Home
Links
Bible Versions
Contact
About us
Impressum
Site Map


WoL AUDIO
WoL CHILDREN


Bible Treasures
Doctrines of Bible
Key Bible Verses


Afrikaans
አማርኛ
عربي
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
Basa Jawa
Basa Sunda
Baoulé
বাংলা
Български
Cebuano
Dagbani
Dan
Dioula
Deutsch
Ελληνικά
English
Ewe
Español
فارسی
Français
Gjuha shqipe
հայերեն
한국어
Hausa/هَوُسَا
עברית
हिन्दी
Igbo
ქართული
Kirundi
Kiswahili
Кыргызча
Lingála
മലയാളം
Mëranaw
မြန်မာဘာသာ
नेपाली
日本語
O‘zbek
Peul
Polski
Português
Русский
Srpski/Српски
Soomaaliga
தமிழ்
తెలుగు
ไทย
Tiếng Việt
Türkçe
Twi
Українська
اردو
Uyghur/ئۇيغۇرچه
Wolof
ייִדיש
Yorùbá
中文


ગુજરાતી
Latina
Magyar
Norsk

Home -- Kyrgyz -- John - 001 (Introduction)
This page in: -- Albanian -- Arabic -- Armenian -- Bengali -- Burmese -- Cebuano -- Chinese -- Dioula -- English -- Farsi? -- French -- Georgian -- Greek -- Hausa -- Hindi -- Igbo -- Indonesian -- Javanese -- Kiswahili -- KYRGYZ -- Malayalam -- Peul -- Portuguese -- Russian -- Serbian -- Somali -- Spanish -- Tamil -- Telugu -- Thai -- Turkish -- Twi -- Urdu -- Uyghur -- Uzbek -- Vietnamese -- Yiddish -- Yoruba

Next Lesson

ЖАКАН - Жарык караңгыда жаркырап турат
Жакан жазган Жакшы Кабар

КИРИШ СӨЗ


Ыйса шакирттерин күбөлөндүрүүчүлөр болуу үчүн чакырды. Ал Өзүнүн жашоосу тууралуу Өзү жазган эмес жана Жыйындарга каттарды Өзү жиберген эмес. Бирок Анын Инсандыгы шакирттерине терең таасир тийгизип, шакирттери Ыйык Рухтун жетеги менен өздөрүнүн Теңири Ыйса Машаякты даңазалашкан. Алар Ыйсанын сүйүүсүнөн, момундугунан, өлүмүнөн жана тирилүүсүнөн ырайымга жана чындыкка толгон Атанын даңкын көрүшкөн. Жакшы кабарчылар: Матай, Марк жана Лука Ыйсанын сөздөрүн, иштерин жана Кудайдын Падышалыгы тууралуу жазышса, Жакан болсо Ыйсанын Инсандыгын жана Анын сүйүүсүн чагылдырган. Ошондуктан Жакандын Жакшы Кабары бүтүндөй Ыйык Китептин таажысы болуп, негизги Жакшы Кабар деп аталып калган.

Бул Жакшы Кабардын автору ким?

Экинчи кылымдагы жыйындын ак сакалдары бул кайталангыс китепти Ыйсанын шакирти болгон Жакан жазган дешкен. Жакшы кабарчы Жакан көп шакирттердин ысымдарын жазган, бирок ал эч убакта бир тууганы Жакыптын жана өзүнүн ысымын жазган эмес, себеби Ал Теңиринин ысымынын жанына өзүнүн ысымы жазылгыдай өзүн татыксыз сезген. Теңирдин Кечки Тамагы болуп жатканда, Теңирдин төшүнө башын жөлөгөн Теңирдин шакирти Жакан ушул Жакшы Кабарды Троян императордун (Биздин замандын 98-117-жж) маалында, Эфесте жүргөндө жазган.

Кээ бир сынчылар бул Жакшы Кабарды жазган Жакан бул Ыйсаны ээрчип жүргөн Жакан эмес, бирок Эфестеги жыйындын жетекчиси, Элчи Жакандын Жакан деп аталган шакирти бир нече убакыт өткөндөн кийин жазган дешет. Булар кыялкеч сынчылар жана алар жалгандыгы жок Ыйык Рухтун чындыгын билишпейт. Элчи Жакан өзүнүн Жакшы Кабарын биринчи жакта жазган. Ал: “Биз Анын даңкын көрдүк”, - деп биринчи жакта айтып жатат. Демек бул Жакшы Кабарды жазуучу Ыйсанын жашоосун, өлүмүн жана тирилүүсүн өз көзү менен көргөн адам болгон. Бул Жакандын Жакшы Кабарынын аягында анын достору кошумчалап: “Ушулардын баарын ошол шакирт жазып алып, күбөлөндүрүп жатат. Биз анын күбөлөндүрүүсү чындык экенин билебиз” (Жакан 21:24). Алар Жакандын башка элчилерден айырмаланып турган мүнөзүн, Ыйса аны өзгөчө жакшы көргөндүгүн жана Нан сындыруу маалында Ыйсанын көкүрөгүнө башып жөлөгөн ушул Жакан экендигин баса белгилешкен. Чыккынчы тууралуу: “Теңир, ал ким?” – деп сураганга батынган бул Жакандын өзү болчу.

