Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 058 (Sin is bondage)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula? -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
В - Ыйсанын акыркы жолу Иерусалимге келиши (Жакан 7:1 - 11:54) Тема: ЖАРЫК МЕНЕН КАРАҢГЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
1. Алачык майрамындагы Ыйсаны сөздөрү (Жакан 7:1 – 8:59)

д) Күнөө – бул кулчулук (Жакан 8:30-36)


Жакан 8:30-32
Ушул сөздү айтканда, Ага көптөр ишенип калышты. Ыйса Өзүнө ишенип калган жүйүттөргө мындай деди: “Эгерде Менин сөзүм боюнча жашасаңар, анда Менин чыныгы шакирттеримсиңер. Ошондо чындыкты билип каласыңар жана чындык силерди эркин кылат”.

Ыйсанын момун жана таасирдүү күбөлөндүрүүсү көптөргө таасир берди. Алар Ыйсага келе жаткан Кудай катары ишенип калышты. Ыйса алардын ишенимдерин сезип, ынтаа коюп угууга болгон даярдыктарын кабыл алды. Ыйса алардан Өзүнүн Жакшы Кабарына ишенип гана тим болбостон, Анын айткан сөздөрү тууралуу терең ойлонуп, Аны ээрчүүнү жана жүзүмдүн сабагы сыяктуу Ага жабышууну маанилүү кылып көрсөттү; ошондо Анын Руху жүрөктөрүбүзгө жана ойлорубузга эч тоскоолдуксуз келип кирет; ошентип Ал Өз эркин иш жүзүнө ашырууга шыктандырат. Машаяктын сөздөрүн ишке ашырган ар бир адам чындыкты түшүнөт. Анткени чындык бул ой эмес, ал жашоо жолубуздагы чыныгы иштер.

Кудайдын чындыгы – бул биринчиден, ак ниеттүү жана акылдуу айтылган бардык сөздөр; экинчиден, Кудайды Ата, Уул жана Ыйык Рухтан турган, сүйүүдө да, иште да бир экендигин билүү. Качан гана биз Машаякка тамыр алганыбызда, Ыйык Рухтун сулуулугун түшүнөбүз.

Кудайды билүү жашообузду өзгөртөт. Биз Кудайды канчалык терең билген сайын, башкаларды ошончолук сүйө баштайбыз. Сүйгөндү билбеген Кудайды тааныбайт. Машаяктын сөздөрү аркылуу Кудайды таануу бизди өзүмчүлдүктөн бошотот. Тобо кылуу тууралуу сүйлөшүү же мыйзамдын иштери бизди күнөөнүн кулчулугунан бошотпойт; Кудайды билүү, Уулдун кечиримин кабыл алуу жана Рухтун жашообузга келип кириши гана күнөөнүн кулчулугунан бошотот. Өзүмчүлдүктүн чынжырын бир гана Кудайдын сүйүүсү талкалай алат.

Жакан 8:33-36
Алар Ага: “Биз Ыбрайымдын урпактарыбыз, эч качан бирөөгө кул болгон эмеспиз, “эркин болосуңар” дегениң кандай?” – дешти. Ыйса аларга мындай деп жооп берди: “Чындыкты, силерге чындыкты айтып коөюн, күнөө кылган адам – күнөөнүн кулу. Бирок кул үйдө түбөлүккө калбайт, уул калат. Эгерде Уул силерди эркин кылса, анда чындап эркин болосуңар”.

Жүйүттөрдүн баштары маң болду; алардын ата бабалары Мисирде фараондун эзүүсүндө эки миң жыл болушкан, анан качан алар кулчулуктан бошотулганда, Кудай аларды кулчулуктан бошотту деп ишенишчү (Мисирден чыгуу 20:2). Ошондуктан Ыйсанын алардын кулчулуктан бошоно электиги тууралуу айткан сөзү аларды кыжырлантты.

Ыйса Өзүнө ишене баштагандарды текебердиктен арылта баштады. Алар күнөөнүн кулу, Шайтандын туткуну экендигин Ыйса көрсөттү. Эгерде биз кулчулугубуздун абалы оор экендигин түшүнсөк, анда биз куткарылууга чаңкай баштайбыз. Күнөөлөрүн жеңүүгө күчү жетпестигин түшүнгөн адам - Кудайдан куткарылууну сураган адам. Эмне үчүн көптөгөн адамдар Ыйсанын издебегендигинин себеби, алар Анын куткаруусуна муктаж эместей ойлошот.

Ыйса: “Ким күнөө кылса, ал күнөөнүн кулу”, - деп олутту түрдө баса белгилеген.

Көптөгөн өспүрүмдөр жашоолорун алдамчылык, жалкоолук жана майда-барат нерселер менен башташат. Алар күнөө менен ойношот жана кыялдарында ошол күнөөгө оонашат; акыры, алар бул күнөөнү кылууну чечип, жашоо жолун алдамчылык менен баштоону пландашат. Алар бир аз жаманчылык жасап көрүшөт, анан аны дагы кайталашат, анан бул бара-бара адатка айланат. Качан алар мунун ыплас, жаман экендигин сезе башташканда, абийирлери соттой баштаганда, убакыт кеч болуп калат; анткени алар күнөөнүн кулу болуп калышкан. Алар күнөө кылууга аргасыз болуп калышат. Ошондо алар арам ойлорун угуп, кыянаттык кылган күндөрүн каргашат. Адамдар жалган кудайчылдык менен жалган сылыктыктын артына түрү суук чындыкты жашырышса дагы, алар баары бир бузулган адам бойдон кала беришет. Ыйсасыз ар бир адам өз дене кумарынын кулу. Шайтан шамаал учурган кургак жалбырак сыяктуу алардын сезимдеринде ойнойт.

