Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 074 (The raising of Lazarus)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
4. Лазардын тирилиши (Жакан 10:40 – 11:54)

в) Лазардын тирилиши (Жакан 11:34-44)


Жакан 11:38-40
38 Ыйса ичинен кайгырып, мүрзөгө басып келди. Ал оозу таш менен жабылган мүрзөлүк үңкүр эле. 39 «Ташты алып салгыла!» - деди Ыйса. Ошондо өлгөн Лазардын бир тууганы Марта Ага: «Теңир! Жыттанып кетти го, коюлганына төрт күн болуп калбадыбы», - деди. 40 Ошондо Ыйса ага: «Мен сага: «Эгерде ишенсең, Кудайдын даңкын көрөсүң», - деп айткан жок белем?» - деди.

Иерусалимдин тегерегиндеги элдер каза болгон кишини таштан жасалган мүрзөгө коюшчу. Мүрзөнүн оозун чоң тегерек таш менен бекитип коюушчу. Мүрзөнү ачуу же жабуу үчүн ташты оңго, солго тоголотуп жылдыруу керек эле.

Лазар ушундай таш мүрзөнүн ичине коюлган эле. Ал жерге келген соң, Ыйса элдин жүзүнөн өлүмдөн болгон коркунучту көрүп жатты. Ыйса Кудайдын каары күнөөкөрлөргө өлүм аркылуу төгүлгөндөй жана Кудай адамзатты талкалоочунун колдоруна салып бергендей көрдү. Бирок Жараткан Кудай адамзатка өлүм тилебейт, Ал адамзаттын күнөөсүнөн баш тартып, өмүргө бурулуусун тилейт.

Ыйса мүрзөнүн оозун ачууларын сурады. Эл буга айраң-таң калды, себеби өлүк денеге тийүү бул ыпластык болчу. Коюлганына төрт күн болуп калгандыктан, дене жыттана баштаган. Марта бул тууралуу тынчсызданып: «Теңир, маркумдун денесинин тынчын алуу туура эмес, ал жыттанып да калды», - деди. Марта, сенин ишенимиң кайда? Сен азыр эле Ыйсаны Кудайдын Уулу жана өлгөндөрдү тирилткен Машайак экендигин айтпадың беле? Өлүмдүн аныктыгы, мүрзөнүн сүрү анын көздөрүн караңгылатып, Теңири кыла турган иштин жайын Марта түшүнө алган жок.

Ошентсе дагы, Ыйса Мартанын ишенимин бекемдеп, аны адамдын мүмкүнчүлүгүнөн жогору нерсеге ишенүүгө чакырды. Кудайдын даңкын көрүү үчүн, Ыйса алардан толук ишенимди талап кылды. Ыйса: «Ишенгиле, ошондо улуу керемет көрөсүңөр», - деген жок. Андан мурда Ал шакирттерине Лазардын оорусу өлүмгө эмес, бирок Кудайдын даңкы үчүн (Жакан 11:4) болорун алдын ала айткан эле. Ыйса Атасынын эрки менен толук гармонияда болгондуктан, Ал эмне кылуу керектигин билген. Ал Мартанын көңүлүн өлүмдөн алып, Кудайдын даңкына буруу менен, анын ишенимин бекемдөөнү издеди. Ыйсанын максаты Өзүнө даңк издөө эмес, бирок Атасынын улуулугун урматтоо болчу.

Ушул сыяктуу эле, Ыйса сага да: «Эгерде сен ишенсең, сен дагы Кудайдын даңкын көрөсүң», - дейт. Көздөрүңдү жашооңдогу кыйынчылыктардан, көйгөйлөрдөн тарт. Өзүңдүн айыптуулугуңа, алсыздыгыңа чөкпө, андан көрө Ыйсаны кара, Анын жаныңда экенине ишен, бала энесин кучактагандай, сен да Аны кучакта, Ага жол бошотуп бер. Анын эрки сенин жашооңдо болсун. Ыйса сени сүйөт.

Жакан 11:41-42
41 Үңкүрдүн оозунан ташты алып салышкандан кийин, Ыйса асманды карап, мындай деди: «Ата, Мени уккандыгың үчүн Сага ыраазымын. 42 Мени дайыма угарыңды билем. Бирок муну Мени Сен жибергениңе ушул жерде турган эл ишенсин деп айтып жатам».

Мартанын Ыйсанын сөздөрүнө болгон ишеними Ыйсанын буйрук сөздөрүндөгү ишеним менен төп келди. Ал жанындагыларга мүрзөнүн оозун ачууну сурады. Ал жерде турган элдин тынчы кетти. Ыйса мүрзөнүн ичине кирип, өлүктү кучактайбы, же эмне кылат деги?

