Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 038 (Four witnesses to Christ's deity)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur? -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Previous Lesson -- Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

II БӨЛҮК - ЖАРЫК КАРАҢГЫДА ЖАРКЫРАП ТУРАТ (Жакан 5:1 - 11:54)
A - ЫЙСАНЫН ИЕРУСАЛИМГЕ ЭКИНЧИ ЖОЛУ КЕЛИШИ (Жакан 5:1-47) -- ТЕМА: ЫЙСА МЕНЕН ЖҮЙҮТТӨРДҮН ОРТОСУНДА КЕЛИШПЕСТИКТИН ПАЙДА БОЛУШУ

4. Ыйсанын Кудай экендигине төрт күбөлөндүрүү (Жакан 5:31-40)


Жакан 5:31-40
Эгерде Мен Өзүм жөнүндө Өзүм күбөлөндүрүп жатсам, анда Менин күбөлөндүрүүм чындык эмес. Мен жөнүндө күбөлөндүргөн башка бирөө бар. Мен Анын күбөлөндүрүүсүнүн чындык экенин билем. Жаканга киши жибердиңер эле, ал чындык жөнүндө күбөлөндүрдү. Дегинкиси, Мен адамдын күбөлөндүрүүсүн кабыл албайм, бирок муну силердин куткарылып калышыңар үчүн айтып жатам. Жакан жарык чачып, жанып турган чырак эле, силер болсо анын жарыгы менен бир аз убакыт кубангыңар келди. Бирок Менде Жакандын күбөлөндүрүүсүнөн чоң күбөлөндүрүү бар. Себеби Атамдын Мага тапшырган иштери – Менин кылып жаткан бул иштерим Мени Атам жибергендигин күбөлөндүрөт. Мени жиберген Атам Өзү да Мен жөнүндө күбөлөндүрдү. Силер эч качан Анын үнүн уккан эмессиңер, жүзүн да көргөн эмессиңер. Анын сөзү силердин жүрөгүңөрдөн орун алган эмес. Анткени Ал жиберген Мага ишенбей жатасыңар. Силер Ыйык Жазууну изилдеп жатасыңар, анткени ал аркылуу түбөлүк өмүргө ээ болобуз деп ойлойсуңар. Ыйык Жазуу болсо Мен жөнүндө күбөлөндүрөт. Бирок силер өмүргө ээ болуу үчүн Мага келүүнү каалабайсыңар.

Ыйса душмандарына убадаланган Мессиянын иштерин көрсөтө алган бийлиги бар экендигин жарыялады. Бул айылдык адам келип алып, алардын уюмдарынын эрежелерин кооптондуруп жатканы жаккан жок. Жүйүттөр Ыйсадан Өзүнүн ким экендигин көрсөтүүчү күбөлөндүрүүнү талап кылышты. Алардын талабына Ыйса далил берүү менен жооп берди. Биз баарыбыз өзүбүздү жакшы адаммын деп элестетебиз. Ыйса Өзүнө эч кандай жалганы жок, анык баа берген. Негизинен мыйзам адамдын өзү тууралуу күбөлөндүрүүсүн жокко чыгарган күндө дагы, Ыйсанын Өзү тууралуу күбөлөндүрүүсү чын болчу. Бул жерде Машаяк: «Эгерде Мен Өзүм жөнүндө Өзүм күбөлөндүрүп жатсам, анда Менин күбөлөндүрүүм чындык эмес», - деп мойнуна алып жатат. Ал Өзүн коргогонго муктаж эмес эле, себеби Ал үчүн башка Бирөө, Асмандагы Атасы, Аны төрт катар белги менен же төрт далил менен камсыз кылган болчу.

Кудай Машаякты жарыялоо үчүн чөмүлдүрүүчү Жаканды жиберген. Бул мурда келген чөмүлдүрүүчү Машаяктын Башкы Ыйык Кызмат Кылуучу жана Сот катары кызматы тууралуу күбөлөндүрөт. Ошентсе дагы, Жогорку Кеңешме анын Ыйса тууралуу күбөлөндүрүүсүн кабыл албай коөт (Жакан 1:19-28). Чөмүлдүрүүчү Жакандын күбөлөндүрүүсү, анын шыктандыруусу Ыйса үчүн каалоо берүүчү фактор болгон эмес, себеби Ыйса түбөлүктүү болгон. Элдин кабыл албаганынан улам, Ыйса чөмүлдүрүүчү Жакандын Өзү жөнүндө күбөлөндүрүүсүн пайдаланды. Чөмүлдүрүүчү Жакандын Ыйсаны Кудайдын Козусу жана Рух берүүчү катары түшүндүрүүсүндө эч кандай апыртма жок болчу.