Ошондо Кудайдын Уулу өзүнүн падышалык сөзүн жар салып: “Ушул учурда Мен силер мененмин жана силердин кишендериңерди билем. Мен силерди бошотконго жана күнөөлөрүңөрдөн тазалаганга кудуретим жетет жана андан бошотууну ошону каалайм. Мен дүйнөлүк үстүртөн реформалар үчүн же силерди катаал мыйзамдар менен тарбиялоо үчүн келген эмесмин. Жок, Мен силерди күнөөнүн жана өлүмдүн күчүнөн, Шайтандын бийлигинен бошотуу үчүн келгем. Кудайдын күчү күнөөгө каршы тура алышы үчүн, Мен силерди жаңылантам, жандандырам. Шайтан силерди миңдеген жолдор менен азгырары шексиз. Силер чалынып жыгыласыңар, бирок кул катары эмес, жаңы укуктарыңарга ишенүү менен бекем карманган бала катары”.

“Силер күнөөнүн базарынан Менин каным аркылуу кун төлөнүп, түбөлүккө сатылып алынгансыңар. Кудай үчүн силер өзгөчөсүңөр. Ал эркин балдар болушуңар үчүн, силерге боштондукту сунуш кылат. Силерди күнөөдөн бошотуум менен Кудай менен болгон таттуу мамиленин рахатына бөлөп, Ага ыраазычылк келтирип, өз каалооңор менен кызмат кылууга үйрөтөм. Мен гана айыптын түрмөсүнөн бошотуп, Кудайдын Падышалыгына киргизем жана боштондукка чыгарам. Мен - үнүмдү уккан ар бир адамды бошотууга укугу бар Кудайдын Уулумун.”

Сыйынуу: Айланайын Теңир Ыйса, Сага табынып, Сени даңазалайбыз, анткени Сен айкаш жыгачта бизди Шайтандан мыкаачылыгынан толугу менен бошоткон баарынан кудуреттүү Куткаруучусуң. Сен биздин бардык күнөөлөрүбүздү кечирдиң. Бизди жек күрүүнүн жана азап-кайгынын кулчулугунда калуу үчүн эмес, бирок эркин уул катары Кудайга кубаныч менен кызмат кылуубуз үчүн куткарып алгансың.

СУРООЛОР:

  1. Канткенде биз чындап боштондукка чыга алабыз?

3 – ТЕСТ

Урматтуу окурман, төмөндөгү он тогуз суроонун ичинен он жети суроосуна туура жооп жазып бизге жибериңиз.

  1. Беш миң адамды тойгузуунун сыры эмнеде болгон?
  2. Эмне себептен Ыйса элдин падыша кылып көтөрүүсүнөн баш тартты?
  3. Ыйса кантип элдин нанга болгон каалоолорун Өзүнө ишенүүсүнө бурду?
  4. “Өмүрдүн наны” деген эмне?
  5. Ыйса угуучуларынын күңкүлдөөсүнө канай жооп берди?
  6. Эмне үчүн Ыйса угуучуларына Өзүнүн денесин жеп, канын ичүүлөрү керек экендигин айтты?
  7. Кандайча өмүр берүүчү Рух Машаяктын денеси менен бириккен?
  8. Петирдин күбөлөндүрүсүнүн жыйынтыгы эмне болгон?
  9. Эмне үчүн дүйнө Ыйсаны жек көрөт?
  10. Жакшы Кабар Кудайдан келгендигин кантип далилдесе болот?
  11. Эмне үчүн жалгыз гана Ыйса Кудайды чындап билет?
  12. Ыйса Өзүнүн келечеги жөнүндө эмнени алдын ала айтты?
  13. Кандайча Ыйса “Ким суусаса, Мага келсин жана ичсин” деп айтканга укугу бар?
  14. Эмне үчүн фарисейлер менен ыйык кызмат кылуучулар жөнөкөй элди жек көрүштү?
  15. Эмне үчүн ойноштук кылган аялды айыптоочулар Ыйса турган жерден кетишти?
  16. Ыйсанын, Өзү дүйнөнүн жарыгы экендиги тууралуу күбөлөндүрүүсү кандайча асмандагы Атаны билүүгө байланышту?
  17. Өзүн “Бул Мен” деп атаганга ишенүүнүн мааниси эмне?
  18. Ыйса дайыма Ыйык Рухта экендигин кантип жарыялады?
  19. Канткенде биз чындап боштондукка чыга алабыз?

Жооптордун аягына өз атыңызды жана дарегиңизди жазууну унутпаңыз жана төмөндөгү дарек боюнча бизге салып жибериңиз.

Waters of Life
P.O.Box 600 513
70305 Stuttgart
Germany

Internet: www.waters-of-life.net
Internet: www.waters-of-life.org
e-mail: info@waters-of-life.net

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:18 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)