Качан Ыйса Жаканды чакырганда, Жакан ал кезде жаш жигит болчу. Ал он эки шакирттин эң кичүүсү болчу. Ал балыкчы болгон. Жакандын атасы - Зебедей, энеси - Саломи болгон. Ал үй-бүлөсү менен Тиберия көлүнүн боюндагы Бетездада жашаган. Жакан Петир, Андрей жана өз бир тууганы Жакыпка кошулуп, Филип жана Натанаел менен бирге Иордан өрөөнүндө тобо кылууга чакырып жаткан Жакан чөмүлдүрүүчүгө барышкан. Көп элдер Чөмүлдүрүүчүгө шашышкан жана алардын арасында Зебедейдин уулу Жакан дагы күнөөсү үчүн кечирим сурап, Иордан дарыясынан Жакандын колунан чөмүлүү алган эле. Жакан балким башкы ыйык кызмат кылуучу Аннанын үй-бүлөсүнө тууган болушу мүмкүн, себеби Жакан аларды билчү жана ал ак сарайга киргенге укугу бар болгон. Ошентип ал башкы ыйык кызмат кылуучунун үй-бүлөсүнө жакын адам болгон. Ошондуктан ал башка жакшы кабарчылар эскербей кеткен нерсени, башкача айтканда, чөмүлдүрүүчү Жакан Ыйсаны дүйнөнүн күнөөлөрүн мойнуна алуучу Кудайдын Козусу деп атаганын жазып калтырган. Мына ушундай жол менен Жакан башкаларга караганда, Ыйык Рухтун жетеги менен Теңир Ыйсанын сүйүүсүн көбүрөөк түшүнө алган.

Жакан менен башка жакшы кабарчылардын ортосундагы мамиле

Жакан өзү маалыматтардын маанилүү булагы болгон жана ошондой эле ал маалыматтарды жогоруда айтылгандай булактардан да алган. Жакан жыйынга белгилүү болгон маалыматтарды кайталап жазгысы келген эмес. Ал башкалар жазбай кеткен нерселерди жазган. Эгерде биринчи үч жакшы кабар Ыйсанын Галилея аймагындагы кылгын иштерин жана кызмат кылып жаткан маалда Ыйсанын Иерусалимге бир гана жолу келип, ал жактан курман болгондугу тууралуу айтса, төртүнчү жакшы кабар бизге Галилея аймагындагы кылган кызматына чейин, кызматынын учурунда жана кызматынан кийин Ыйсанын Иерусалимдеги кылган иштерин көрсөтөт. Жакан Ыйсанын Өз өлкөсүнүн борбор шаары болгон Иерусалимге үч жолу келгендигин, Ал келген сайын Өз элинин башчылары Аны кабыл алышпагандагын күбөлөндүрөт. Ыйсага болгон каршылык барган сайын күч алып, акыры Аны айкаш жыгачка кадашты. Ошентип Жакандын жакшы кабарынан маанилүүлүгү Эски Осуяттагы каада-салттарды бекем тутушкан иерусалимдик жүйүттөрдүн арасында Ыйсанын кылган кызматын көрсөтүүдөн улам болуп жатат.

Төртүнчү жакшы кабарчы Ыйса кылгын кереметтердин алтоосуна гана көңүл бурбаса, негизинен ал кереметтерге анча терең маани берген эмес. Жакан муну менен эмнени айткысы кеелген? Жакан Ыйсанын айткан “Бул Мен” деген сөзүн жар салуу менен, Ыйсанын Инсандыгын ачып көрсөткөн. Биринчи үч жакшы кабарчы Ыйсанын иштерине жана жашоосуна көп көңүл бурушса, Жакан көз алдыбыздагы даңкка толгон Ыйсанын Инсандыгын көбүрөөк чагылдырган. Жакан башкалар таба албаган сөздөрдү жана Ыйсанын Өзү жөнүндө айткандарын кайдан алып жазган? Элүүнчү күндөн кийин Ыйык Рух буларды Жакандын эсине салган. Кийин Жакан Ыйсанын кайра тирилип, Ыйык Рух түшкөнгө чейин, Ыйсанын мурда айткан кээ бир сөздөрүн шакирттери түшүнбөй келгендери үчүн тобо кылган. Ушул жол аркылуу ал Ыйсанын мурда Өзү жөнүндө айткан сөздөрүнүн маанисин жана “Бул Мен” деген сөзүнүн маңызын түшүнө баштаган. Мына ушул маанилер бул жакшы кабардын кайталангыс экендигин кабарлап турат.

