Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 075 (The Jewish council sentences Jesus to death)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
4. Лазардын тирилиши (Жакан 10:40 – 11:54)

г) Жүйүттөрдүн кеңешмесинин Ыйсаны өлтүрүүгө чечим чыгарышы (Жакан 11:45-54)


Жакан 11:45
45 Мариямга келген жүйүттөрдүн көпчүлүгү Ыйсанын кылган ишин көрүшкөндө, Ага ишенип калышты.

Лазар тирилгенден кийин кадимкидей тамак жеп, суусундук ичип, сүйлөй баштады. Элдер Лазарга көчөдөн, үйүнөн жолугуп жатышты. Көптөрү Ыйса кылган кереметке таң калышып, Анын Машайак жана тирүү Кудайдын Уулу экендигине ишенип калышты. Ошентип шакирттер көбөйүп, Ыйсанын Лазар менен экенин көрүү үчүн көптөгөн эл Мариямдын үйүнө келип жатты.

Жакан 11:46-48
46 Ал эми кээ бирөөлөрү фарисейлерге барып, Ыйсанын эмне кылганын айтып беришти. 47 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер жогорку кеңешти чакырып, мындай дешти: «Эмне кылсак? Бул адам көптөгөн кереметтерди көрсөтүп жатат. 48 Эгерде Аны ушу бойдон тим койсок, баары Ага ишенип калат. Анан римдиктер келип, жерибизди да, элибизди да басып алат».

Болгон окуянын баарына күбө болгон кээ бирөөлөр шашкан бойдон барып, фарисейлерге Ыйсанын кылган иштери туралуу жеткизишти. Бул адамдар ишенбегендер болчу. Мындай ишенбестерге «Бай Адам» тууралуу насаат аңгемеде жазылгандай, Теңирдин каары алардын үстүндө. Ыбрайым айткандай, «Эгерде Муса менен пайгамбарлардын айтканын угушпаса, анда аларга өлгөндөрдөн бирөө тирилип барса да ишенишпейт» Лука 16:31. Ыйсага ишенүүдөн баш тарткан адамдын таш жүрөгүн Кудайдын Руху өзгөртө албайт. Эң күчтүү керемет көрсөтүлсө дагы ишенишпейт.

Ошол кездерде диний иштеринин жогорку кеңешине фарисейлердин таасири чоң болгон. Таасир абдан чоң болгондуктан, башкы ыйык кызмат кылуучу алардын талабын аткарууга аргасыз болчу. Бул ишти ортого салуу үчүн жетимиш мүчө чакыртылган. Тирилүүнү жокко чыгарган саддукейлер дагы бул кеңешмеге чакыртылды. Ыйса эч кандай күнөө кылбагандыктан аны кармоого себеп таба алышпай, кеңешменин мүчөлөрүнүн баштары маң болду. Ошол учурда Пасах майрамы жакындап калгандыктан, миңдеген, он миңдеген элдер борбор шаарга келип, майрамга даярданып жаткан маал болчу. Талашып-тартышып, кеңешмедегилер Ыйсаны Кудайдын адамы эмес, пайгамбар дагы эмес, Ал жөнөкөй эле адам дешти. Алар Ыйсаны жөнөкөй эле адам деп чечим чагыршса дагы, алар Ыйсанын таң каларлык кереметтерин жокко чыгара алышпады, ага түшүндүрмө да бере алышпады.

Кеңешменин маалында бул ишке Рим империясы кийилигишпесе экен деп чоочулашты. Эгерде эл Машайак сыяктуу кереметтерди көрсөткөн адамды ээрчип кетсе, анда ар кандай баш аламандык, көтөрүлүш болушу мүмкүн эле. Ошондой болуп кетсе, анда римдиктер Кудай жашаган Ийбадаткананы жаап салышы мүмкүн болчу. Ошондо Ийбадатканадагы кызмат, курмандык чалуу, сыйынуу сыяктуу нерселер токтотулмак.

Жакан 11:49-52
49 Алардын бири, ошол жылга башкы ыйык кызмат кылуучу болуп шайланган Кайапа мындай деди: «Силер эч нерсени билбейсиңер. 50 Бүт эл жок болгондон көрө, эл үчүн бир адамдын өлгөнү силер үчүн жакшы болорун түшүнбөйсүңөр. 51 Муну ал оюнан чыгарып айткан жок: ошол жылы башкы ыйык кызмат кылуучу болгондуктан, Ыйсанын эл үчүн өлөрүн алдын ала айтты. 52 Ал бир улут үчүн гана эмес, Кудайдын чачырап кеткен балдарын чогултуу үчүн да өлүшү керек болчу».