Бирок Ыйса мүрзөнүн оозунда жылбай тура берди. Ал көздөрүн жогору көтөрүп, үнүн чыгарып сыйынды. Сыйынуусунда Ал Кудайды «Ата» деп чакырды. Анын жашоосунун маңызы Кудайдын Аталык табиятын ыйык тутуу жана урматтоо болгондуктан, эң биринчи Ал Атасына ыраазычылык айтты. Лазар тирилерден мурда, Ал Атасына сыйынуусун уккандыгы үчүн ыраазы болгонун айтты. Качан башкалар ыйлап жатканда, Ыйса сыйынып жатты. Ал Атасынан досу үчүн өлүмдү жеңе турган тирилүүнү сурады. Атасы Ыйсага досун өлүмдүн туткунунан куткарганга бийлик берди. Ыйса сыйынуусуна жооп аларына эч шектенген эмес. Себеби Ал Атасынын үнүн ар дайым угуп турат. Ыйса жашоосунун бардык учурларында сыйынууда болчу. Бул жолкусун Ыйса тегерегиндеги элдер боло турган ажайыптын сырын көрүшү үчүн үнүн чыгарып сыйынды. Ал сыйынуусуна ар дайым жооп бергени үчүн Атасына ыраазычылыгын айтты. Экөөнүн ортосун эч кандай күнөө, эч кандай тоскоолдук бөлө албайт. Уулу Өзүнүн эркин кылбайт, Өзүнө атак-даңк издебейт, Өзү үчүн бийлик каалабайт. Уулунда Атанын толуктугу бар. Анын Аталык эрки Лазарды өлүмдөн тирилтти. Ошол жерде турган эл Атасы Уулун алар үчүн жибергенин түшүнүүсү үчүн, Ыйса ушунун баарын алардын көз алдында кылды. Ошентип Лазардын тирилүүсү Кудайга даңк алып келди жана Үч Бирдиктин ажайыптуу белгисин көрсөттү.

Жакан 11:43-44
43 Муну айткандан кийин, Ал бийик үн менен: «Лазар, чык!», - деди. 44 Ошондо колу буту кепинделген Лазар мүрзөдөн чыгып келди. Анын бети-башы да оролуу эле. Ыйса аларга: «Анын кепинин чечкиле, бассын», - деди.

Ыйса Кудайды даңктагандан кийин, «Лазар, чык!» - деп кыйкырды, ошондо өлүк Анын үнүн укту. Адамдын инсандыгы өлүм аркылуу жок болуп кетпейт. Ишенгендердин ысымдары асмандагы өмүр китебинде жазылган. Жаратуучунун чакырыгы, Сатып Алуучунун үнү жана өмүр берүүчү Рухтун ойготуусу өлүмдүн түбүнө чейин жетет. Бул башталышта караңгы түпсүздүктөгү Ыйык Рухтун каалгып учуп жүрүп, баш-аламандыктан ирээттүүлүктү жараткан сыяктуу эле.

Лазар Ыйсанын үнүн угуп, Ага баш ийчү. Ал мүрзөдөн дагы Анын үнүн угуп, ишеними менен айтканын аткарды. Лазарга Ыйсанын өмүрүнүн белгилери агып кире баштады; жүрөгү сого баштады, анын көздөрү ачылып, дене мүчөлөрүнө кыймыл кирди.

Бул кереметтин экинчи бөлүгү – Лазар кепинге оролуу болчу. Ал оролуу колдорун чечүүгө, бетиндеги оролгон ороону дагы алып салууга алы келбеди. Ошондо Ыйса аны кепининен чечүүнү буюрду.

Лазардын куп-куу бетин көргөн эл чоочуп кетти; кепинге оролгонуна карабай, Лазар басып чыкты. Лазар Ыйсаны карай келе жатканын эл айраң-таң калып карап турду.

Ошентип Лазар эл менен чогу үйүнө келди. Буга күбө болгон элдин Ыйсага таазим этүүсү, же кубанычтан чыккан көз жаш, кучакташуу тууралуу Жакан эч нерсе деп жазган эмес. Бул тирилүүнү Жакан Ыйсанын экинчи жолу келишиндеги ишенгендердин асманга көтөрүлүп кетүүсүнө салыштырып жазганын эскерткен эмес. Муну бардыгы экинчи орундагы нерселер эле. Биз ишенүү менен түбөлүк өмүргө ээ болушубуз үчүн, Жакан Ыйсаны өмүр берүүчү экендигин баса белгилегиси келген. Жакшы кабарчы Жакан өзү ушул элдин арасында болгон, ал Машайактын үнүн угуп, Анын бийлигине жол бергендиги үчүн, ишеними аркылуу Уулдагы Кудайдын даңкын көрдү.

Сыйынуу: Кагылайын Теңирим Ыйса, Лазарды Атанын ысымы аркылуу тирилткениңе рахмат. Сен Өзүң дагы өлүп, кайра тирилгенсиң. Биздеги Сенин өмүрүң үчүн ыраазыбыз. Сени менен бирдикте түбөлүк өмүр сүрүү үчүн, бардык улуттар Сага ишенип калса экен деп тиленип сыйынабыз.

СУРООЛОР:

  1. Лазардын тирилүүсү аркылуу кандайча Кудай даңкка ээ болду?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 23, 2012, at 12:56 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)