Жакан ошондой эле Ыйсанын карама-каршылыктарды: мисалы, жарык жана караңгы, рух жана дене, чындык жана жалган, өмүр жана өлүм ж.о.э. жогорудан жана төмөндөн деген салыштырма сөздөрдү дагы эске алып жазган. Мындай салыштырмаларды башка жакшы кабарлардын табуу кыйын. Бир нече жыл өткөндөн кийин, Теңирдин бул айткан сөздөрүн Греция жергесинин таасиринен улам Ыйык Рух ачып берген. Ыйса еврей тилинде гана сүйлөбөстөн, качан Ал элге сүйлөп жатканда, грек тилиндеги сөз айкаштарын дагы колдонгондугун Рух Жакандын эсине салган.

Жакан жазган Жакшы Кабарды максаты

Жакан Ыйсаны адабий философиялык же рухий элестетүү жолу менен сүрөттөгүсү келген эмес. Ал Ыйсанын денеде келишине, айкаш жыгачта керилип тургандагы Анын алсыздыгына көп маани берген. Ошондой эле Жакан Ыйсаны бүт дүйнөнүн күнөөсүн мойнуна алган Кудайдын Козусу болгондуктан, Ал жүйүт элинин гана эмес, бирок бүтүндөй адамзаттын Куткаруучусу экендигин ачык түшүндүргөн. Ал Кудай бизди канчалык сүйөрүн айтып жатат.

Ушул жогоруда айтылган чындыктар бул жакшы кабардын өзөгүн, б.а. Ыйса Машаяк - Кудайдын Уулу деген чындыкка карай жол салат. Ыйсанын түбөлүктүүлүгү Анын убактылуулугунда, Анын кудайлык касиети Анын адамдык табиятында жана Анын бийлиги Анын алсыздыгында көрсөтүлгөн. Ошентип Кудай адамзатка Ыйсада келди.

Жакандын түшүндүрмөсүнүн максаты - бул Ыйсаны философиялык же мистикалык жол менен эмес, Теңирди кастарлоо ишениминин негизинде Ыйык Рух аркылуу таануу болуп саналат. Ошол себептен Жакан жакшы кабарын: «Ал эми мурун баары силер Ыйсанын Машаяк, Кудай Уулу экенине ишенип, ишенгениңерден улам чыныгы өмүргө ээ болсун деген максат менен жазылды», (Жакан 20:3) – деген улуу сөздөр менен аяктаган. Ыйсанын кудайлык табиятына болгон тирүү ишенимге ээ болуу Жакан жазган жакшы кабардын максаты. Ушул ишеним бизде Кудайдыкындай мүнөздү, ыйыктыкты жана түбөлүк жашоону алып келет.

Жакан жазган жакшы кабар кимдер үчүн жазылган?

Ыйса жөнүндөгү чындыкты жар салууларга толгон бул китеп жакшы кабар таратуу үчүн ишендегендерге эмес, жыйын куруу үчүн жана жыйын Рухта жеткилең болуусу үчүн жазылган. Буга чейин Пабыл Анатолияда бир канча жыйындарды курган болчу. Качан Пабыл Римде түрмөгө камалганда, ошол калып калган жыйындарга барып, аларды жандандырып турган. Кийин Петир менен Пабылдын көзү өткөндөн кийин, Римдеги Неро падышанын тушундагы куугунтук маалында Жакан ошол мезгилдеги машаякчылардын борбору болгон Эфес шаарында жашап, Пабыл менен Петирдин ордуна келген. Ал бүтүндөй Кичи Азиядагы чачыранды жыйындардын койчусу болгон. Жакандын жазган каттарын жана Аян китебинин экинчи жана үчүнчү бөлүмдөрүн окуган ар бир адам бизге Ыйса Машаякта көрсөтүлгөн Кудайдын сүйүүсүн түшүндүргөн бул апостолдун тынчсыздануусун жана адилдигин көрөт. Жакан кой терисин жабынган карышкыр сыяктуу жыйынга кирип алып, жыйынды курулай ойлор, бекем эрежелер жана чындыкты пайдасыз ойлор менен аралаштырган таза эмес эркиндикке үндөп, жыйынды бузган философиячыл ишенгендерге каршы күрөшкөн.

Чөмүлдүрүүчү Жакандын шакирттери да Анатолияда жашашкан. Алар Ыйса Куткаруучуга караганда тобо кылууга чакырык үн салып жаткан бирөөнү б.а. Чөмүлдүрүүчү Жаканды көбүрөөк урматташкан. Алар убадаланган Машаяк али келе элек деп күтүп жатышкан. Жакан Ыйсанын Инсандыгын түшүндүрүү менен, Машаяктын табиятына каршы чыккан бардык түшүнүктөрдү жокко чыгарып: «Биз Атанын даңкын, Атанын жалгыз Уулунун даңкын көрдүк. Ал ырайымдуулук менен акыйкатка толо эле».