Качан кеңешмедегилердин баштары маң болуп, кыжырлануу күчөгөндө, башкы ыйык кызмат кылуучу Кайапа ордунан туруп, кайдыгер, акылы тайкылар деп эл башчыларын жемеледи. Ал башкы ыйык кызмат кылуучу катары Кеңешменин башчысы болгондуктан, бийлигинен пайдаланып, ушинтип айтты. Ал ыйыктыктын белгиси катары май менен майланган болчу, бирок ал Антихрист болгон. Эл башчысы катары Кудай ал аркылуу сүйлөшү үчүн, ал Ыйык Рухка толуп турушу керек болчу. Тилекке каршы ал жолдон адашып. Элге пайгамбарлык ишти аткаруучу ыйык кызмат кылуучу катары ал элге кайдыгер деп баа берди.

Кайапада башкаларды байкуш катары көргөн рух ачылды, себеби ал аркылуу шайтан сүйлөдү. Бул сыртынан караганда Кудайдын максатын көздөгөнгө окшош болчу, бирок чындыгында ал Кудайга каршы чыгып жаткан. Кудайдын Козусунун эл үчүн курман болушу жакшылыкка экени шексиз, анткени бул аркылуу бүтүндөй адамзат Кудайдын каарынан кутулмак. Бирок шайтандын кызматчысынын мынтип сүйлөп жатышы саясий максат үчүн болгон. «Мейли, Ыйса бизди Римден куткаруу үчүн өлсө өлсүн» - деген кеп эле. Ушул шайтандан келген сөздөрдөн улам Ыйсанын мурда көптөгөн жүйүттөрдүн атасы шайтан экендигин жана ал шайтан жалганчы, жалганчынын атасы экендигин айткан сөздөрү ордунан чыкты.

Шайтандуу ойлорунан улам, Жакан Кайапанын жаман максаты кудайлык чындыкты ачып жатканын көргөн. Кайапа Ыйсанын өлүмүн бүт элди куткаруу үчүн деп түшүндүрдү. Ал «бийликтүү» сөздөрү үчүн жоопкерчилик чоң экендигин түшүнгөн жок. Кайапа өзү кайдыгер болчу, себеби Ыйык Рух ал аркылуу Машайактын сатып алуучу өлүмү тууралуу айтса дагы, ал Ыйсага ишенген жок. Ал керек болсо, өз сөздөрүнүн да маанисин түшүнгөн жок, себеби ал максаттуу түрдө каршы болду.

Жакшы кабарчы Жакан бул сөздөрдүн маанисин бүтүндөй дүйнөгө болгон куткарылуу катары терең караган. Ыйса Өзүнүн элин гана сатып алыш үчүн курман болгон эмес, бирок ал бардык улуттар үчүн курман болгон. Ага ишенгендердин баары Кудайдын балдары болот жана Куткаруучуга болгон ишенимдери аркылуу алар түбөлүк өмүргө ээ болушат.

Ишенимибиздин максаты жеке куткарылууга гана жетүү эмес, бирок Кудайдын бардык балдары менен Машайакта бир болуу. Анын сүйүүсү Машайакчылардын белгиси жана күчү. Анын ысымы жолдоочуларын биримдикке алып келет. Ишенгендер ишениминин булагына байланышуу аркылуу алар бири-бири менен дагы байланышат. Ошондуктан биз сергек болуп, Ыйсаны көздөй умтулуу менен, баарыбыз Кудайдын үй-бүлөсүндөгү бир туугандык мамиледе тереңдейбиз. Бул байланыш денелик туугандыктан дагы жакын.

Жакан 11:53-54
53 Ошол күнү алар Ыйсаны өлтүрүү жөнүндө чечим чыгарышты. 54 Ошондон кийин Ыйса жүйүттөрдүн арасында ачык жүрбөй калды. Ал чөлгө жакын жердеги Эпрайым деген шаарга кетти. Ал жерде шакирттери менен болду.

Кеңешменин кээ бир мүчөлөрү Кайапанын алдын ала айткан орой эскертүүсүнөн кийин, Ыйса тууралуу тынчсызданышты, бирок кээ бирлери болсо Кудай Кайапа аркылуу сүйлөдү деп ойлошуп, элди адаштырып жаткан немени жок кылуу менен, элди куткарып калуу чечимин жактырышты. Кеңешме Кайапанын сунушун кабыл алып, Ыйсаны өлтүрүү өкүмүн чыгарды. Ал жакта бул чечимге каршы чыккандар да албетте болгон, бирок аларга эч ким көңүл бурган жок. Ыйсаны жок кылуу керек деген чечимге келүүгө Кеңешмеге түрткү берүү менен, Кайапа аларды адаштырды; элдин арасында нааразычылыкты туудурбас үчүн, бул ишти жашыруун жол менен кылуу керек болду.

