийликке жана дүйнөнүн ийгиликтерине болгон биздеги сүйүүнү алып ташта.

СУРООЛОР:

  1. Жарыктын балдары болуу дегендин мааниси эмнеде?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 01:03 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)