Жакан жүйүттөрдүн жашоосун сүрөттөп бергенине караганда, жакшы кабарды угуучулардын көбү бутпарастар сыяктуу көрүнөт. Эгерде угуучулар жүйүттөр болсо, аларга мындай түшүндүрмөнүн кереги жок болчу. Андан тышкары Жакан жакшы кабар таратып жатканда, берки жакшы кабарчылар сыяктуу ошол убактагы арамей тилинде жазылган Ыйсанын сөздөрүнүн грек тилине которулушуна муктаж болгон эмес. Анын ордуна ал жыйынга таанымал болгон грек тилиндеги сөз айкаштарын колдонуу менен, жыйынды жакшы кабардын рухуна толтуруп, Ыйык Рухтун жетеги менен Ыйсанын сөздөрүн таза грек тилинде эркин күбөлөндүргөн. Ошондуктан башка бардык көркөм эмгектерге салыштырганда, Жакандын жакшы кабары жөнөкөй, терең жана чечендик менен сүйлөйт. Ошентип Ыйык Рух бул жакшы кабардын түпкү маанисин жаш окурман окуганда дагы түшүнө алгандай кылып, андагы чындыктын кенчин жөнөкөй жол менен ачып берет.

Бул кайталангыс Жакшы Кабар качан жазылган?

Биз Чыгыш Азиядагы археологдор үчүн Теңир Ыйсага ыраазычылык айтабыз. Себеби бул археологдор бир канча жыл мурда Египеттен биздин замандын жүзүнчү жылдарына туура келген папирус түрмөктөрүн табышкан. Бул түрмөктөрдө Жакандын Жакшы Кабарынын кээ бир сөз айкаштары даана жазылган. Ушул табылга негизинде көптөгөн ой-пикирлер жыйынтыкталып, көптөгөн сындоолор жокко чыгарылды. Ушул табылганын негизинде Жакандын жакшы кабары биздин замандын жүзүнчү жылдарында эле Кичи Азияга гана эмес, ал түндүк Африкага дагы белгилүү болгону тастыкталып жатат. Бул ошондой эле Римге дагы таанымал болгондугуна эч күмөн жок. Бул чындык ушул жакшы кабарды Ыйык Рухтун жетеги менен Жакан жазган деген ишенимди бекемдеп жатат.

Жакшы Кабардын мазмуну

Рухтун жетеги менен жазылган Ыйык Жазууну системалаштыруу оңой эмес. Айрыкча Жакандын жазган жакшы кабарын бөлүмдөргө бөлүү өтө татаал. Ошентсе дагы биз төмөнкү бөлүктөрдү сунуш кылгыбыз келет.

Ыйык Жарыктын жаркырашы (1:1-4:54)
Жарык караңгыда жаркырады, караңгы болсо жарыкты жеңе алган жок (5:1-11:54)
Жарык шакирттердин айланасында жаркырады (11:55-17:26)
Жарык караңгыны жеңди (18:1-21:25)

Жакшы кабарчы Жакан өз ойун рухий чынжыр сыяктуу байланыштырган. Ошол ар бир рухий чынжырды бир же эки негизги түшүнүккө же сөзгө негиздеген. Чынжырлар бири-биринен үзүлбөсө дагы, кээде алардын маанилери кайчылаш келет.

Жакандын еврей тилиндеги ой жүгүртүүсү, андагы терең рухий көрүүсү уникалдуу жана бекем биримдикте болуп, грек тилинин жандуулугу менен терең гармонияны түзгөн. Ыйык Рух бүгүнкү күнгө чейин бизге ушул Жакшы Кабардын сөздөрүнүн маанисин ачып келет. Бул биз үчүн билимдин жана акылдын түгөнгүс булагы болуп калды. Бул китепти терең изилдеген адам Кудайдын Уулунун алдында чөгөлөп, ыраазы болуу менен жашоосун Ага арнап, Аны даңктайт жана түбөлүк эркин болот.

СУРООЛОР:

  1. Төртүнчү Жакшы Кабардын автору ким?
  2. Төртүнчү Жакшы Кабар менен биринчи үч Жакшы Кабардын авторлорунун ортосунда кандай байланыштар бар?
  3. Жакандын Жакшы Кабарынын максаты эмне?
  4. Бул кайталангыс Жакшы Кабар кимдер үчүн жазылган?
  5. Бул жакшы кабарды ич-ара канадай бөлүштүрсө болот?

www.Waters-of-Life.net

Page last modified on April 04, 2012, at 11:39 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)