Ыйса бул чечим тууралуу билди. Бул чечим тууралуу Ал кудайлык күчү аркылуу билсе керек. Ал Кеңешменин бийлигине баш ийген аймактан чыгып, Эпрайым шаарына кетип калды. Ал жакта шакирттери менен Өзүнүн курман боло турган саатын жана тирилүүсүн күтүп жатты.

Ошентип Ыйсанын согуш талаасы ачыкка чыкты. Анын Ийбадаткананы тазалагандагы ыйык кызмат кылуучулар менен болгон кагылышуусу, Ишемби күнү оорулуу адамды айыктыргандыгы үчүн мыйзамчылдар менен тирешүүсү күчөп, эми Лазарды тирилткенден кийин бул карама-каршылык бышып, чегине жетти. Ошентип эл башчылары жакшылык кылган адамды тезинен жок кылууну чечишти.

Жарык караңгыда жаркырады жана караңгылык жарыкты жеңе алган жок.

Урматту бир тууганым, Ыйсанын жарык экендигин түшүндүңбү? Анын Жакшы Кабары акылыңды ачтыбы? Жүрөгүңдү жаңыланттыбы? Анын түбөлүктүү жашоосун кабыл алдыңбы? Анын Руху сени күнөөлөрүң үчүн тобо кылууга алып келдиби жана Ал баталуу болушуң үчүн, ыйык болушуң үчүн сага ишеним жараттыбы? Машайактын Руху сени жетектеши үчүн жүрөгүңдү ач жана жашооңду, келечегиңди Ага тапшыр. Ыйсанын шакирттерине кошул. «Ырайымга жана чындыкка толгон Кудайдан кеген ыйыкты көрдүк», - деп айтууң үчүн, Ыйык Кудай тууралуу билип жүр.

Сыйынуу: Теңирим Ыйса! Коркунуч маалында чындыктан баш тартпагандыгың үчүн рахмат; Сен асмандагы Атаны даңктадың. Алсыз ишенимибиз үчүн, кайдыгердигибиз үчүн бизди кечир. Түбөлүк өмүр сүрүп, Сага талыкпастан кызмат кылуубуз үчүн, бизди Ата менен терең мамилелешүүдө болгонго тарт. Сенин улуу ырайымың даңкталышы үчүн Менин жашоомду кабыл ал.

СУРООЛОР:

  1. Эмне үчүн Жүйүттөрдүн Кеңеши Ыйсаны өлтүрүүнү чечти?

4-тест

Урматтуу окурман, төмөнкү 17 суроого жооп жазып жибериңиз. 17 суроонун 15 суроосуна туура жооп берсеңиз, биз сизге ушул китептин башка бөлүктөрүн сизге салып жиберебиз.

  1. Ыйса жүйүттөргө кандайча алар Ыбрайымдын балдары эмес экендигин аныктады?
  2. Ыйса шайтандын кайсы мүнөзүн ачып берди?
  3. Эмне үчүн жүйүттөр Ыйсаны ташбараңга алгылары келишти?
  4. Эмне үчүн Ыйса сокур болуп төрөлгөн адамды айыктырды?
  5. Эмне үчүн жүйүттөр сокур болуп төрөлгөн адамдын айыгуусун жокко чыгарышты?
  6. Жаш жигит сурак маалында кандайча Ыйсанын ким экендигин түшүнө баштады?
  7. Ыйсанын алдында таазим этүү эмне маанини түшүндүрөт?
  8. Ыйса койлоруна кандай баталарын тартуулайт?
  9. Ыйса Кандайча Жакшы Кайтаруучу боло алат?
  10. Ыйса Өз үйүрүн кантип жетектейт?
  11. Ыйса Өзүнүн Кудай экендигин кантип жарыялады?
  12. Эмне үчүн Лазар каза болсо дагы, Ыйса Кудайдын даңкы жөнүндө айтып жатты?
  13. Кандайча Ыйса Лазардын тирилүүсү жеңиштүү болорун алдын ала билген?
  14. Бүгүн биз кандайча өлгөндөн тирилебиз?
  15. Эмне үчү Ыйса кайгырып ыйлады?
  16. Кандайча Кудай Лазардын тирилүүсү аркылуу даңкка ээ болду?
  17. Эмне үчүн Жүйүттөрдүн Кеңеши Ыйсаны өлтүрүүнү чечти?

Жооптордун аягына өз атыңызды жана дарегиңизди жазууну унутпаңыз жана төмөндөгү дарек боюнча бизге салып жибериңиз.

Waters of Life
P.O.Box 600 513
70305 Stuttgart
Germany

Internet: www.waters-of-life.net
Internet: www.waters-of-life.org
e-mail: info@waters-of-life.net

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 12:57 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)