Чөмүлдүрүүчү Жакан караңгыда жанып турган чырак болчу. Ал чырагынын жарыгын арттыруу үчүн тегерегине ээрчиген адамдарды чогулткан. Бирок качан Машаяктын Инсандыгынын күнү чыкканда, бул чырактын маанилүүлүгү азайган. Ыйса гана бул Дүйнөнүн Жарыгы, Ыйсадагы жарыктын булагы түбөлүктүү. Күн жерге жашоо жана өсүү берген сыяктуу эле, Ыйса дагы рухий өмүр жана сүйүү берет. Анын ооруларды айыктырып, жиндерди кубалашы караңгынын үстүндөгү жеңишин көрөстүп жатат. Бороон-чапкынды токтотуп, өлгөндөрдү тирилткени Анын кудайдык касиетин далилдеди. Анын иштери дайыма Атасы менен гармонияда болот. Ал кызматын айкаш жыгачта аягына чыгарып, тирилгенден кийин, Ал сыйынгандарга Ыйык Рухту төгүп бери. Машаяк экинчи жолу келгенде, өлгөндөр тирилип, дүйнө соттолот, мына ошондо Кудайдын иши толугу менен ишке ашат. Кылып жаткан иштеринде Атасы менен Уулунун ортосунда эч айырмачылык жок: ушул убакка чейин Атасы кылып келе жаткан иштерди Уулу да кылып келе жатат.

Өз кулагыбыз менен угуш үчүн, Кудай Өз үнү менен: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын» (Матай 3:17), - деген улуу далилин көрсөттү. Ар дайым Кудайды ыраазы кылып жашаган Машаякты эч ким мындай күчтүү күбөлөндүрө алган эмес. Сүйүктүү Уул чыныгы сүйүүгө жана тазалыкка толо эле.

Ыйса жүйүттөргө Кудайды таанышпагандыгы тууралуу айтты. Алар Мыйзамдагы жана Пайгамбарлардагы Кудайдын үнүн уга алышкан жок. Алар аяндарда дагы, түштөрүндө дагы Кудайдын жүзүн көрө алышкан жок. Күнөөлөрү аларды ыйык Кудайдан бөлүп тургандыктан, мурда берилген пайгамбарчылыктар жетишсиз болчу. Кудайдын чапанынын этеги ийбадаткананы толтуруп турганын көргөн Ышайа пайгамбар: «Кайгы мага! Өлдүм! Анткени мен оозу таза эмес адаммын», - деп кыйкырган. Алардын рухий дүлөй жана түшүнгүс болуп калгандарынын себеби, Кудайдын Сөзү менен Машаякты кабыл алышкан эмес. Машаякты кабыл албай туруп, Кудайдын Сөзүн түшүнөм деген адам чыныгы аян ала элек экендигин же толук түшүнө элек экендигин далилдеген болот.

Байыркы Келишимдин адамдары Ыйык Жазууну түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн изилдешчү. Бирок тескерисинче алар Мыйзамдын өлүк катын табышкан. Байыркы Келишимде убадаланган Машаяк тууралуу пайгамбарчылыктар сандап жазылса дагы, алар көрүнүп турган Машаякты көрүшкөн эмес. Алар өз идеяларын, түшүндүрмөлөрүн жана принциптерин артык көрүшкөндүктөн, Машаяк алардын арасындагы Кудайдын акыркы Сөзү экендигин түшүнүшкөн эмес.

Ыйса алардын кабыл албастыгына Кудайдын чыныгы Ким экендигин билүүнү каалабагандыктарынын себебеп кылып көрсөттү. Алар Машаякты жек көрүшкөндүктөн, түбөлүк өмүргө ээ болбой, ишенимдин жана ырайыдын булагынан ажырашты.

Сыйынуу: Теңир Ыйса, Сен душмандарыңды сүйүп, алардын ишенбестиги үчүн кайгырдың. Сен аларга Өзүңдүн кудайлык касиетиң тууралуу төрт күбөлөндүрүүнү көрсөттүң. Сени көрүү үчүн, Сенин кудайлык касиетиңди түшүнүп, кылган иштериңе ишенүү менен түбөлүк өмүргө ээ болушубуз үчүн, Жакшы Кабарды жана Ыйык Жазууну изилдегенге бизге жардам бер. Бүгүнкү күндө Сенин үнүңдү укпай жаткан миллиондогон адамдардын кулактарын ача көр.

СУРООЛОР:

  1. Төрт күбөлөндүрүүчүлөр кимдер жана алар эмнени күбөлөндүрүшөт?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 12:02 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)